Атамбаев баатырбы же милдетин аткарганбы?

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге ыйгарылган “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы коомчулукта эки ача пикирди жаратты. Бир тарап ажону аталган наамга татыктуу деп эсептесе, каршы пикирдегилер жаңы президенттин чечимин “шашылыш” түрдө берилип калды деп айтышууда.  Экс-өлкө башчысы чын эле   баатырдык иш жасадыбы  же өзүнүн милдетин аткардыбы? Бул соболдун тегерегинде жалпы коомчулуктун пикирин билүүгө аракет кылдык.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылгандыгы өлкө башчысынын расмий сайтында жарыяланган. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Жарлыкка ылайык, “Элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршенович “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы менен сыйланат”,- деп жазылат жарлыкта.

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант бергенден кийинки сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы жарлыгы Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын берүү болорун баса белгилеген.   “Кыргызстан элибизге аруу тилек, аруу мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз “Кыргыз Республикасынын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражадагы “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Бул наамды сизге эл алдында чоң сыймык менен тапшырам деген ниеттемин”,- деп билдирген Жээнбеков.

КРдин экс-президенти Алмазбек Атамбаевге “Кыргызстандын баатыры” наамын берүүнү  “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламентте сунуштаган. Анын айтымында, аталган сунушту шайлоочулар демилгелеген.  Ал “Спутник Кыргызстан” маалыматтык агенттигине берген маалыматында буларга токтолгон.  “24-ноябрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты өткөрүп берет. Шайлоочулар менен жолукканда өз сунуштарын айтышты. Атамбаевдин тарыхта кала турган эмгектери көп болду. Алсак, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, Датка-Кемин линиясы жана дүйнөнү таң калтырган шайлоо өткөрдү. Анын эмгеги 50-100 жылдан кийин да тарыхта калат. Өзгөчө президенттик кызматты өз убагында демократиялык жол менен өткөрүп бериши-сыймык. Бул тарыхый окуя болуп калды. Ошого байланыштуу Алмазбек Шаршеновичке “Кыргызстандын баатыры” деген наам берүү керек”,- деген Нышанов. Эл өкүлү президенттин такты өткөрүп бериши Орто Азияда алгачкы ирет болуп жатканын кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Бөдөш Мамырова Сооронбай Жээнбековдун Атамбаевге ыйгарган “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын шашылыш айтып алды деп эсептейт. “Сооронбай Шарипович Атамбаевдин жакшы жактарын коомчулукка алып чыгып, андан кийин берсе дурус болмок. “Баатыр” деген наамды ыйгарам дегенде, Атамбаев өзү “Рахмат, Сооронбай Шарипович. Мени эл баалап, баатыр катары эсептесе, менин баатырлыгым ошол. Мен баатыр болоюн деп элиме кызмат кылган жокмун. Элдин баасынан жогору баа жок, сен берген баага рахмат. Мен бул наамдан баш тартам” деп албай койсо керек деп ойлодум эле. Экс-президент  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамды албай койгондо, андан  да жогору баатырдык статуска ээ болот эле”,- деп билдирет  “Кабар” маалыматтык агенттигине берген маалыматында.

Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын  28-августундагы жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына ээ болгон   нейрохирург  Муталип Мамытов экс-ажону бул наамга татыктуу деп эсептейт. “Мен толугу мененАта-Мекен” партиясынын депутатынын сунушун колдойм. Ал туура демилгени көтөрүп чыккан. Мен дагы ушул сунуш менен чыгууну каалагам, бирок муну кыла алган жокмун. Атамбаев кыргыз элине   “Баатыр” наамына татыктуу эмгегин кылып берди, эң маанилүүсү алты жыл ичинде өлкөдө стабилдүүлүктү сактап, бийликти тынчтык жолу менен өткөрдү. Мен Атамбаевди экинчи мөөнөткө президенттикке шайлоону да ойлонуп жаткам. Бирок ага конституция жол бербейт экен”,- дейт  Муталип Мамытов “Фабула Пресс” гезитине берген маегинде.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин баамында, экс-өлкө башчысына наам  берүүнү сунуштап чыккан демилгечилер кылдат ойлонбой, шашылыш түрдө берүүнү көтөрүп чыгышты.  “Бир дагы наам, Атамбаев да эч жакка качып кетпейт. Ал президенттик кызматынан кийин чыгармачылык менен алектенем деп айтканы бар. Атамбаев болгону 60 жашта, кудай өмүр берсе 70-80 жашка чейин жашайт. Бизде көпчүлүк баатырлар бул наамды 80 жашка чейин же андан кийин алышкан. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү үчүн убакыт керек болчу. Ажо “Баатыр”  наамына татыктуубу же татыктуу эмеспи убакыт таразалайт”,-дейт Кемел Ашыралиев.

“Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев кесиптеши Сайдулла Нышановдун жеке пикири бар деп эсептейт. “Мен Нышановдун пикирин эл колдогонун байкай элекмин. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын саясатчыларга берүүгө али эрте. Атамбаевге берилген наамга калк дагы, тарых дагы өзүнүн баасын берет”,- дейт Каныбек мырза.

Экс-президентке “Баатыр” наамы берилгенден кийин социалдык медиа колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Алсак,  Имаш Кербеков аттуу колдонуучу экс-ажону бул наамга татыктуу деп баалайт. “Чындыгында эле баатыр! “Датка-Кеминди” ишке киргизди, Америкалык базаны чыгарды, Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” жолун баштады жана айрым жеп-жуткуч депутаттардан тазалады”,- деп жазган билдирүүсүндө. Ал эми Сабыров Уран аттуу колдонуучу Жээнбековдун демилгесине таң калганын жашырган эмес.  “Эл бериш керек эле да мындай наамды. Өздөрүнүн эле кызыкчылыгын ойлоп жүрүшөт, элдин кызыкчылыгы кызыктырбайт экен да”,- деп жазган. Дагы бир Бегимай Эдилбекова аттуу колдонуучу “Кээ бир билермандар Атамбаевди көчмөндөр оюнун демилгеледи, “Датка-Кеминди” курду же бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди деп жатышат. Бирок менин оюмча президентибиз милдетин аткарды. Аны баатыр же баатыр эмес деп талкуулоо акылга сыйбагандык”, -деген пикирин калтырган.

 “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамынын тарыхы

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси  Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы №234 жарлыгы менен бекитилген. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык жана эрдик жасаган жарандарга өлкө башчысы тарабынан бир гана жолу берилчү сыйлык.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамга татыган адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат. Адам каза болгон күндө наам анын мураскерине берилип, бирок тагынып жүрүүсүнө тыюу салынат. “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси сол төшкө Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.  Ак Шумкар” өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 миллиметр болгон сегиз нурлуу жогорку деңгээлдеги жана диаметри 30 миллиметр болгон он алты нурлуу төмөнкү деңгээлдеги симметриялык жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын нурларынын, кырларынын жана формасынын чет жакалары тоо чокуларын жана бажырайып ачылган тоо кызгалдагын эске салат.

Наам кандай артыкчылыктарды берет?

— Кыргызстанга сиңирген эмгеги үчүн пенсия чегерилет;

— мамлекет тарабынан курулган үйлөр кезексиз берилет. Ошондой эле бериле турган үйдүн аянтына 20 чарчы метр кошулуп эсептелет;

— чарбалык коомчулуктарга мүчө болуу укугу;

— жер салыгынан бошотулат;

— жумушка баруу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелип калса маянасынын 100 пайыз көлөмү жөлөк пул иретинде берилет;

— кошумча нарк салыктан бошотулат;

— спорттук комплекстердин кызматтарын бекер колдонот;

— майып жана карылар үйүнө кезексиз кабыл алуу, социалдык кызматтардын кезексиз көрсөтүлүшү;

— бейитине мамлекеттик бюджеттин эсебинен эстелик орнотулат.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы 1997-жылдан тартып, 2017-жылга чейин жалпы 23 адамга тапшырылган. Үч президенттин учурунда кимдер бул наам менен сыйланган төмөнкү инфографикада көрсөтүлгөн.

Коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев  Казакстандагы эң жогорку “Элдик баатыр” (Халык кахарманы) наамы менен сыйланган. Ошондой эле Өзбекстанды 26 жыл башкарган Ислам Каримов да “Өзбекистан Республикасынын баатыры” (Узбекистон кахрамони) жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Тажикстан Республикасынын баатыры” (Кахрамони  Точикистон)  наамына ээ болгон.

Өз алдынча эгемендүүлүк алгандан кийин Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдө эң жогорку “Баатыр” наамына ээ болгондордун саны диаграммада көрсөтүлгөн.

Тажикстан -6

Кыргызстан-23

Өзбекстан -30

Казакстан-32

Адинай Курманова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

                                

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *