Асылбек Өзүбеков өзү бек болду…

Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрына Асылбек Өзүбеков директор болду. Жамаатка жаңы директорду маданият министри Султан Жумагулов өзү тааныштырды. Мурда бул кызматты ээлеп турган Назым Мендебаиров көркөм жетекчи болуп дайындалды. Маданият тармагында кыйла жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, кыргыз элине төбөсү көрүнгөн мыкты чыгармачыл инсан ката­ры белгилүү болгон Асылбек мырза театрдын жүгүн кыйналбай эле тартып кетээринен шек санабай койсок болот. Калганын мезгил таразалайт… Ордуңуз кут болсун! Ийгилик эмесе!

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *