Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун курулушу менен таанышты

Бүгүн, 28-июлда Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл областына иш сапарынын алкагында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Автожолдун 47-чакырымындагы оңдоо иштери менен таанышуу учурунда транспорт жана жолдор министри  Замирбек Айдаров республикалык бюджеттен каржыланган долбоор боюнча оңдолуп жаткан жолдун узундугу 104 чакырымды түзөөрүн маалымдады.

Атамбаев Транспорт жана жолдор министрлигине оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү үчүн Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоонун жүрүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *