Дагы бир аткезчилик каналы ашкерленди

Кыргыз чек арачылары аткезчилик жол менен ташылган 100 миң сомдук товарды алып жаткан сегиз кыргыз жаранын кармады. Бул жөнүндө Мамлекепик чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, дүйшөмбү күнү, 2-апрелде, чек арачылар мыйзамсыз негизде 59 кап пахтанын үрөнүн алууга далалат жасаган сегиз кыргызстандыкты кармаган. Окуя кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча атакезчиликтин жалпы баасы 100 мин сомду түздү.

– Кармалгандар мыйзамды түз бузбастан, товарды чек арадан ыргытып алып өтө башташкан. Мындай мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу максатында атайын иш-чаралар өткөрулүп жатат,- деди Кыргыз Мамлекеттик Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Тажибаев.

Ошентип, кармалгандарга айып салынып, мыйзамсыз кирген товарлар бут Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *