«АЮ Холдинг» ассоцациясынын Президенти Шаршенбек Абдыкеримов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 350 миӊ сомдук жардам берди

Кечээ, 3 декабрда «АЮ Холдинг» ассоцациясынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган 360 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 350 миӊ сомдук жардам көргөзүштү. Аларга компания тарабынан тамак-аш, жылуу одеялдар жана башка биринчи керектелүүчү оокат-аш таратылды.

Белгилеп кетүү керек, «АЮ Холдинг» Ассоцациясынын Президенти Шаршенбек Абдыкеримовдин жүргүзгөн корпоративдик саясатынын негизинде компания кайрымдуулук максатындагы иш-чараларга миллиондогон сом каражаттарды бөлүп келатат. Айта кетүүчү нерсе – Ш.Абдыкеримовдун ошондой колдоосунун аркасында жакында кыргыздын бешбармагы рекорддордун Гиннес китебине уникалдуу тамак-аш катары киргизилди.

3-декабрда өткөн майып адамдарга көӊүл бурууга байланыштуу иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, «АЮ Холдинг» ассоцациясынын вице-президенти Кубат Оторбаев, Майыптар ассоцациясынын жетекчиси Калык Мамбетакунов,  Сокулук районунун акими Таалайбек Корголдоев катышты.

Иш-чаранын конокторуна ысык тамак-аш берилип, концерттик номерлер тартууланды.

«АЮ Холдинг» ассоцациясы – көп функционалдуу ири компания. Ал өндүрүш, агро өнөр-жайы, айыл-чарбасы, курулуш, медицина, финансы, соода-сатык тармагында реалдуу экономикага салым кошуп, 15 жылдан бери казынага ири каражат которуп келаткан холдинг болуп эсептелет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *