Атамбаевдин указы менен түзүлгөн Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуучу топ Кыргызстанда анашага уруксат берүү маселесин талкуулады

Кечээ, 2-майда Алмаз Атамбаевдин указы менен түзүлгөн Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясын иштеп чыгуучу топ жыйын өткөрүп,  Кыргызстанда анашага уруксат берүү маселесин да карады.

“Кыргызстанды канткенде туристтик бейишке айландыруу керек? Эгер силер ошончолук эле неолибералист болсоңор анда бир фишка тапкыла да… Мен  туристтердин баарын биздин өлкөгө алып келүүнүн жолун билем. Марихуананы (анаша – ред. КТ) пайдаланууга уруксат бергиле. Болду, жетишет. Башка эч нерсе кылуунун кереги жок. КМШнын баары пачкалап жыйылып бизге келе башташат. Мейманкаларыбызда жана башка тейлөөчү жайларда бош орун калбай калат. Мына ушуну фишка десе болот.  А силерде мындай драйвер болчу фишкаңар жок”, – деди КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловго карап.

“Биз азыр баалар боюнча Түркия менен да атаандаша албайбыз. Бизде эс алганга караганда Түркияга самолет менен учуп барып, жети күн эс алып келген арзан түшөт”, – деди Абдыгулов.

Марихуана  – бул кара куурайдан жасалчу анашанын бир түрү жана психоактивдүү бангизат болуп эсептелет. Ал эми кара куурай Кыргызстанда кеңири өсөт.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир ай мурда, 3-апрелде Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрүп, анда 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштаган.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-жылы Алмаз Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Бул кеңешке премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, Башкы прокурор, Улуттук банктын төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси кирет.

2013-жылы Атамбаевдин жетекчилиги алдында иштелип чыгып кабыл алынган Кыргызстанды 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы 5 жылга кабыл алынып, анда бул 5 жыл ичинде Жогорку-Нарын каскад ГЭСтерин куруп бүтүрүү, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, Кыргыз-Кытай темир жолунун курулушун баштоо сыяктуу стратегиялык пландар бекитилип, аткарылбай калып кетти. Эми болсо 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгып жатышат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *