Асланбек Малиевдин соодасы бүткөнбү?

Улуу муун: «эл дарбыса эшек кошо дарбыйт» деген турмуштун чындыгына жуурулган накыл кепти калтырган экен, бүгүн анын тууралыгына күбө болуп турабыз. Президенттик тактыга татыксыз экенин билип турса да ички амбициясын тизгиндей албай, «атың чыкпаса жер өрттөгүн» деген таризде аламанга аралашып жатышат. Мындан сырткары мени эл унутуп калбасын же соодалашуу жүрсө устукан артабы деген үмүт менен таштын жаракасынан чыккандар бар. Алардын бири Асланбек Малиев десек жаңылышпайбыз, шайлоонун бирин да текке кетирбей катышып келүүдө. Партиясы да, өзү да жеңбеди, кашайып, башкалар да соодалашпады. Көрсө, Жылдыз Жолдошевадан башка эч ким бул кишини колдобойт экен. Демек, ушунчасында акылына келип, тыйылып калбайбы, акчаны асманга сапырбай.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *