“Багыт”: Атамбаевди каралоо жүрүп жатат, ал УКМКнын жерин алган жок

Жакында эле Алмазбек Атамбаев үйүнүн жанындагы УКМКнын жерин сатып алыптыр деген кабар кеткен эле. Маселе башкача экен. УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов бул боюнча мындай деди:” Ал жер 1980-жылдары дача иретинде УКМКга берилген. Ал участоктор 2011-жылы УКМКныкы экени документтештирилген. 2017-жылы май айында президентти кайтаруу максатында 9-кызматка кайтарылып берилген. Андан кийин ал жер эч кимге керексиз болуп калгандан кийин жеке жактарга сатылган.” Сулайманов жер Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын баса белгиледи…

Атамбаевди каралоо “иш-чаралары” жүрүп жатат. Ал жакшылыкка алып барбайт. УКМКнын өкүлү мекемеге тийиштүү жер Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын кошумчалады.

Булак: “Багыт”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *