Атамбаевдин “постчындыгы” же миллиарддаган насыялар жөнүндө дагы бир икая

Эдил Байсалов деген жигит бар эмеспи. Саясаттын күрөө тамырын кармай билгенге жөндөмдүү сапаты бар. Кезинде экс-ажо Алмазбек Атамбаевдин айланасында жүргөн. Кийин четтеп кетти. Атамбаевдин президенттик доорунда анын саясатына каршы чыгып, сын айтып келди. Сынын токтото элек. Байсалов мырза Алмаз Атамбаев тууралуу айныгыс далилдер менен орус тилинде макала жазып жарыялады. Биз ошону өзгөртүүсүз кыргызчалап берүүнү туура таптык…

Өзүнүн алты жылдык өкүмдарлыгынын жыйынтыктарын мактап-жактаган, тагыраак айтканда, 2010-2017-жылдары Кыргызстанга алынган тышкы карыздардын негиздүүлүгү жөнүндө Атамбаевдин кечээки макаласы кылдат талдоону жана коомдук талкууну талап кылат. «Тилекке каршы, биз постчындык доорунда -чындыктын өзүнө караганда маалыматтын эмоционалдык боёгуна көбүрөөк көңүл бурган заманда жашап жатабыз», – деп наалыйт биздин экс-президент. Андай болсо, мында эмоция менен чындык кайда экенин, ал эми экс-ажо айткан пост чындык кайда экенин талдап көрөлү.

Атамбаев 212 миллиард сомдук ($ 4 миллиард 510 миллион сом) ИДПсы бар жана жана тышкы карызы ИДПнын 58 пайызын түзгөн өлкөнү кабыл алып, ИДПсы 493 миллиард сомго ($7 миллиард 144 миллион) жеткен жана ИДПнын 53.8 пайызына барабар тышкы карызы бар өлкөнү өткөрүп берди» —деп Алмазбек Шаршенович өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө пафос менен үчүнчү жактын атынан жазат. «Сталин Россияны буурсунчан кабыл алып, атом бомбасы менен калтырды!» дегендей эле кеп! Тышкы карыздын ИДПга карата катышынын 4 пайызга азайышын Атамбаев өзүнүн «атом бомбасы» катары берген. Менин жөнөкөй түшүнүгүмдө макаланын түпкү маанисинде «Кыргыздар, мага рахмат айткыла! Ооба, мен насыяларды алгам, бирок, баары пропорционалдуу болду. Атүгүл, мен, Атамбаев, улуттук экономиканын көлөмүндөгү тышкы карызды 4 пайызга азайттым (!) десем да болот» деген сөз жатат. Тышкы карыздын өсүшүн экономиканын өсүшүн эске албастан, салыштырма чондукта эмес, абсолюттук чондукта кароо – бул экономикалык анализ эмес, кадимки эле көз боёмочулук жана түшүнүктөрдү атайылап бурмалоо» — дейт Атамбаев.

Адегенде айта кетчү нерсе, эгерде кимдир бирөө түшүнүктөрдү атайын бурмалап жатса, анда ал – Атамбаевдин өзү. Ал эми тышкы карыз тууралуу кеп болсо, анда кыргызстандыктар аны карызды өтө эле көбөйтүп жибергени үчүн сындашкан жок. Кеп башкада! Элди бушайманга салган нерсе, ошол насыяларды натыйжалуу пайдалануу маселеси (жөнөкөй тил менен айтканда, алынган акчалардын уурдалып, таланып, жок болгону), ошондой эле долбоорлордун туура эмес тандалышы (маселен, тигил же бул жолду куруу зарыл беле). Алынган насыялардын негиздүүлүгү жана эсептелгени тууралуу жооптордун ордуна (биз алардын техникалык-экономикалык негиздемесиз алынганын билебиз да), Атамбаев чатактын баары ушундан чыккансып, пропорциялар жана бюджетке карата катыштар жөнүндө бир нерселерди божурайт.

Көз боёмочулук маселесине байланыштуу эки ооз сөз. Биздин кымбаттуу экс-президентибиз ИДП боюнча маалыматтарды көп эле келтирет да, бир гана жолу алынган насыялардын көлөмүн үстүртөн көрсөтөт: «бүгүн саясий чайкоочулар Атамбаевдин учурунда тышкы карыз бир миллиард АКШ долларына көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион долларга жетти деп кыйкырып жатышат». Айлакерликти байкадыңызбы? «Саясий чайкоочулардын» оозу менен Атамбаев анын тушунда алынган насыялардын көлөмүн болгону бир миллиард менен чектеп жатат. Бирок чын эле ошондойбу?

Фактыларды келтирели. Финансы министрлигинин маалыматтарында 2005-жылдын 31-мартына карата (б.а. Акаев бийлиги кулаган кезде) Кыргызстандын тышкы карызы 1.9 миллиард АКШ долларын түзгөн, ал эми 2010-жылдын 31-мартына карата болсо (Бакиевдин режиминин кулашы) – 2,4 млрд АКШ доллары. 2017-жылдын 1-декабрына (Атамбаевдин күнүнүн батышы) биздин карызыбыз 4,015 млрд АКШ долларынан ашты. Жөнөкөй арифметика боюнча эсептесек деле ал өзү айткан «болгону миллиарддан» кыйла ашып кетип жатат. Ушундай «постчындык» сизге жагабы? Бул дагы карызды жабыш үчүн өлкөбүз жыл сайын орточо төлөп келген 100 миллион доллардан башка. Атамбаев Россиянин 240 миллион карызыбызды кечип койгонун (бирок ага чейин да 250 миллион долларлык карызыбызды кечпеди беле?..) өзүнүн эмгеги катары көрсөтүүгө аракет кылат жана насыялардын экономикага катышына басым жасайт. Бирок, мунун баары, кечирип коюңуз, бизди адаштырып, талкуунун нугун эң курч маселеден буруп кетүү үчүн жасалган.

Жаңжалдын төркүнү Атамбаев бийлик кылган 7 жыл ичинде Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Экспорт-импорт банкына болгон карызы 2010-жылдагы 151 миллион АКШ долларынан 2017-жылдын акырына карата 1,701 миллиард долларга көбөйүп кеткенинде. Акыркы айларда эл аралык пресса байма-бай жазып жатканын билсек да, биз азыр мамлекеттик карыздын жарымына жакыны бир өлкөгө таандык экени улуттук эгемендик үчүн чоң тобокелчилик экенин айтпай эле коёлу. Мен өзүм улуу кошунабыздын биздин экономикабыздын өнүгүшүнө жана элибиздин бакубатчылыгын бекемдөөгө чын ниеттен жардам берсек дегенден башка жаман ою жок деп эсептейм. Ачыгын айтсам, менин эркимде болсо, Кытайдан эле эмес, башка булактардан да мындан да көп насыя алмакмын. Бирок кеп башкада. Караламан журтубуздун мурдагы президентке жана анын айланасындагыларга болгон ич күптүсү тышкы карыздын көлөмү боюнча эмес. Маселе ал акчалардын кайда жана кантип коротулганында.

Бишкек ЖЭБи — Атамбаев кийинки макаласын ушул теманы жиликтеп тушүндүргөнгө арнайм деп убада кылыптыр. Бирок борбор шаарыбыздын жашоочулары январь айындагы суук учурунда эле кытайлык профили башка ТБЕА компаниясы 386 миллион доллардын канчалык натыйжасыз пайдаланганына көзү жетпеди беле?.. 300 долларлык кычкачтарды жана ар бири 6 миллион доллардан алган консультанттарды, курулбай калган химцехти жана буу казандар турган тамтыгы кеткен имаратты кантип унуталы?.. УКМКнын убактылуу камагында Бишкек ЖЭБиндеги чатакка тийешеси бар10дон ашык адамдардын, анын ичинде эки атамбаевдик премьер-министрлердин олтурганына караганда, Алмазбек Шаршенович, бул теманы жиликтеп түшүндүрүү сиздин макалаңыздын саптарында эмес, таптакыр башка жайда болот окшойт. Эксперттердин баасы боюнча, ЖЭБди реконструкциялоого ашып кетсе 200-250 млн доллар талап кылынат. Демек, болбоду легенде 130 млн доллар кимдир бирөө тарабынан бөлүнүп кеткен.

ЛЭП жана «Датка-Кемин» станциялары – бардыгы болуп $593 млн. Контракт баягы эле ТВЕА компаниясына берилген. Атамбаев кечээ ошол кездеги кырдаалды аябай драмалаштырып жазыптыр: «мен болгон күчтү жана ресурстарды өлкөнүн энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоону чечтим», дейт ал. Анча-мынча кабары жок адам Датка-Кеминди куруу маселесин Атамбаев чечкен экен деп ойлошу мүмкүн. А чынында электр өткөргүчтөрдү (ЛЭП) куруу сыяктуу эле ЖЭБди реконструкциялоо Акаевдин тушунда эле мерчемделген, ал эми алгачкы меморандумдарга Бакиевдин министрлери кол коюшкан. Бирок бул долбоорлордун бюджеттери канчалык көбөйүп кеткени – бул башка маселе. Энергетиктер ортодо кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөктөрүнө солонуп кеткен акчанын суммасы 30 пайыздан кем эмес деп эсептешет. Демек, дагы 200 млн доллар уурдалган.

«Түндүк-Түштүк» альтернатива жолу. Алгачкы фазаларына алынган насыянын суммасы – 700 млн АКШ доллары. Бул маселе боюнча чечимди Атамбаев жеке өзү кабыл алган. Бул жол керекпи же жокпу, ал кайсы маршрут боюнча өтүшү керек, курулуш улуттук артыкчылыктарга канчалык дал келет деген сыяктуу маселе өлкөбүздө талкууланган да жок. Транспорт жана жолдор министри президенттин иш бөлмөсүнө жөн эле кире калып, экөө ушундай чечим кабыл алышкан. Жогорку Кеңеш жана Өкмөт маселе чечилип калганын кийин билишти. Чынында эч ким жолдун курулушуна каршы чыкмак деле -эмес, бирок, бул авторитаризмдин туу чокусу эле. «Түндүк-Түштүк» жолу менен Жерүйдөн түшкөн 100 млн долларды мектептерди курууга жумшоо маселесин өзү жалгыз чечип койгону эле бийликти басып алып, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткени үчүн Атамбаевди айыптоого жетиштүү болот. Бирок кеп ал жөнүндө да эмес…

Атамбаевдин бул жолду куруу зарыл экенин негиздеген ой жоруму кызык: «Төө-Ашууда табият катаклизми болсо, жылдар бою өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланыш жоголмок». Кудай сактасын, бирок, Атамбаевдин ою боюнча, туннелде май ташыган бир унаа жарылчу болсо, Ош менен кош айтышат экенбиз. Нечен жылдарга!!! Элестетип көрдүңүзбү, бизди кандай алаамат күтүп турганын? Кызык, Суусамырда Төө-Ашууну айланып өтчү жол бар экенин Атамбаев билет болду бекен? Же болбосо Казарманда Жалал-Абад менен Нарындын ортосунда жайында эле эмес, жыл бою региондор аралык унаа каттамын камсыз кыла турган тоннель курууга болоорунан анын кабары жокпу? Бул трассаны куруунун эң башкы максаты чынында «Түндук-Түштүк» каттамы эмес, Камбар-Атада ГЭС куруу үчүн аянтчаны камсыздоо экени жөнүндө эмне үчүн ачык айтылбайт?.. Анын макаласындагы «мен Кыргызстандын түштүгүндө газды кантип өчүргөндөрүн жана согуш жаңжалын чыгаруу максатында Кыргызстандын аймагына аскерлерин киргизгендерин эстетип койгум келет» деген пассажы да кызык. Кандай аскерлер? Жаңжал чыгаргысы келген ким? Ушинтип бизди коркутуу кимге керек болду экен?.. Атамбаев жазган «постчындык доору» эсиңиздеби? «Чындыктын өзүнө караганда маалыматтын эмоционалдык боёгуна көбүрөөк көңүл бурган заман»!

Ошондуктан Атамбаев жолдордун курулушу тууралуу апырта келсе, ага чейин жолдор курулмак түгүл Кыргызстанда таптакыр эле жолдор болбогондой туюлат: «эл аралык жолдор да, республиканын ички жолдору да толук талкаланган болчу». Бирок Атамбаевдин тушунда курулган көп жолдор Бакиевдин заманында эле башталып жана мерчемделип калбады беле. Мисалы, Бишкек шаарындагы жолдорду жапырт реконструкциялоону эле алалы. Эч кандай эсеп-чот жана ишке терең ойлонуп мамиле жасоо деген болбогону көрүнүп турбайбы. Азыркыдан мурдагы мэрди насыяны мүмкүн болушунча тезирээк өздөштүрүү эле кызыктырчу. Дагы бир жолу айтам, жолдорду колко кылуунун кажети жок. Маселе алынган насыялардын жана ошол эле гранттардын канчалык чынчылдык менен жана натыйжалуу сарпталганында жатат. А эгерде Атамбаев Кытайга кеткен темир жолду курууга насыя алып, эч болбосо ишти баштап койсо, анда көп нерсе кечиримдүү болмок. Бирок азыр эми бул темада чайкоочулук кылууга кеч болуп калды.

Акырында, ушул макаласында да Атамбаев өзүнөн мурдакы президенттер тарапка бут серпип өтүү мүмкүнчүлүгүн текке кетирген эмес. Акаевди ал PESAC сыяктуу кредит жана Австралиядан алынган кочкорлор үчүн кекетет. Бул башка сөз үчүн тема, бирок, бир кезде Акаев да ага окшоп, өзүнүн кадырын өзү ашкере көкөлөтүп, Кыргызстанга берилген насыялар жеке ал үчүн гана берилип жатканын баса белгилеп жүргөнүн Атамбаев али түшүнбөгөнү таң калтырат. Атамбаевдин качан болсун ар кайсы жакка барып, өлкө үчүн ар кимден акча сурап жүргөнүн, ал жалгыз өзү иштеп жатканын айтып, наалыганы эсибизден чыга элек (!). Бирок кызыктын баары ушунда, насыяларды алган (жана короткон) Атамбаев болсо, эми аны биз төлөшүбүз керек.

Атамбаев азыркы бийликке да «экономиканы өнүктүрүш керек» деп акыл үйрөтөт. Бирок өзү мойнуна алгандай, ал өлкөдө өндүрүштү жөнгө сала албады жана жумуш орундарын ачкан жок. Биздин жарандарыбыздын чет өлкөлөргө эмгек мигранттары катары агылып кетиши үчүн эшикти анырайтып ачып койгону анын жалгыз жетишкендиги болду. Акыркы жылдары тышка жаш да, кары да кетип жатат. «Атамбаевге рахмат!» Азыр эми жыл сайын Мекенине акча жөнөтүү боюнча рекорд коюшуп, өлкөнү биздин гастарбайтерлер багып жатышат. Так ошол Атамбаевдин тушунда эмгек мигранттары которгон каражаттардын көлөмүнүн өлкө ИДПсындагы үлүшү боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Дүйнөдө!!!

Бир-эки жумадан кийин Тажикстан Рогун ГЭСинин биринчи агрегатын пайдаланууга берет. Атамбаевдин тушунда бир дагы ГЭС курбаганыбыз аз келгенсип, түптүз эле жерден чалынып, «Русгидрого» 37 млн доллар карыз болуп калдык. Ага да кабагым кашым деп койбостон ошол замат чехиялык шылуундар ээлик кылган «Лигласс» менен келишим түзө коюп, ал кездеги президентибиз баш болуп, баарыбыз кандайдыр бир сыйкырдын жардамы менен ГЭС курулуп калат деп күттүк. Анткени, биз да анда «менин бардык долбоорлорум жакшы бүтөт» деп ойлогонбуз. Атамбаев жыл сайын «биз сөзсүз Борбор Азиядагы эң гүлдөгөн өлкө болобуз» деп какшанып жүргөндө региондогу эң жарды өлкө деп эсептелген Тажикстан ар бир жан башына киреше боюнча бизден озуп кетти, Өзбекстан менен бирге алар акыркы жылдары экономикасынын өсүү темпин 6-7 пайызга жеткирип, бизден кеминде эки эсе озуп кетишти.

Ошондуктан, урматтуу Алмазбек Шаршенович, экономиканы өнүктүрүү боюнча кеңештериңиз өзүңүзгө эле кут болсун. Сиздин убактыңыз бар болчу! Сиз аны пайдалана алган жоксуз! Элибиз башка жол менен, сиздикинен башка жол менен кетти!

Булак: “Де-Факто”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *