Атамбаевдин айланасында чоң чыр чыккан жатат сыягы… “Датка-Кемин” кредити да уурдалып кетиптир

Маселенин маңызы эмнеде? Бул ишти дагы эле “жер тыңшар”, эч нерсеге кайдыгер карабаган депутаттар таап чыгышты. Көрсө, өз учурунда “Датка-Кемин” линиясын куруп, “Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдым” деп мактанган Атамбаевдин айланасында чоң чыр чыккан жатат сыягы. Бул кезектеги коррупциялык чатакка окшоп калды. Депутаттардын айтымында, кытай кредитинин басымдуу бөлүгү уурдалып кетиптир. Эмесе, фактыларга токтололу. “Датка-Кеминдин” узактыгы болгону 405 чакырым. Бул долбоорго болгону 400 млн. АКШ доллары сарпталган. Ошондо Кыргызстан ар бир километр зым үчүн бир миллион доллардан сарптаган болуп чыгат. Мындай баа дүйнөдө жок. Бул кадимки коррупция. Кыскасы, Сапар Исаков кезектеги коррупциялык чырга кабылып, өзү менен кошо Атамбаевдин абийирин ачпаса болду. Кызык, мындай иштердин дагы канчасы калкып чыгар экен?
Булак: “Азия ньюс”

 

1 ой-пикир

  • кыргыз says:

    2010 жылдан кийин кабыл алынган чон долбоорлродун баарынАШАнын озунун дайындаган кадрлры текшеруусу зарыл, алардын устунон башкалар контролдоп туруусу керек. Ошондо 8 жылда мамлекет канча жоготууга кабылган и кимдин тиешеси бар баарын аныктап жоопко тартуу керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *