Атамбаевдин «Кыргызавтомаштагы» көз боёмочулуктары же бул заводдун акцияларын кайсыл акчага сатып алган?

Экс-президент А. Атамбаевдин акча, байлык дегенде эт-бетинен жыгылчу сапаты бар экенин аны билгендер көп эле айтып келишет. Туңгуч ажо А. Акаев да анын Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 млн рублди өзүмдүк кылып алып, ага заводдорду менчиктештирип алганы тууралуу айтып эле жүргөнүн угуп келебиз.
Бул жолу биз А. Атамбаевдин «Кыргызавтомашка» кандайча ээлик кылып калганы жана жаш балдарга деп бөлүнгөн каражаттарды кандайча өз кызыкчылыгына жумшап жибергени сыяктуу бир катар көшөгө артындагы иштерин санап беребиз.
1993-жылы А. Атамбаев «Кыргызавтомаш» АКсынын 20% акциясын жеке жак катары сатып алат. Андан кийин ушул эле ишкананын 10% акциясын «Кыргыз-Инвест» компаниясынан сатып алат. Дагы 10% акция АКнын мурдагы директору М. Өмүралиевде болгон. Ал эми мамлекеттин менчигинде «Кыргызавтомаштын» 19% акциясы калган.
Анан 1996-жылы Маммүлк фонду АКнын калган акцияларын сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Анда 10% акцияны эмгек жамаат, ал эми 9% акцияны А. Атамбаев сатып алат. Ушул эле жылы А. Атамбаев акцияларды «Форумдун» атына активдүү сатып ала баштаган. Натыйжада ал «Кыргызавтомаштын» 46% акциясынын ээси болуп калган.
А. Атамбаев өзүнүн тегерегиндегилерге ал акциялардын контролдук пакетинин гана ээси экенин жана акционерлердин жана ишкананын алдында эч кандай жоопкерчилик тартпай турганын билдирет. Мисалы, эгерде фискалдык органдар бухгалтерия, салык жана башка финансылык-чарбалык ишмердүүлүк боюнча мыйзам бузууларды тапса, жоопкерчиликти АКнын аткаруучу директору жана анын ишенимдүү адамы мойнуна алат. Бир сөз менен айтканда ал АКнын пайдасын көрөт, бирок жоопкерчилигин тартпайт.
Балдардын ырыскысын тартып алган АША
1996-жылы Ч. Жакыпова «Сорос-Кыргызстан» фондун жетектеп турган маалда Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында жайгашкан «Жылдыз» пансионатынын эсебине балдардын эс алуусун камсыздоо үчүн деп 35 миң АКШ доллары которулат. Бирок, бул акчалар А. Атамбаев тарабынан «Кыргызавтомаш» заводунун акцияларын сатып алуу үчүн пайдаланылып кеткен.
Андан кийин 1997-жылдын майында дагы ушул эле пансионатка «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан келишимдин негизинде балдардын эс алуусуна деп 700 миң сом которулат. Ал акча дагы А. Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланылат.
Атамбаев Черновдун «түрмөгө отуруп каласың» дегенинен эмнеге корккон?
Ошол убакта «Ротор-Дест» биргелешкен ишкананы жетектеп турган Георгий Благадарев «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» АКсынын эсепке алынбаган мүлктөрүн өзүнүн фирмасына сатууда жасалма документтерди жасаган. Мисалы, борбор калаанын Кулатов көчөсү үй №1 дарегиндеги ашкана жана Ысык-Көл жээгиндеги «Кыргыз Таңы» пансионатынын документтерин.
«Электротехник» заводунун акцияларынын сатып алуучулардын бири Ш. Жайсаңбаев башкы директор болуп турган «Кыргызгазмунайзаттын» филиалы «Нефтегаз» фирмасынын мурдагы директору Геннадий Чернов болгон. Ал Кант шаарында нефтини кайра иштеп чыгаруучу заводду куруу үчүн «Электротехник» заводунун эсепке алынбаган материалдары жана сырьелору Благадарев тарабынан даярдалган жасалма документтер аркылуу жүзөгө ашырылган. Ал материалдар базар баасы боюнча реализацияланып, бирок экинчи сырье катары эсептен чыгарылган.
Анан Г. Черновго карата иш козголуп, ал ИИМдин СИЗОсуна камакка алынат. Ошондо ал үчүнчү жак аркылуу Благадаревге кат жөнөтөт. Ал кат А. Атамбаевге даректелген болот. Анда «Эгерде мени СИЗОдон алып чыгып кетпесе, анда ал өзү да ушул жакка отурат» деген салам-дубай болот. Ошондон кийин А. Атамбаев КРнын мурдагы башкы прокурору аркылуу Черновду республиканын аймагынан чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгарат. Бирок, Чернов кошуна өлкө аркылуу дагы башка өлкөгө чыгып кетет.
Ошондо АШАны Чернов эмне менен коркутту болду экен?
«Кыргызавтомаштын» 19 жылдан бери 60 миң долларынын дайыны неге жок?
1999-жылы 20 тонна темир сатып алууга деп А. Атамбаев тарабынан («Кыргызавтомаштын») 60 миң АКШ доллары Голландияга же Швецияга которулган. Ошондон бери карай же акчадан дайын жок, же темирден дайын жок. Бул маселе «Кыргызавтомаштын» акционерлеринин чогулушунда бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок дагы деле майнап жок. Ошондо АША акционерлердин алдында карыз болуп атабы? Ал убакта (19 жыл мурун) 60 миң АКШ доллары деген өтө чоң акча болуп саналганын да эске алуу керек.
«Кыргызавтомаш» Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан кимдин таасири менен кредит алган?
2004-2005-жылдары «Кыргызавтомаш» корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев болгону эч кимге жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө ал формалдуу түрдө ал корпорациянын ишмердүүлүгүнөн алыс турат. Бирок, «Кыргызавтомаш» корпорациясына кирген бир катар ишканаларды анын уулдары башкарып келет. Мисалы, «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын жетекчиси Сейитбек Атамбаев, ал эми «Автомаш-Экол» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Сейтек Атамбаев болуп саналат. Булардан тышкары «Кыргызавтомашта» жогорку кызматтарда 1997-2004-жылдары Бишкек шаарынын экс-мэри А. Ибраимов да отурган.
Расмий маалыматтар боюнча А. Атамбаев 2007-жылдан бери «Кыргызавтомашка» тиешеси жок болуп жүрөт. Бирок, Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында Атамбаев «Корпорация «Кыргызавтомаш» юридикалык жактар биримдигинин башчылыгын токтоткону тууралуу маалымат 2015-жылга чейин сакталган.
«Кыргызавтомаш» тарабынан негизделген «Автомаш-Радиатор» ААКсын бүгүнкү күндө Анатолий Черный жетектейт. Бирок, көшөгө артында аны дагы деле А. Атамбаев башкарып келатканы белгилүү. Ошол эле убакта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду «Автомаш-Радиаторго» кредит берип келет.
Юридикалык жактан алып караганда «Кыргызавтомаштын» алдында түзүлгөн компанияга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кредит бергенинен эч кандай мыйзамга каршы нерсе жок, болгону Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке батыраак ыңгайланышы үчүн атайын түзүлгөн Фонддун республиканын ири саясатчылары калкалаган бизнестерге жеңилдетилген пайыз менен кредит берип атканы өздөрүнүн эле имиджине доо кетирет.
 Ушул эле Фонддон убагында олигарх Бабанов да ири суммада кредит алып, ага «Азия Молл» соода борборун курбады беле? Муну А. Атамбаев сынга алып чыккан болчу.
«Автомаш-радиатор» алдамчыбы?
2014-жылы «Автомаш-радиатор» компаниясынын жетекчилиги алдамчылыкка шектелгени белгилүү. Биринчи кылмыш иши «Автомаш-радиатордун» россиялык «Агромашхолдинг» компаниясынын алдындагы карызына тиешелүү болгон. Соттук териштирүүлөрдүн материалы боюнча, ошондон беш жылча мурун «Автомаш-радиаторго» келишим боюнча 3 миллион доллардан ашуун суммага сатыкка комбайндар берилген. Бирок, ал сумманын 1 млн 5 миң 620 сомун «Автомаш-радиатор» которбой койгон.
2011-жылы РФнын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык коммерциялык арбитраждык сот карызды өндүрүү жана арбитраждык сотко кеткен чыгымды (30 637 доллар) төлөө боюнча чечим чыгарган. Кыргызстандын жарандык-процессуалдык кодекси боюнча чет элдик соттордун чечими эгерде эл аралык келишимдер жана мыйзамдар боюнча каралган болсо, анда ал Кыргызстандын территориясында аткарылууга жатат.
Бирок, эмнегедир «Автомаш-радиатордун» жетекчилиги соттун чечимин аткарууга шашылган эмес. Болгону карыздын 133 170 долларын гана жойгон.
Экинчи соттук териштирүү россиялык «Агромашхолдингдин» алдындагы «Агромашхолдинг-Бишкек» ЖЧКсына таандык беш трактордун жоголушу боюнча болгон. «Агромашхолдинг-Бишкек» ЖЧКсынын башкы директору Сергей Парфеновдун айтымында баасы 55 миң долларлык айыл чарба техникалары «Автомаш-радиатор» ЖЧКсынын территориясында бир нече жылдан бери сакталып келген. Ага «Автомаш-радиатордун» төрагасы Анатолий Черный оозеки уруксат берген. Ал техникаларды «Агромашхолдинг-Бишкектин» өкүлдөрү потенциалдуу сатып алуучуларга көрсөтүп турушкан.
Анан 2013-жылы дагы бир потенциалдуу сатып алуучуга көрсөтүү үчүн барышса, техника жок болуп чыккан. Көрсө, аны «Автомаш-радиатор» сатып жиберген экен.
Мына ушундай көз боемочулуктардын үстүндө АША тураары белгилүү. Себеби, «Кыргызавтомашты» дагы деле башкарып аткан ал өзү. Бул иштер боюнча качан ал татыктуу жоопкерчилигин тартаар экен?

1 ой-пикир

  • Такие низкие люди как Атамбаев, никогда о Народе не думает, только думает как бы нажиться по больше для себя. Большинство Народа в основном Женщины сидят в базаре в холодных Контейнерах и кормят своих детей. Депутаты или Министры или Премьер или Президент пошел бы посмотрел в каких условиях Они торгуют и зарабатывают за жизнь .Кто думает об их здоровьях ,каких детей в будущем затем рожают , Будущее Кыргызов и Кыргызстанцев никого не интересует. А молодежь тоже многие из них за рубежом Тяжелым трудом зарабатывают на жизнь. О генефонде- кто будет думать.
    Вообще, будущее Кыргызстанцев в опасности Долг растет, Государство и Народ будет исчезать в будущем!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *