Ат-Башылык үч адам “сибирь жарасын” жуктуруп алды

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында ооруканага жаткырылган үч адам сибирь жарасы дартын жуктуруп алганы аныкталды.

Бул тууралуу республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун башчысынын орун басары Нурболот Усенбаев маалымдаган. «Ат-Башы районунда сибирь жарасын жуктуруп алды деп шектелип ооруканага жаткырылган үч адамдын анализи чыкты. Алардын ооруну жуктуруп алганы атайын лабораториядан текшерүүдөн өтүп аныкталды. Негизи мал союу атайын ветеринардык талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок, алар үй шартында ылаңдаган уйду союшкан. Учурда бейтаптар дарыланууда. Казыбек айылында ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүүдө» деп билдирди Усенбаев.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *