“Де-Факто”: Асылбек Жээнбеков неге “серый кардиналга” айланган жок?

Өткөн жылы Кыргызстандын эли чоң сыноону башынан кечирди. Башкача айтканда 6 жылдык тагдырын өздөрү аныктады. «Шайлоонун шайтан оюндары» баардык талапкерлер тууралуу мурда кийин элге белгисиз болгон фактыларды эл алдына «жалаяктай жайып» берди. «Кыл чайнашкан» атаандаштыктын негизинде Сооронбай Жээнбеков биринчи турда женишке жетишти.

Анын жеңишине салым кошкон негизги фактор – бул анын ушул кезге чейин элине таза, ак кызмат кылганы болду. Жөнөкөй мугалимдиктен өкмөт премьер-министрликке чейинки басып өткөн жолунда, бир да жолу артынан жаман сөз ээрчибеген тазалыгы, атаандаштарын абдан эле ыңгайсыз абалда калтырды. Андыктан кандай жол менен болсо да Сооронбай Жээнбековду каралоону максат кылгандар, эми анын иниси Асылбекке «асылууга» өтүштү. Кыязы, ушундай жол менен Сооронбай Жээнбековдун беделине шек келтирүүнү көздөп жатышкандай.

Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин алгачкы үч айында, анын иниси Асылбек Жээнбековду экс-президенттин мурдагы шоопуру Икрамжан Илмияновго салыштырып, «серый кардиналга» айлантуу аракетин көргөндөр болду. Кандай тана кызматтык дайындоо болбосун, аны милдеттүү түрдө Асылбек Жээнбековго «байлоо» аракети ачык эле жүргүзүлүп жатты. Ошентсе да, элдин көзү көрөгөч тура. Айрым кызыктар адамдардын мындай интригаларын «көз жаздымда» калтырды. Анын үстүнө убакыттын өтүшү менен Сооронбай Жээнбеков президент катары эч кимге кылчактабай, эч кимди укпай өз алдынча саясат жүргүзө аларын далилдеди. Ошондон кийин тана Асылбек Жээнбеков тууралуу ар кандай жомокторду аягы тыйылгансыды.

Асылбек Жээнбеков чындап келгенде, президенттин иниси гана эмес, өз алдынча таасирдүү саясатчылардын бири экенин эч ким тана албаса керек. Ал жөнөкөй агрономдон баштап Жогорку Кенешинин спикерлик кызматына чейин жеткен адам. Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон тазалыгы, элге жакындыгы Асылбек Жээнбековдун негизги артыкчылыктарынын бири деп айтууга толук негиз бар. Андыктан Асылбек Жээнбековдун азыркы ажонун оппоненттери айтып жаткандай «Жаныш Бакиевдин кейпин кийип калуусу» өтө эле арсар. Себеби, бир жылга жакын башкаруусунда Сооронбай Жээнбеков бир туугандарын бийликке аралаштырбай турганын иш жүзүндө далилдеди. Демек, «үй-бүлөлүк башкаруу системасы кайра кайтып келет» деп кооптонууга эч кандай негиз жок.

«Ач көздүк, адамдын ички табиятынан» деп бекеринен айтылбаса керек. Ошол сыяктуу, Жээнбековдордун байлыкка умтулбаган сыпайылыгы, алардын жаш кезинен эле чыныгы баалуулуктарды түшүнүп бой жеткенинен кабар берет. Андыктан, айрым кара өзгөй адамдар канчалык аракет кылса да Асылбек Жээнбековду «серый кардиналга» айлантуу аракети таптакыр эле ишке ашкан жок.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *