Атамбаевдин тыш жактан алган карыздары өлкөнүн эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна коркунуч жаратат

Мурунку ажо майрамдардан кийин үн катып (ага чейин үн бүткөн эмес, ал тургай мамлекеттик маанидеги майрамдарда эл алдына чыкпай, дымып калган) өзү башкарган алты жылда тышкы карызды мыкты калчаганын, анын ийгиликтерин кээ бирөөлөр көргүсү келбей жатканын арман кылып айтты. Ал киши “Бүгүн саясаттагы кызыл кулактар Атамбаевдин тушунда тышкы карыз көбөйүп, 3 миллиард 800 миллион АКШ долларына жеткенин айтып кыйкырышууда. Бирок бул жерде алар, эгерде тышкы карыз доллар менен алганда 47,2%га, сом менен алганда 115,4%га өссө да, номиналдуу ички дүң продукция сом менен 132,5%, га, доллар менен алганда 58,5%га өскөнүн таптакыр көргүсү жок” деп өзүнүн ийгилигин коомчулукка “чындык ушундай” деп жар салды.

Атамбаев бийлигин расмий түрдө 2017-жылдын 24-ноябрында тапшырып бергени менен, факты түрүндө 2018-жылы “досу” Сооронбай Жээнбеков менен эки ача жолго түшкөндөн кийин гана кадыры кетип, колундагы таасирин жоготту. Атамбаев айткандай анын тушунда тышкы карыз 3 млрд 800 млн доллар эмес, 4 млрд доллардан ашты (4 млрд 80 млн 580 миң АКШ доллары). Бул акча сомго которгондо 280 млрд 905 млн 170 миң сом болот. Мамлекеттин ички карызы 449 млн 470 миң доллар, же болбосо 30 млрд 941 млн 80 миң сом. Атамбаевдин тышкы карыз ИДПнын (ички дүң продукция) 58 пайызын түзөт дегени чындык. Аны эч ким жалган деп айта албайт. Бирок, ички карызды кошкондо 58 пайыз эмес, 63,2 пайызга чыгып кетип жатпайбы.

Аскар Акаев 1992-жылы 4 млн 968 миң доллар тыштан карыз алса, 2005-жылы бийликтен кулап, 1 млрд 949 млн 419 миң долларды “мурас” кылып калтырып кеткен. Курманбек Бакиевдин тушунда тышкы карыз 2 млрд 475 млн 578 миң долларга жеткен. Жаңы президент болуп келген жылы тышкы карызды 67 млн долларга азайткан. Атамбаев 6 жылдык мөөнөтүндө оозунан түшүрбөй жамандап бүтө албаган Бакиев алгачкы жылында 67 млн долларга азайтыптыр. Атамбаевдин тушунда (2010-жылы да экономикага жооп берген адам болгон) 4 млрд 80 млн 580 миң долларга жетип олтурат. Азыр кылган иштерим эл үчүн болчу деп “бышактап” аткан мурунку президент 7 жыл аралыгында тышкы карызыбызды жок эле дегенде 7 долларга азайтыптырбы? Тескерисинче, жыл сайын карыздын көрсөткүчү өсүп жатты.

Атамбаев алган карыздарды “Кредиттер Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн башкы деп эсептелген ошол кездеги эки негизги көйгөй — ​энергетика жана жол маселесин чечүү үчүн алынган” деп өзүн жоошутуп олтурат. Мурунку ажонун учурунда энергетика тармагында жасалган ири долбоорлор Датка-Кемин жана Бишкек ЖЭБди айта турган болсок, бул долбоорлор Атамбаевдики эмес, Максим Бакиевдин долбоорлору болгонун, Максим Кытайга барганда Атамбаевдин командасы көрсөткөн суммадан кыйла төмөн баада сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн экс-ажо неге айтпайт? Бул ири долбоорлордон уурдалган акчалар жөнүндө да Атамбаев жакында үн ката турган болуп жатыптыр, аны ошондо кеп кылган туура болот.

Тышкы карыз тууралуу көп сөздү жазып, көпчүлүктү түшүндүргүсү келген Атамбаевдин түшүндүрмөсүнө түшүнгөн жан болбоду. Экономисттер да бул билдирүүнү окуп алып, эч нерсе түшүнбөй эстери ооп турган чагы.

Акыркы 7 жылды алганда, Кыргыз мамлекетинин башка өлкөлөрдөн карыз алуусу тездик менен өскөнү байкалат. Алынган кредиттердин көпчүлүк пайызы Кытайдын Экспорт-импорттук Банкынан (Эксим Банк) алынган. 2017-жылдын аягында кытайлардын банкынан эле алган карызыбыз 1,7 млрд долларга жеткен. Бул өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 42 пайызын түзөт экен. 2009-жылдын аягында Кытайга болгон карызыбыз тышкы карыздын болгону 2 пайызын түзсө, Атамбаев бул көрсөткүчтү 40 пайызга чейин алып чыгып, өлкөнү “өлтүрчү” минага олтургузуп койду. Эң коркунучтуу тышкы карызыбыз Кытайдан алган болуп турат. Кытай карызды кечип жибере турган өлкө эмес, ал тургай мөөнөтүн да узартып бербейт. Кандай келишимдик негизде алсаң, ошол боюнча төлөтөт. Атамбаевдин командасы Эксим Банктан карыз алып жатканда келишимде “Карыз кечирилбейт, мөөнөтү узартылбайт. Кыргызстан эгемендүү мамлекеттин суверенитетин колдонбойт. Талаш-тартыштар Кытайдын мыйзамы менен Гонконгдун Эл аралык Арбитраждык борборунда чечилет” деп каралып, ага “азамат” көрүнгүсү келип жаткандар кол коюп беришкен. Атамбаевдин командасы муну менен өлкөнүн коопсуздугун коркунучтуу жагдайга алып келген. Кытай каалаган мезгилинде алган акчанын мынча суммасын төлөп бер деп талап кылууга акысы бар. Кытайдын мыйзамына макул болуп карыз алган мурунку команда бул жөнүндө ойлоду бекен? Же өзүбүз жыргайбыз, кыргызды кыйнайбыз да деген ойдо болгонбу?

The Wall Street Journal басылмасы Center for Global Development Эл аралык изилдөө борборунун аналитиктеринин ою боюнча Кытайдын Эксим Банкынан карыз алып, каржылык жактан байланган өлкөлөрдү жарыялаган. Алар- Джибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив, Монголия, Черногория, Пакистан, Тажикстан. Кыргызстанды дагы Эл аралык изилдөө борборунун аналитиктери карызды кайтарып берүүсү кыйын, Кытайга ушул акча менен байланып калды деген пикирде болушкан. Муну Атамбаев не айтпайт?

Тышкы карызды төлөй турган кыйын учур 2025-жылдан тартып 2029-жылдарга туура келет экен. Анда жыл сайын 320 млн доллар тышкы карызды жапканга кетет. Өзгөчө оорчулукту Кытай насыялары жаратат. Ушул 5 жылдык мөөнөттө 1,531 млрд долларды карыздан кутулууга жумшайбыз. Кытайга берген акча ушул сумманын 71 пайызына чейин чыгат. Жалпак тил менен айтканда жыл сайын 215 млн долларга чейин төлөнөт.

Эл аралык каржы донорлоруна салыштырмалуу Кытайдын Эксим Банкынын шарттары да жумшартып айтканда аябай эле татаал. Бул банк насыяны жеңилдиктер менен бере бербейт. Эл аралык донорлор насыяны 25 жылдан 40 жылдык мөөнөткө, жеңилдетилген мөөнөтүн 10–13 жыл деп, насыянын жылдык пайызын 0,75 пайыздан 1,5 пайызга чейин берсе, Кытай 20–25 жылдык мөөнөттө, жеңилдетилген жылын 7–11 жыл деп, жылдык пайызын 1,5–2 менен берет.

Кытайдан бизге окшоп 1 млрд доллардан ашык карыз алган Шри-Ланка портту 99 жылга кытайлыктарга ижарага бергенге аргасыз болду. Джибути деген өлкө дагы Кытайдан алган карызын төлөй албай, порт терминалын көзөмөлдөөнү Кытайга бергенге мажбур болуп турат. Монголия, Лаос, Черногория Кытайдан миллиарддаган долларлык насыяны инфраструктураны жакшыртабыз деген долбоорлордун негизинде алыптыр. Бизде дагы так эле ошондой болгон. Муну Атамбаев билдирүүсүндө жакшы белгилептир. Бул долбоорлор Европа жана Азияда соода жолун жаратуу үчүн пайда болгон “Пояс и путь” деген долбоор менен байланышкан. Ушул долбоордун катышуучусу болгон өлкөлөр жол менен порт куруу иштерин жүргүзө баштап, баардык каржылоо Кытайдын эсебинен кеткен.

Тонга деген мамлекет Кытайдын Эксим Банкынан болгону 117 млн доллар насыя алып, карызды жаба албай кыйынчылыкка туш келип олтурат. Тонганын премьер-министри Акили Похив 15-августта Пекин алардын өлкөсүнөн бир топ активдерди алып коюшу мүмкүн экенин айткан.

Алмазбек Шаршенович, сиз Кытайдан алган 1,7 млрд долларды төлөөгө кудуретибиз жетпей калса Кыргызстанда порт жоктугуна байланыштуу жерибизди беребизби?

Наралы Асанбаев

Булак:”Жаңы Ордо”

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Атамбаев менен Акаев Кыргызстанды сызга олтургузган Президент болушуптур. 3 Президенттин ичинен Кыргызстандын онугуусуно кобуроок салым кошкон Бакиев экен. Максим дагы коп инновацияларды алып келген. Атамбаев эле Бакиевди мокочо кылып корсотту элге. Бакиевди реабилитация кылуу керек. Кыргыздар, таарынбагыла бирок тундуктун эли “бийликке озубуздукун коебуз, сартты жоготобуз” деп эле алып коюшту Бакиевди. Кордунорбу “болунгонду бору жейт” деген создун аныктыгын? Эми Кытай бизди жегени калды. Акылынарга келчудой болдунар. Болунбо кыргыз болунбо!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *