Асыкбек Оморов, тарых жазуучусу, «Санжыра» борборунун жетекчиси: “Камчыбек Жолдошбаевдей адамдар депутат болгону үчүн жалпы элибиз уялат”

Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйын заседаниесинде Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев «Беш-Сары» соода комплексинин ээси атайы туруп, сөз сурап: «Урматтуу төрага! Мен уялам, биздин ушу депутат кыздарыбыз жана балдарыбыз маршруткадан түшүп, жөө ак үйгө иштерине келет…» деп өзүнүн түшүнүк, билим деңгээлине жараша эл арасына балп этип айтты го, тескерисинче жалпы кыргыз эли жана Кыргызстандыктар ошол Камчыбектин айткан сөзүнө уялат, Камчыбектин депутат болгонуна уялат. Себеби, бул адамды энеси туубай эле асмандан эл арасына акчасы, машинасы менен кошо пайда боло калгансып, кекээр сөздү эл арасына балп этип айтып салды. Бул айткан сөзү менен ал өзүнүн болгон билими, деңгээли, кругозору канчалык экенин эл арасына далилдеди, «Азамат Камчыбек, бали, сөз эмес бекен» деген адамдар азыр четтен чыгат.

Чындыгында депутаттар «элге жагымдуу мыйзам чыгарып жатат» деп эл алардан ушунчалык жакшы жазылган практикалык жагымдуу элдин жашоолорун бардык жагынан камтыган мыйзамдарды күтөт жана келечек жашоого үмүттөрү зор, ал эми биздин депутаттар болсо өздөрүнүн деңгээлдерин «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей жана ак үйдө мыйзам чыгаруучу депутаттардын деңгээли кандай экендиктерин ушул бир эле депутат Камчыбек Жолдошбаев аркылуу далилдеп коюшту. Мен бардык депутаттарды айтуудан алысмын, бирок, Камчыбекке окшогон депутаттардын арасында да жок эмес. Байлыктарына чиренишип, партияларга өтүп, партия тизмеси менен депутат болушуп отургандар толтура. Жалпы эл арасында «Таза коом, таза коом жүргүзөбүз» — ​деп саясат жүргүзүп жатсак, «БШК ушундай адамдарды кантип депутат кылып иштетип жатат, мындай акылсыз депутаттардын мандатын алып, депутаттын катарынан биротоло тазалаш керек» — ​деген кеп эл арасында, ар кандай коомдордо катуу талкуулар жүрүп жатат.

Камчыбекке окшоп бардык эле элдер акчалуу эмес, ага окшоп Джип иномарка машиналары да жок, кээ бир адамдар эптеп өз жашоолорун өткөрүп 11-маршрутка түшүп алып, кара курсактын айынан ар кайсы жерлерде иштеп, акча таап, эптеп «балдарымды кантип баксам» деген кыйчалыш, кыйналыш ойлор менен өз жашоолорун уланткандар абдан көп. Ал эми ушул эле багытта канчалаган биздин жарандар жашоонун айынан чет мамлекеттерде бир миллионго жакын адамдарыбыз өз мекенин, карыган ата-энелерин же мектеп жашынан баштап ымыркай балдарга чейин «кудайга аманат, кудай сактасын» деген ой менен алардын тагдырын тобокелге салып, чет мамлекеттерде канчалаган алдуу, күчтүү балдарыбыз жана кыздарыбыз тентип жүрүшөт.

Рустам Маманов түзгөн «Санжыра» борборун мен жетектеп 2013-жылдан бери канчалаган чет мамлекеттерди кыдырып, ошол эле чет мамлекеттердин ичинде өзүнчө автономиялуу республика, облус, райондорду кыдырып тарыхыбызды чогулткандан башка ал жакта жашаган биздин мекендештерге да жолугуп, алардын тагдыры менен толук таанышып, билип, баамдап, алардын жашоолорун өз көзүм менен көрүп, биздин жашоо менен салыштырып жүрөм.

Бекеринен кыргыздарда «Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңдин култаны» бол» деген макалыбыз айтылбаган, анын сыңарындай кээ бир адамдарыбыздын жашоолорун көрсөң, адам чыдагыс жайларда жашап, ошол жашоолоруна да нааразы болбой, кайгырбай эле өз жашоолорун улантып, Ата Мекенге, эли жерине, үй-бүлөгө өз салымдарын кошуп, «куса» ооруларын баштарынан өткөрүшүп, бардык кыйынчылыктарга чыдап жашап келе жатышат. Бардык жерлерде биздин мекендештер ар кандай соода түйүндөрүндө, токой чарбаларында, кичи завод, фабрикаларда жана элди медициналык же социалдык жактан тейлөө тармактарында иштеп абдан кыйналган жашоолорун өз көзүм менен көрүп зээним кейиген күндөр болду. Красноярск шаарында жүргөндө бир врач (жашы элүүлөргө чыгып калыптыр) бул жактагы жакын туугандары же достору окуп калса алардын да зээни кейибесин кейибесин атын фамилиясын жазбай эле коёюн, ошол врач бала мен кетээрде атайы жаш баладай шолоктоп ыйлап: «Кыргызстанга кетейин дейм, байке бирок кете албай, үй-бүлө балдарымды көрө албай ушул жерде беш жылдан бери жашап жүрөм» — ​деген сөздөрүн жеке эле мен эмес мени менен кошо барган телевидениенин балдары кошо угуп, көрүштү, баарыбыздын зээнибиз кейиди. Ушундай жашоолордун бирин ушул кесир сүйлөгөн Камчыбек четин көрсө, мындай сөздөрдү айтмак турсун, кайра өзү уялмак.

Негизи Камчыбек өзү аябай кесир сүйлөп, адамды жашына карабай басмырлап, кекээрленип, өз жашоосун башкалардан жогору койгон адам. Бул адамдын «Беш-Сары» соода комплекси жана автотоктотуучу жайын мен 2002-жылы куруп бергем. Элди бекер иштетип, алдаганга абдан мастер адам. Ким бошонуп кете турган болсо ал адамдын акыркы айлык маянасын эптеп бир шылтоолорду айтып такыр бердиртпейт. Камчыбектин ага-инилери бар баары тең эле адамгерчиликтүү, ыймандуу адамдар, айрыкча агасы Кубатбек Жолдошбаев жакшы адам. «Жалгыз гана бул кимди тартып калган» деп ойлошот бир көргөндөр, андай деле эмес жөн гана байлык муну тескери «кер ооз» кылып таштаган, азыр байлыгын көтөрө албай турган кези, бир күнү ошол байлыктын астында калат, ошондо такыр тургус болот.

Дүйнө жүзүнүн наркы бетинде да, берки бетинде да же капиталисттик мамлекеттерде да, социалисттик мамлекеттерде да, же болбосо адам баласы жашаган ар түрдүү коомдордо да эки адам бири-бири менен такыр дос болушкан эмес, алардын бирөө бай адам, экинчиси жарды жашаган бирок, бардык жактан билимдүү адам. Себеп дегенде бай адам акчасына таянып билимдүү адамды бир жолу уят кылып коюшу мүмкүн, ал эми билимдүү адам бай адамды билимине таянып түбөлүккө эл арасына дайыма айтылып жүргөндөй кылып сөз менен миң жолу биротоло бир канча кылымдарга эл арасына айтылып жүргөндөй кылып уят кылып коёт.

Бул Камчынын сөзү тескерисинче жалпы Кыргызстандыктарга түбөлүккө эл арасына айтылып кала турган элдин кыжырын келтирген, тарыхта унутулгус сөз болуп калды. Тескерисинче мындай адамдар депутат болгону үчүн жалпы элибиз уялат. «Элдин жашоо турмушу тууралуу мыйзам жаза турган адамдарыбыз ушундай болсо, «ишенген кожом сен болсоң, кепшиген жаагыңды урайын» дегендей «кыргыздын келечеги жок го» деп аргасыздан ойлоносуң.

Мындай адамдардын депутаттык мандатын алып, биротоло ак үйгө такыр жолотпой кубалап чыгыш керек. Депутаттардын арасын тазалоого мезгил жетти.

Негизи эле депутаттарга «экиден жардамчынын, ондогон кызматтык машиналардын, 120 депутаттын эмне кереги бар, эмне 120 депутат болсо чыгарылган мыйзамдар жакшы жаралып, элдин практикалык жашоосу оңолуп кетеби» деген бири-бирине чырмалышкан суроолор пайда болот. Алакандай Кыргызстанга 40 же 50 гана депутат жетиштүү. Мындай «керооз» сүйлөгөн депутаттарды эл багып жатат. Эгер булардын саны жана жардамчылары 2,5 эсе кыскартылса, мына ошондо бюджетибиздин толгонуна жакшы өбөлгө түзүлмөк. Элдин жалпы социалдык абалы да бир кыйла оңолмок.

2012-жылы Хунгария (Венгрия) республикасында Евразияда жашаган жалпы 22 көчмөн мамлекеттеринин катышуусунда Будапешт шаарында курултай болуп, ал эми ошол эле Венгриянын Бугацк районунда көчмөн элдердин оюну жана маданияты тууралуу фестиваль өткөрүлдү.

Курултай башталаарда Хунгария (Венгрия) республикасынын парламентинин президенти Шандор Лежак «эртең менен жумушка кечикпейин» деген ниетте болсо керек, шымынын багелегин байпагына киргизип, парламент имаратына велосипед менен келди, биз ошондо аны көрүп оозубузду ачып таң калган элек. Кандай эл башкарган адам чоң шаарда, цивилдүү Европада элдүү чоң көчөдө велосипед минип жүрөт, булар «мени бирөө жолдон сөкпөсүн, атайы түртүп жыгып кетпесин же атып кетпесин» деген сөздөрдөн алыс болгон адамдар, экинчиден жеке адамдын эл арасында намысы экинчи оорунда турган, бийлик да байлык да эмес элди ойлогон адамдар ээн эл арасында велосипед менен гана жүрө алышат. Андай адамдарды илгери кыргыздар «элдин кулу болуп иштеген адам» — ​деп аташаар эле.

Мурун эл башчылары атайы сырткы кейпин бузуп; «мени эл тааныбасын» деп думана кейпин кийишип, сакал мурутун өстүрүп, колуна ала таягын алып алышып, эл арасын жөө кыдырып, өздөрүнүн жүргүзгөн эл арасындагы саясаттарын билмексен болуп, «баланча деген Эл башы, кандай саясат жүргүзүп жатат» деп атайы эл арасынан сурашкан. Эгер «жаман саясат жүргүзүп жатат» деп айтышса, анда келип ошол жаман жүргүзүп жаткан саясаттарын оңдогонго аракет кылышчу, ал эми «Жакшы саясат жүргүзүп жатат» десе ал адам ичинен өзүнчө маашырланып ошол саясаттарын эл арасына андан ары улантышкан.

Ошол сыяктуу бизде Кыргызстанда дагы «элдин жашоосу оңолуп, эл жакшы жашап кетээр бекен» деп тилек кыласың, ал эми Камчыбекке окшогон жашоонун сырын түшүнбөгөн же билсе да билмексен болгон, иш тажрыйбалары адистиги жок, адамдар элибизди башкарып жатышат, ошол терс себептеринен эсебинен жалпы элдин жашоосу оңолбой жатат, ал эми Камчыбектин «кер ооз» сөздөрү ошол миң себептердин бири.

Элибизди эл башчылары материалдык жактан башкарган адамдар башкарууда, ал эми жалпы гуманитардык багыт болгон руханий жана духовный байлыктар боюнча негизги багыт болсо, өзүнөн-өзү коррупционерлер да азаймак, элдин жашоолору да оңолуу жолуна түшмөк» деп аргасыздан ойлонуп өзүңчө күйүп, туталанасың.

Чынгызхандын көзү өткөндөн кийин анын урпактары Монгол империясын бешке бөлүп алып, бийлик, байлык талашышып бир эле жатындан чыккан балдар бири-бири менен өз ара чабыша берген. Ошондо 1258-жылдан 1278-жылга чейин башкарган Аравиянын Мүсүр (Мысыр) шаарынын акими болуп кыпчак уруусунан чыккан Бейбарс, алардын бийлигине нааразы болуп: «Урдум мен силердин ушундай бийлигиңерди» — ​деп Мүсүр шаарынан думана болуп колуна ала таягын алып жөө бир жыл аралыгында азыркы Ноокат районунун Абшыр-Ата мазарына келип дүйнөдөн көз жумган… Бейбарс бийлик менен байлыктын кулу болбой, тескерисинче «элдин кулу» болуп тарыхта алтын тамга менен биротоло жазылып калды. Атаганат, бизде ушундай «элдин кулу болгон адам болсо кана» — ​деп жогору жактан тиленесиң. Ал эми Камчыбекке окшогон адамдар тарыхта жазылбаса деле эл оозунда «пок» тамга менен жазылып, эл арасында түбөлүккө айтыла бермекчи.

Асыкбек Оморов, тарых жазуучусу, «Санжыра» борборунун жетекчиси

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *