Ат-Башыда 150гө жакын турак-жайды суу каптап калуу коркунучу бар

Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 8-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын батыш тарабындагы “Аралбай-Саз” участогунан жер алдынан чыккан суулардын сарындылары чогулуп келип айылды аралап өткөн жабык типтеги дренаждын байкоочу кудуктары аркылуу кетип турчу, аба-ырайынын төмөндөп жаткандыгына байланыштуу суулар тоңуп, тос (муз катмары) пайда болуп, айылдагы болжол менен 100-150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралган.

КР ӨКМнин куткаруучулары 100 даана капка топурак салып, 100 метр жерди тосуп, суунун нугун каналга бурушкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *