Азамат Шаршенов, актер, режиссер: Евразия көпүрөсү фестивалына Кыргызстандан биринчи биз катыштык

– Жакында эле кинофестивалга барып жеңиш менен келипсиздер, куттуктайбыз. Бул фестивалга кантип барып калдыңыздар?

– Негизи фестивалга барып катышып, утуп келмек турсун, фестивалга баргандын өзү эле чоң жеңиш. Себеби фестивалга катышуу үчүн дүйнө жүзүндөгү 10 миңдеген кинолор каттоодон өтүп, ошонун ичинен иргелип, талапка жооп берди деген 100гө жакын кинофестивалга катышуу укугуна ээ болот. «Евразийский мост» кинофестивалында биз ошол тандалган фестивалга катышуу укугуна ээ болгон кинолордун катарына кирдик. Фестивалга катышуу укугуна ээ болгонубузга абдан кубандык. Бул абдан чоң масштабдуу фестиваль. Бизге чакыруу келди. Барып келген каражаттардын, жатакана, тамак-ашыбыздан өйдө фестивалды уюштуруучулар өздөрү каржылады. Болгон шарты түзүп беришти. Чынында көп учурда мындай шарттарды түзүп берүү көпчүлүк фестиваль уюштуруучуларынын колунан келе бербейт. Барганыбыздын акыбети кайтып, эки сыйлыкка ээ болуп келдик. «Крымдыктардын сүймөнчүлүгү» жана «Калыстардын атайын сыйлыгы» деген номинацияларды жеңип алдык. Жалпысынан 100го жакын кино катышса, ошолордун арасынан көрүүчүлөр өз сыйлыгын бизге берип, биздин кинону тандап алышты. Бул бизди абдан кубандырды жана биз үчүн чоң сыймык болду.

– Бул фестивалга кайсы тасмаңыз менен катыштыңыз?

Аталган фестивалга «Жашоо керемет» деген кино менен барганбыз. Кино менин мугалимим Димитрий Михайловичке арналган. Мугалимим көзү азиз, тасмада анын жашоосун, үй-бүлөсүн чагылдырганбыз. Биз адамдар жашоодо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды байкабайт деле экенбиз. Тасма аркылуу арабызда ошондой адамдар да бар экенин, алардын жашоосу да кызык боло турганын көрүүчүлөргө жеткирүүнү максат кылганбыз. Негизи фестивалдарга көбүнчө адамдардагы көйгөйлөрдү чагылдырган тасмалар өтөт. Эми андай тасма десе эле бирөөнүн оор жашоосун чагылдыруу эмес, жакшы нерсени деле берсе болот экен. Бизде коммерциялык жана автордук кинолор деп бөлүнөт. Башында коммерциялык кинолорду тартып жүрүп, эми автордук кинолорго өтүп жатам. Коммерциялык кинону тарттың, кинотеатрларга койдуң, акча таптың, бүттү, киноң ошону менен калып калат. А автордук болгондо, өзүңдүн айта турган оюңду коомго айтып, жан дүйнөңдөгү көйгөйдү элге жеткире аласың да. Бул фильм ушуну менен төртүнчү эл аралык сыйлыгын алды. Кудай буюрса, дагы көп ийгиликтерге жетебиз деп ишенем.

– «Евразия көпүрөсү» кинофестивалына мурда бизден катышкандар болду беле?

– Бул фестивалга жаңылышпасам, биринчилерден болуп биз катыштык окшойт. Биздин коңшу мамлекеттер: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан да аталган фестивалга катышуучулар барган жок. Алардын тасмалары талаптарга жооп бербей калышты окшойт. Корея, Индия, Балтика, Москва сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн катышуучулар келип, өз күчүн сынап көрүштү.

– Фестивалга баруунун максаты эмне, акча табуубу же атты чыгаруубу?

– Фестивалга дүйнө жүзүндөгү ар кайсы өлкөдөн ар кандай мыкты инсандар келет. Биз эмгегин баалаган режиссерлор, актерлор келишет. Алар менен баарлашып пикир алышып, тажрыйба алмашып, билбегениңди үйрөнөсүн дегендей, фестивалдын көп эле жакшы жактары бар. Сөзсүз эле ат чыгаруу же акча табуу пайдасы турбайт. Фестиваддын арты менен эл таанып, жер көрөсүң. Кыскаы пайдасы гана болбосо, зыяны жок. Бир жакшы жери, биздин өлкөнү да башкалар таанып-билип калышат.

– Кыргыз киносу иргелет, сандан сапатка өтөт деп эле келебиз, сандан сапатка өткөн учурга келдикпи?

– Эми ар бир тарткан тасманын  кемчиликтери болот. Ал кемчиликтер убакыт өткөндөн кийин өзүңө деле байкалат. Айтылган сын-пикирди эске алып, кетирген кемчиликтерди кийинкиде кайталабай, мурдагыга караганда кийинки тасманы жакшы тартканга аракет кылыш керек дейм. Сапаттуу тасма тартыш үчүн техникалык абал, тасма тартуудагы команда да, бюджет да чоң роль ойнойт. Башында жакшы тасма тартып, кийин начар тасмаларды тарткандар бар, эми мен алар-ын атын айтпай эле коеюн. Акча түшкөнүнө карап эле, кийинки тасмаларын эптеп тартып салышкан. Менде деле аз бюджетке тасма тартуу мүмкүнчүлүктөрү болду. Бирок эртеңки күндү ойлоп, ал нерсеге барган жокмун. Кийинки  тарткан тасмам мурдагыдан мык-ы болуш керек деген принципти кармайм.

– Сиздин кино тармагында жүргөнүңүзгө 15 жылдын жүзү болуптур, кыргыз киносуна сиз кандай салым кошо алдыңыз?

– Ооба, киного аралашканыма 15 жылдын жүзү болду. Ошол жыл аралыгында кинодо роль жараттым, кино тарттым, Кыргыз киноматографисттер союзунун мүчөсүмүн, жерибизде өткөн кино тармагындагы иш-чараларын уюштуруу иштерине колдоо кылып, өз салымымды кошуп келем.

Өз тасмам менен Эл аралык фестивалдарга катышып жатам. Маданият министрлиги тарабынан «Ардак грамота», «Кыргыз киносунун отличниги» деген сыйлыктарды алдым, көчөдө жүрсөм эл тааныйт, сүрөткө түшүп, баарлашканга аракет кылышат. Мына ушунун баары 15 жылдык эмгектин үзүрү деп ойлойм.

– Сиз режисссер да, актер да болуп көрдүңүз, кайсы кесип татаал жана кызыктуу жен?

– Албетте, режиссерлук кесип татаал, кызыктуу жана жоопкерчиликтүү. Актер болгондо жалгыз өзүңө тиешелүү ролду ойноп коесуң болду. Режиссер болсоң кинону, актерлорду кыскасы, бардык тармагын ойлойсуң, чуркайсың. Кинодо актер начар ойноптур деп көп айтылбайт, режиссер начар тартыптыр деген сөз да жөн жердей айтылбайт да. Жоопкерчиликтин баары режиссердун мойнунда болот. Актер начар ойносо демек, режиссер туура эмес адамды тандаган болот.

– Ата-энеңиз сизди сүрөтчү болот деп сүрөтчүлүк кесипке окуткан окшойт, бирок сиз кинону тандап кеттиңиз, ал ар таарынган жокпу?

– Жашоодо кыйналбай, өз турмушуна тың болсун, акчасы жок көчөдө калбасын деген жакшы тилек менен ошол окууга тапшырткан болчу. Мен азыр атамдын үмүтүн актап жатам го дейм. Себеби азыр турмуштан өз ордумду таптым. Өзүм каалаган кесипте иштеп, атым чыгып, элге жакшы тасмаларды тартуулап жатам. Элине кызмат кылган уулга кандай ата ыраазы болбойт, сыймыктанбайт. Ата-энем мени менен сыймыктанат, ийгилигиме кубанып, колдоп турат. Эгер мен сүрөтчү болсом ата-энеме азыркыдай сыймык алып келе алмак эмесмин.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *