Видео – «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысына кайрадан кол салуу болду

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова кайрадан кол салууга кабылды.

68 жаштагы Ачиловага 9-майда, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган мемориалдагы өчпөс отко гүл коюу салтанатын чагылдыруу үчүн барганда кол салуу болгон.

Журналисттин айтымында, аны мемориал жайгашкан дөңсөгө чыгып баратканда кара кийимчен бир нече киши токтотуп, ал жерде эмне кылып жүргөнүнө кызыгышкан. Ачилованын Жеңиш күнү тууралуу репортаж даярдап жатканын уккан беркилер аны опузалап, эгер тартып алган бардык сүрөттөрдү өчүрбөсө, маңзат сатып алууга айыптап камакка ала тургандыктарын айтышкан. Андан соң анын камерасын тартып алып, сүрөттөрдүн бардыгын өчүрүшкөн. Алар журналисттин «Азаттык» радиосуна иштөөдөн баш тартуусун талап кылышып, эки саат кармап тургандан кийин кое беришкен.

Солтан Ачилова Түркмөнстанда бир нече жолу коркутууларга кабылган. Былтыр июлда ага эки жолу кол салуу болуп, белгисиз адамдар өлтүрүп кете тургандыктарын айтып коркутушкан.

«Башаламандыкка чыдап карап тура албайм». Солтан Ачилованын маеги (май, 2017-жыл):

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *