Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулун чагылганга!

Менин сиздерге кайрылганым себебим, акыркы парламентте Акылбек Жапаров маалымат катары айткан кыргыз мамлекетинин тышкы карызы, анын ичинен эң кооптуусу делген – кытай мамлекетине болгон 1500 000 000$ (бир жарым миллиард) доллар тышкы карыз – кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө коркунуч жаратты. Кыргыз элине, кытай мамлекети ошол миллиарддарды, кыргыз эли өнүгүп-өсүп кетсин деп бербегенин жана 25 жылдан берки саясатыбыздын, саясатчыларыбыздын кебетесин байкап, кыргызга арка бел болуп берүүчү саясатчы «эр азамат, байкелерибиздин» талап тоноп атканын көрүп, ошол талап-тонолгон мамлекетибиздин ахыбалын аңдап, акыры төлөп бере албасыбызга ишенип, биздин укмуштуудай кооз, кен байлыка бай жерибизге көз артып турганы айтпасак да баарыбызга түшүнүктүү болуп турат. Ошол маалыматты уккандан бери кыргызстандын ар бир намыскөй уул-кыздары, менчилеп ойлонуп атат деп түшүндүм. Ошондуктан, бул карызды ичип жеген саясатчылар, коррупционерлер төлөсүн деп териштирүүгө убакыт да, шартыбыз да жок. Себеби, кошуна Тажикистандын Тоолуу-Бадахшан районун кытай мамлекети карызына чегерип алып койгону жөнүндө маалыматтар тарады. Андыктан, биз дагы ушундай ахыбалда 50-жылдардагы Түндүк Корея мамлекетиндей болуп, мамлекеттин тышкы карызынан куткарууга жана мамлекетибизди өнүктүрүүгө ар бир намыскөй уул-кыздын милдети деп түшүнөм. Мен Салават Имашев кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн, келечеги үчүн ошол карызды төлөө максатында, үй-бүлөмдүн атынан 1000 доллар берүүнү чечтим. Менин бул демилгемди ар бир мекенчил адам колдойт деп ишенем. Мен бул каражатты, байлыгым ашып-ташып жатканынан берейин деген жокмун. Мен бул акчаны бир тууганыма же соопчулукка берсем деле жакшы болмок. Бирок ошол бир тууганымдын да мекени коркунучта турат.

Урматтуу мекендештер, менин бул демилгемдин, «коррупционерлер жесе биз эмнеге төлөшүбүз керек экен» дегендерге такыр тиешеси жок. Силер нервиңерди бузбай оокатынарды кыла бергиле. Бул демилге кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө коркунуч бар деп тынчсызданган намыскөй эр азамат уул-кыздарына тиешелүү. Түшүнгөн кишиге демилге идеологиялык ролу чоң, мамлекетибизди, элибизди ынтымакка алып келип бир чоң бурулушка алып бара турган кадам жана ошол мамлекетибизди ушул абалга алып келген коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү жана маданияттуу жолу деп айтат элем. Себеби, коом үч катмарга бөлүнүп калган. Карапайым эл, саясатчылар жана бийлик болуп. 25 жылдан бери саясатчылар менен эле бийлик күрөшүп келе жатат. «Саясатка барыш үчүн акча табыш керек, акча табыш үчүн саясатка барыш керек» деген идеология калыптанып калган. Күчтүү мамалекет болуш үчүн акчасы көп эмес, мамлекетин кандай болгондо мамлекетибиз күчтүү болот деп ойлонгон эр азаматтарынын бир максатта ынтымактуу болуусу.

Ошондуктан карапайым эл жактан да бул кадам сөзсүз түрдө керек болуп турат. Бул баардык кыргызстандыктардын башын бириктирүүчү маселе болду. Ошондуктан бул маселенин тегерегине биригүүбүз шарт. Эң негизги тилегибизге жараша ыймандуу, ток-пейил, кыргыз мамлекети үчүн кызмат кылам деген президентибиздин кадамдары жалпы элди үмүттөндүрүп турат. Демек бийлик менен элдин максаты бир болду. Ошондуктан коррупция менен күрөшкөн бийликке эл да колдоо көрсөтүп жардам кылчу учур келди. Карапайым эл менен бийликтин бириге турган учуру келди. Мамлекетти ушул абалга алып келген коррупцияны эл менен бийлик биргеликте күрөшпөсө болбой калды. Ошондуктан карапайым эл аз болсо да кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө өзүбүз салым кошуп, ар бирибиз ортого акча салсак биринчиден, казынанын ыйыктыгы пайда болот. Пайда батасы жок ысырап кылган жөнү жок той аштарга жана башка долбоорлорго бөгөт коюлат. Экинчиден, карапайым эл тырмалаңдап мамлекеттин өнүгүүсү үчүн кам көрүп баштаса мультимиллионерлерибиз кайда барат? Алар да уялганынан да ортого байлыктарын аз да болсо сала башташат. Баардык кыргызстандыктар «Ар бир кыргызстандык, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн» деген ураандын тегерегинде, түндүк-түштүк дебей, улут улутка, партия партияга бөлүнбөй, баардык күчтөрдү, бир максатта чогултуп ынтымакка келсек, өлкөбүздү коррупционерлерден бат эле тазалап өнүгүү жолуна түшөөрүнө бекем ишенем. Бул демилгеге президентибиз, өкмөт терикпеши керек. Эртең эл тышкы карыз маселесин бекем тескеп ынгайсыздык жаралат дебей, дүйнөгө уят болобуз дебей ушул демилгени учурдун идеологиясы катары туура пайдаланып кетпесе, эртедир-кечтир бул теманы саясий күчтөр бийликке каршы тетири колдонуп, коррупция менен күрөштө саясий куугунтук деген шылтоо менен ниети бузук элин ойлобой өзүн ойлогон, бийликти эңсеген саясатчылар олку-солку абал жаратышы толук мүмкүн. Себеби, бул карыз көйгөй күн өткөн сайын курч болуп келет. Мейли мындан ары деле кытайдан карыз ала берели. Болгону келишимге жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин талап кылабыз. Ошондуктан, бул демилгени саясий максатта колдонууга болбойт. өкмөт жардам берип эсеп ачып берсе, ачык-айкын онлайн көзөмөлдө болуп , ар бир жаран канча чогулуп атканын көрө алгыдай техникалык камсыздалса, мен бул ишке миңдеген кыргызстандык акча которууга даяр экенин байкадым. Дүйнөнүн ар тарабынан мигрант бир туугандар кандай кылып, кайда көтөрөбүз дешип, керек болсо инвалид-пенсионер апаларыбыз да пенсиябызды көтөрөбүз деп, жадакалса башка улуттагы бир туугандарыбыз да, биз да, чогулталы дегендери мени аябай кубандырды. Демек, кыргызстандын келечеги бар. $1500 000 000 доллар элден эле чогулчудай. Жогорудагы ураан менен жер-жерлерде тиешелүү убакыттын ичинде акция уюштурсак. Элден тышкары Кыргызстанда эмне деген чоң фирмалар бар. Алар деле жөн турушпайт. Акция бүткөн күнү чоң салтанат кылып, ошол чогулган сумманы президентибизге аманат катары ыйгарсак, президентибизге эки эсе жоопкерчилик жүктөлүп коррупция менен күрөшүүгө эки эсе шык берип, акыйкат үчүн иштеген күчтүү бийлик орнотуп, ар кандай саясий оюндарга бөгөт коюлаарына ишенип турам. Себеби бийликтин күчү жалпы элдин колдоосунда.

Бийлик менен элдин бир максатта болуусунда. Мурда журт башы кандай болсо эл ошону карап түздөнөт деген түшүнүк бар эле. Тилекке каршы андай болбой калыптыр. Тескерисинче «сүт кандай болсо, каймагы ошондой болот» дегендей, азыр «эл кандай болсо, башчы ошондой болот» деген хадиске туура келип турат. Биз өзүбүз өзгөрүүгө, мамлекетибиз үчүн ар бирибиз кайдыгер болбоого убакыт келди. Курсакты мал да тойгузат. Баласын мал деле багат. Мамлекетибизди ойлогон инсандар барбы деги? Кыргыз мамлекетин ата-бабаларыбыз талап тоноп мультимиллионер болгула деп, канын төгүп түптөп кеткен эмес. Бай бололу. Бирок элдин ырыскысын тоноо аркылуу эмес. Мамлекеттин келечеги үчүн ата-бабалардай болуп кан төкпөй эле койгула. Болгону акча эле төгөлү. Бул кадам менен дүйнөнү дүңгүрөтөбүз. Бөлүнүп, жарылып бүттүк. Бир максатка биригели.

Бул демилгени партиянын же бир коомдун атынан саясий максатта колдонууга тыюу салынат. Ар ким өз жарандык, атуулдук парзы катары колдоого тийиш.

Ушул демилгенин механизмдерин иштеп чыгалы. Бийликке сунуштап чогуу кеңешели. Бул чоң өзгөрүүгө алып бара турган кадам. Ошондуктан, акыл кошуп колдоого алууңуздарды өтүнөм. Калпак бизге жарашканы менен, калпакка биз жарашпай баратабыз! Эми жарашалы, ойлонолу, ойгонолу. Бул кыргыз мамлекетинде жашаган ар бир атуулга тиешелүү.

«Өзүн баккан жүз уулдан, элин баккан бир уул артык» дейт кыргызда. «Үйүндө свети эмес, лампасына шишеси жок, кызынын аты Света» дегендей, мамлекетибиз миллиарддап карыз. Эр азаматтарыбыз мультимиллионер. Ошол байлык өзүбүзгө жарашкыдай кылып биринчи мамлекетибизди түптөп албайлыбы. Элди ойлогон азаматтар чогулгула, кабарлашалы. Биз Кыргызстандагы бардык күчтөр, бир максатта болсок күчтүү мамлекет курабыз. Мен буга ишенем.

Салават Имашев

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Биринчиден бир банктан счет ачыш керек. Кийин Президентке бербей эле кайсы Кытайдын компаниясынан карызбыз ошого Минфин аркылуу козомолдоп туруп котортуш керек. Болбосо господин 10% тер дагы башка жакка жумшап жибериштери мумкун.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *