“Ата-Мекен” фракциясы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге укуктук баа берүүнү Генпрокуратурадан талап кылды

КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын катчылыгы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев өз сөзүнө тура албагандыгын билдирет.

Мындан бир ай мурун, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев депутаттарга Белизден “Альфа-телеком”  ЖАК боюнча алынган апостилдин  көчүрмөсүн бере тургандыгын убада кылган.

Бирок УКМК депутат Өмүрбек Текебаевдин расмий жөнөткөн өтүнүчүнө “КР Ыкчам иликтөө жөнүндө” мыйзамына шылтоолоп, апостилдин көчүрмөсүн берүүдөн баш тартты.

Жогорку Кеңеште 16-ноябрда ал документтер ачык жарыялангандан кийин алардын жашыруундуулугу жоголду.

КР Конституциясынын 33-беренесине ылайык Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик органдардан керектүү маалымат алууга укуктуу.

“КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 17-беренесине ылайык мамлекеттик органдар жана алардын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаты кайрылганда токтоосуз  ал талап кылган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

“Ата-Мекен” фракциясы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин Конституциянын жана мыйзамдардын нормаларын тоң моюндук менен аткарбагандыгы кечиримсиз деп эсептейт жана КР Генералдык прокуратурасына УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин аракеттерине укуктук баа берүү талабы менен кайрылат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *