“Атамбаевсиз КСДП!”

Кечээ Чүй облусунун Москва районунун Беловодск шаарында КСДП партиясынын Москва райондук партиялык конференциясы болуп өттү. Конференцияга 300дөн ашык делегаттар катышып, форум тазалануу, партияны кайрадан жандандыруу багытында, “Атамбаевсиз КСДП” деген лозунг менен жүрүүдө.

“Партиядан негизсиз чыгарылдым, КСДПга ууру-коррупционерлердин баарын чогултуп, партиянын кадырын кетирген Атамбаев партиядан чыгарылсын” деген партиянын ветеран мүчөлөрүнүн бири Сагынбек Абдырахманов баштаган социал-демократтар башынан айтылып келе жаткан сөзүндө туруп, бүт региондордо конференцияларды өткөзүп, акырында Бишкекте партиянын сьездин өткөрүү ниеттерин дагы бир ирет бышыктап, конференциянын катышуучуларынан колдоого ээ болушту.

Партия лидери Алмазбек Атамбаевге болгон жалпы элдик нааразычылык ал кызматын өткөзүп бергенден кийин, анын айлана-чөйрөсүндөгү жан-жөөкөрлөрүн былыктары ачылып, алар менен бирге экс-президенттин өзүнүн да көптөгөн коррупциялык схемаларга тийиштиги бар экендиги ЖМКларга жарыялангандан баштап күчөп, партиялаштарынын дал ушундай чечкиндүү кадамдарын жаратты.

Атамбаев заманында миллиардаган долларлар уурдалып, өлкөнүн тышкы карызы экономика көтөрө алгыс деңгээлге жетип, мамлекеттин келечегине катуу сокку урулганы маалым болгондон бери коомчулук бир беткей эски бийликтен түңүлүп, Сооронбай Жээнбековго ишеним арта баштаганы ачык байкалууда.

Бул конференцияны жактырбай, мурдун чүйрүгөн азыркы КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева мындай билдирүү таркатты: “Маскарапоздордун айтканына түшүндүрмө бербей эле койсок болмок. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, тууган энесин да сатып жибергенге даяр адамдар бар. КСДПда деле кызмат жана бийлик үчүн башка партиялардан келгендер бар. Москва районунда болуп өткөн чогулушта КСДПнын араң эле 15тей мүчөсү болгон. Эмнеге чогулганын көптөр билген да эмес. Атамбаев КСДПда партияга бийлик жана мансап үчүн келгендерден тазалануу процесси жүрүп жатканын бир нече жолу айткан. Акыркы жылдарда партияда мындай “уйгактар” толуп кеткен. Эми алар Сагынбек Абдрахмановдун артынан ээрчип, КСДПдан биротоло чыгып кетишсе, буга кубанып гана калар элек. Москва районунда КСДПнын эң аз сандагы аймактык партиялык уюму бар экенин белгилей кетүү керек. Бүгүн Ак-Суу айылында өткөн чогулуш конференциянын статусуна ээ эмес. Анткени КСДПнын Уставынын негизги жана аймактык партиялык уюмдар жөнүндөгү Жобонун талаптары сакталган эмес”.

“КСДПны сактап калабыз” деген ураан менен баш көтөрүп, жандалбастаган Сагынбек Абдырахмановго окшогон партиялаштардын саны күндөн күнгө арбып бара жатканына деле карабай, элди тоногондун эсебинен каржыланып жаткан Фариддин “Апрель” фондунун бир ууч жугундукорлорунун үнү кыжырды келтирип, дагы деле маалымат айдыңында пикир жаратууга далбастаганы менен майнап чыгаары өтө күмөндүү. Анткени бетке кармай турган адам жок. Баары түңүлүп, беттери чыдабай баса беришип, аты жыты жок соцтармактардагы фейктерге жамынуудан башка аргалары калбаган. Ачка калгандан аргасыз жугундукор болууга мажбур болгон айрым гезиттер, Фарид өзү, анан Кодуранованын үстөлүн сүрүп, чыны-чайнегин жууп жүргөн Кундуз Жолдубаеваны бетке кармап, калгандан кийин булардан эмне “толк”. АШАнын каржысын саман сыяктуу майнапсыз сапыргандан башка… Андан көрөкчө “адалданалы, оңололу, тазаланалы” дегендерди Кудайым колдосун дегенден башка кеп жок.

А.АСАНОВ

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *