Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын: “Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады”

Өткөн жумада Кыргызстанды гана эмес, бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн Көчмөндөр оюну болуп өттү. Баарынан көпкө эл суктана күткөн нерсе казак-кыргыз акындарынын айтышы болчу. Айтышка акындарды тандоо туруна келгенде дагы бир топ талаш-тартыштар болуп кеткен. Биз бүгүн дал ошол “Айтыш” коомдук фондун бир кезде жетектеген, бул айтышта баш байгени жеңип, кыргыздын намысын талашкан айтылуу акыныбыз Азамат Болгонбаевди кепке тарттык.

— Азамат байке, алгач сөздү көчмөндөр оюнунун өзүнөн баштасак. Сиздин купулуңузга толдубу?

— Көчмөндөр оюну кыргыз эли үчүн руханий баалуулуктарын, басып өткөн жолдорун, бабалары кандай турмушта жашаганын, мезгилдерди, доорлорду басып өткөндөрүн эстеп алууга, ошол мезгилге бир аз да болсо аралашып алууга шарт түзүп берди деп ойлойм. Спорттук оюндарды дээрлик көрө алган жокмун, теледен гана карап жаттым. Кырчында абдан көп сынактар өттү. Айтыштан баштап, ар бир аймактын жайган дасторконунан, тиккен боз үйүнө, көргөзгөн иш чарасына чейин сынак кылышыптыр. Баардыгы үзүлүп-түшүп даярданышыптыр. Кырчындагы Алтынбек Максүтов байкебиз койгон театралдык ачылышта көрөрмандардын көпчүлүгү көзүнө жаш алып көрүштү. Ага өзүбүз дагы күбө болуп жаттык. Аны көрүп жаткан адамдардын көкүрөгүнөн нур чачырап ушундай эл турбайлыбы деп суктануу менен кабыл алып жаткандыгын көрүп, бул иш чара өзүнүн максатына жетти деп ойлодум. Мамлекет үчүн жанын берген маданият өкүлдөрү башкы режиссёрдон баштап жүрөгү менен берилип иштегени көрүнүп турат.

— Керемет жайлообуздагы көпчүлүк күткөн казак-кыргыз айтышынын деңгээли башка айтыштардан эмнеси менен айрымаланды?

— Бул айтыштын негизги темасы көчмөндөр оюнуна, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, “Айтыш” коомдук фондунун 15 жылдыгына арналды. Бул нерселердин баардыгы айтыштын өзгөчөлүгү деп эсептейм. Албетте, негизги системасы мурдагы тартип менен эле өттү. Биз айтышка кетээрде казактар келип алып “олимпиадада биздин балдар мынча жеңди, силер жеңбей калдыңар” деп айтат экен дешти. Бирок казактын бир акыны “силерге олимпиаданын алтынынын эмне кереги бар? Силер ат үстүнөн тишиңер менен жерден алтынды эңип алат экенсиңер”- деген салыштыруу элдин улуулугун, буга чейинки элибиздин эрдигин жакшы нерсе менен чагылдырып берди. Айтышта абдан жакшы ойлор айтылды. Жаштардын көкүрөгүнөн жалындуу кептер чыгып жатты. Мамлекеттин айтышка каражат бөлгөнү дагы өтө сейрек кездешет. Мамлекеттин бир жарым миллион сом бөлүп бергенин эске салсак, айтышка болгон мамилесинин бир үзүмүн көрсөттү болуш керек деп эсептейм. Негизги ишти “Айтыш” коомдук фонду өзүнүн мойнуна алып, Маданият министрлиги менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Казактардан өзүнүн мамлекетинде зор ийгиликтерге жетишкен 8 акын келиптир.

— Казактардан күчтүү акындар келиптир деп айтып жатасыз? Кимиси менен айтышуу сизге оор болду?

— Биринчи күнү айтыш эки тур менен өттү. Ошол айтыштарым өзүмдүн купулума көп толбой калды. Айта турган ойлорумдун баарын айттым. Чек ара сыяктуу маселерди козгошко туура келди. Дипломатиялык түрдө мындай нерселерди козгобоюн деп барганмын. Себеби Айтпай Жумагулов деген казак акыны менен айтыштым. Шартка байланыштуу ал акынды алдын ала интернеттен карап дагы изилдеп албаптырмын. Буга чейинки казак кыргыз айтышында аны менен дээрлик кездешип көрбөптүрмүн. Ошондуктан аны менен айтышуу бир аз оорураак болду. Экинчи айлампада Мухтар Ниязов экөөбүздүн айтышыбыз дээрлик кызык өттү. Башка жуптарга караганда айтышыбыз узагыраак болду. Сырын билген жоо атышканга жакшы дегендей, бири бирибизди жакшы билет элек. Анткени Мухтар менен 2005-жылдан бери Астанадагы “Шабыт” фестивалынан бери таанышпыз. Мухтардын сырын билем, кандай ыкмаларды колдонот жаттап бүткөм.. Залда өткөн айтыш менен сыртта өткөн айтыштын дээрлик айрымасы болот. Жалпы акындар үчүн сырттагы кырдаалга кирип кетүү дагы абдан оор болду. Себеби Филармонияда айтышсаң көрөрмандар сахнага гана назары бурулат. Сыртта болсо бирөө ат чаап өтүп кетет, же башка иш кылып жаткан болот. Чоң аймак болгондуктан оюң менен көрүүчүлөр дагы чачырап кетет. Ошондуктан бир жерге чогултуу кыйын болгондуктан биринчи күнү башкаларды билбейм мен кыйналдым. Экинчи күнү дээрлик сонун маанайда чыкканга шарт түзүлдү. Казактар дагы албетте алар келгенде жакшы ойлорду айтат. Өздөрүнө баргандагыдай мамиле жасашпайт. Негизинен айтыш сонун болду.

— Казак акындарынын таржымалын сиз жакшы билесиз да. Кимдер келгенин айтып кетсеңиз?

— Мухтар Ниязов өзү алтын домбраны уткан жигит. Кечээ бирөөлөр казактын таанымал эмес акындары келиптир деп айтып жатат. Анан мен тамашалап “силер тааныбасаңар биз тааныйт экенбиз. Мухтар Ниязов үч килограмм алтынды уткан акын” деп койдум. Нурмат Мансуров экинчи орунду алды. Бул жигит 2004-жылдардан бери айтышып келе жатат. Азыр Астанада жашап, радио журналист болуп иштейт. Дидар Камиев деген бизден кичүүрөк бала. Бирок Казакстанда элдин бүйүрүн кызыткан чоң айтыштарда баш байге алып жүрөт. Эржеңиш Абдиев деген өзү математик мугалим экен. Ал дагы өзүнүн багытында жолу, орду бар акын. Айтпай Жумагуловду гана тааныбайт экенмин. Биринчи орунду алган Жаркынбек Наушарбеков деген бул Элмирбек, Жеңиш байкелер курагындагы мыкты акындардын бири. Алар биздин айтышка абдан суктанып силердеги айтыш табигый өтөт, жасалмалуулук жок деп айтышты. Казактар абдан дыкат даярданат. Кыргыз акындар болсо чапаныбызды кийип алып, комузубузду көкүрөккө кармап жайлоонун этегинде басып жүрдүк. Алар болсо бизди “ ой бай, мына бул кыргыз акындарынын даярдыгы күчтүү окшойт, кыжаалат болушпайт го” дешти. Биз деле даярданабыз, ойлорду топтоп көкүрөккө көрөңгө жыйып. Даярдыктын табияты ушундай болот.

— Айтыштын алдындагы тандоо турунда бир аз уруш да чыгып кетти. Чоң акындарыбыз Жеңишбек Токтобеков менен Аалы Туткучев катуу чычалап, сөз чыгарып эки жаат болуп социалдык баракчалар гүүлдөп жаман-жакшы сөздөр айтылып жатты. Сиздин комментарий?

— Биринчиден мен бул айтыштын уюштуруучусу эмесмин. Болгону “Айтыш” фонддун курамында бар адам катары көмөктөштүм. Бирок өнөр адамы катары айта кетсем болот. Алардын да өз чындыгы бар. Алардын кадырына, адамдыгына шек келтиргим келбейт. Жеңишбек байке менен Аалы акындарыбыз калыстар тобунун айрым мүчөлөрү менен пикири келишпегендиктен айтышка катышпайбыз деп баш тартып коюшту. Жалпы күйөрмандардын көпчүлүгү айтышка катышып берсе деп суранып да жатышты. Эми алардын өздөрүнүн чыгарган чечими бар окшойт, айтышка келишкен жок. Социалдык тармактарда өтө талаш-тартыш жүрүп жатты. Жеке өнөрпөз катары, буга чейин “Айтыш” фондду жетектеген өкүл, ар түрдүү айтыштарды уюштуруп жүргөн адам катары бир нерсеге абдан сүйүндүм. Ооба, ар кандай сөздөр айтылып жатты. Бирок жалпы эл айтышка күйүп жатты. Сүйүнгөнүмдүн себеби 2001-жылы Тарых музейинде биз атайын айтыш өткөрчүбүз. Ал жерде ашып кетсе 300 орун бар. Көп дегенде 20 көрүүчү келет, айтышка болсо 60 акын катышат. Ошол убакта Садык байке “биз айтыштын байгесине машина коёбуз. Буйруса чоң айтыштарды Филармонияда өткөрөбүз. Ошол жерде эл батпай турат” десе кээ бир акындар күлүшчү. Ошолордун баары чындыкка айланып жатат. Айрым майда-чүйдө кемчиликтин айынан бүтүндөй улуу өнөргө шек келтирүү мүмкүн эмес. Айрым адамдар акындардын ортосундагы нерседен ажырым жаратып жибере жаздады. Бул учурлар деле өтүп кетти. Айрым өзүбүздүн замандаштарыбыздын акындардын ортосуна чок салганга аракет кылышканына таң калдым. Таптакыр айтышка башка өңүттө карап, Садык байкени бут тосуп жатат дегендер чыкты. Бирок Садык байкенин айтышка кошкон салымын, кылган мээнетин эки адамдын ортосундагы таарыныч менен жокко чыгарып ийгенге эч кимдин укугу жок. “Бышкан аштын ээси көп” дегендей айтыш гүлдөп турган кезде сын айтуу оңой. Эмне үчүн ошол адамдар бир акын базарда жүргөндө, көр оокаттын айынан башка акын койчу болуп кеткен кезинде кайда эле деген пендечилик ойлор да келет. Жеке адамдардын арасындагы таарынычтын айынан мындай чоң эмгекти жокко чыгарууга таптакыр эч кимдин акысы жок.

— Жакында кыргыз өкмөтү сыйлыктар боюнча чечим чыгарып, акындарды да Эмгек сиңирген артист, Эл артисти деген сыйлыктарга көрсөтүптүр. Сизди да Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти деген наамга көрсөтүптүр, чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сыйлык, чыгармачылыкты көтөрүүгө чоң стимул болот дешет. Сыйлыктын сыймыгын сезип жатасызбы?

— Көз көрбөсө, көңүл толбойт болуп жатат окшойбуз. Себеби буйрук чыкканы менен азырынча наамдарды колубузга ала элекпиз. Албетте ар бир адамга жакшы сөз эле канча эргитет. Бирөөдөн жакшы сөз угуп калсаң кубанат эмессиңби. Сыйлык деле кандайдыр бир деңгээлде стимул болуп берет. Бирок бул Элмирбек байкеге, болбосо Жеңишбек байкеге, Аалыга же Азаматка берилген сыйлык эмес. Бул кыргыздын кыргыз экенин, улуу экенин далилдеп келген өнөр, бул төкмө акындардын өнөрү. Ошол өнөргө болгон мамлекеттин көңүл буруусу деп эсептейм. СССРдин учурунда айтышка катышкан төкмө акындардын сыйлыгын алган акыркы адам Замирбек Үсөнбаев агайыбыз. 2010-жылы 3 акыныбызга да сыйлык берилди. Андан кийинки жылдардагысы берилди. Мунун да түпкүлүгү барып, “Айтыш” коомдук фондуна барып такалат. Айтыш коомдук фондунун биримдиктүү ишинин аркасы менен ушундай деңгээлге акындар жетишип жатат. Баарыбыз пендебиз, жаңылабыз, кулайбыз. Бирок кулаган адам турат, жаңылган адам түзөлөт. Ошондуктан “Айтыш” коомдук фондунун аркасы менен акындар ушундай даражага жетип жатат. Акындарды алган сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте сыйлык деген көкүрөгүңө эргүү дем берет экен.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *