Атамбаев саясий сахнага 31-мартта кайтып келеби?

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленди. Жыйында партиянын төрагасы бекитилет. Буга чейин КСДПнын отуруму бир нече жолу артка жылган. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак КСДПнын курултайында Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилээрин билдирген. Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берээрин, партиялык ишин жандандыраарын журналисттерге айткан болчу. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партия­лык тизмесин жетектеп бараарын да кеп кылган.

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *