Азамат Темиркулов, политолог: Борбор Азиянын жарым суулары биздин тоолорубуздан чыгат

– Бийлик башындагыларга эскертип, элге эртең коркунуч жарата турган экологиялык абалыбыз, мөңгүлөрүбүз тууралуу дайым маселе козгоп келесиз?

– Акыркы 50 жыл аралыгында биз өзүбүздүн 30% мөңгүлөрүбүздү жоготтук, бул аныкталган факт. Илимдер академиябыз «XXI кылымда 80% мөңгүлөрүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн» деп айтып жатышат. Биздин мөңгүлөрүбүз – Кыргызстан эле эмес бүтүн Борбор Азия ичип жаткан суулар. Борбор Азиянын жарым суулары биздин тоолорубуздан чыгат. Жарымы Тажикстандын тоолорунан агылат. Тажикстан тоолору Борбор Азиядагы суулардын 50%ын түзөт. Биздин тоолорубуз 45%ын камсыз кылат. Демек Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан ж.б.лар биздин мөңгүлөрдөн чыккан сууларды ичип жатышат. Азыркыдай темп менен мөңгүлөрүбүз эрий берсе, экологияга зор терс таасири бар. Ошондо катастрофалар жаралат. Арал деңизин кантип сактоону билбей жатышат. Эл аралык коом канча программаларды иштеп чыкты, бирок эч майнап жок болууда. Аралдын башы биздин мөңгүлөрүбүзгө барып такалат. Биздин мөңгүлөрүбүз эрисе ошондой экологиялык кризистер көбөйүшү мүмкүн. Экинчиден, бүтүн Борбор Азиядагы экономикалык чоң тармак бул айыл чарба. Суунун көпчүлүгү айыл чарбага керектелет. Суу азайса айыл чарбада кыйынчылык жаралат, продукциясы азаят. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт. Мунун экономикага түздөн-түз таасири бар. Андан тышкары, гидроэнергетикага да таасири чоң. Суу азайган сайын ГЭСтерге да кыйын болуп калат. Дарыяларда суунун деңгээли түшөт. Түздөн-түз экологияга, айыл чарбага, гидроэнергетикага таасири бар. Эң маанилүүсү, биздин тынчтыгыбыз, мамлекеттер аралык ынтымагыбыз, коопсуздугубуз биздин мөңгүлөрүбүздө сакталып турат. Суу азайса кошуна өлкөлөр менен чек арада чыр-чатак, жаң-жалдар чыгып кетиши мүмкүн. Биздин мөңгүлөрүбүз эң баалуу ресурс. Борбор Азиядагы эң маанилүү ресурс биздин тоолорубузда сакталып турат. Илимпоздор глобалдуу көйгөй катары карап, планеталар жылып жатканын белгилешүүдө. Биз мөңгүлөрдүн эришин 100% токтото албасак, азайтууга мүмкүндүк бар.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *