Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Бабановду Атамбаев камагысы келгенде, Отунбаева экөөбүз сактап калганбыз…”

Коомдук жана мамлекеттик ишмер президенттикке талапкер болуп каттоодон өткөн Азимбек Бекназаров менен баарлашып, “улутчул” деп коюлуп жаткан дооматтардын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.

– Азимбек мырза, президенттик шайлоого катышууга бел байлап, Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоосунан өттүңүз. Айрым талапкерлердей болуп, шайлоого кайсы бир кызматты соодалашып алайын деген максатта аттанган жоксузбу?

– Кызмат соодалашыш үчүн же кайсы бир арзыбаган максатымды орундатыш үчүн шайлоого аттанып жаткан жокмун. Мен жаш бала эмесмин да. 60ка чыккан мамлекетчил саясатчымын. Мамлекетимдин тагдырына кайдыгер карай албаганым үчүн элден өзгөчө платформа жазып алып, шайлоого аттанып жатам. Аттандымбы артка кайтпайм. Жеңсем жеңиш менен майрамдайм. Жеңилсем жеңилгенимдин ызасын тартам.

– “Ата Журт” партиясынын съездинен “президенттик орун бирөө, шайлоого аттангандар көппүз. Биригишибиз керек”- дедиңиз. Биригели деген сөзүңүз менен артка чегингендей түр көрсөткөн жоксузбу?

– Мен ал сөздү саясый көз караштары окшош адамдар бириксин деген максатта айттым. Азыр Атамбаевдин саясатын колдогондор бир тарап, ага каршы саясый күчтөр бир тарап болуп биригип, регион же партия болуп бөлүнбөш керек. Ошондой эле бир партиядан эки талапкер чыкканды токтотуп, акылга сыйбаган иштер менен алек болбошубуз керек. Майда- барат нерселерге убакыт коротпой маанилүү иштер менен алек боло турган мезгил келди. Айтайын дегеним, Акаевдин мезгилинде оппозиция КЭК деген кыймыл түзүп, анын бийлигин ураткан. Бакиевдин режимине каршы түзүлгөн БЭКтен Атамбаев президенттикке жалгыз талапкер болуп чыккан. БЭК акыры максатына жетип, Бакиевдин бийлигин кулаткан. Ошон үчүн бириндебей саясый көз карашы окшош адамдар биригели деген максатта чакырык таштадым. Маселен, Атамбаевдин саясатын колдогон Бабанов, Сариев, Жээнбеков, Төрөбаевдер өзүнчө топ болсо, Атамбаевдин саясатына нааразы болгон күчтөр бир бололу деген ойду айтып жатам.

I- Эмнегедир акыркы мезгилде сизди улут аралык жаңжалды тутандырган, улутчул саясатчыдай сүрөттөп, “Ата Журт” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзүңүзгө УКМК экспертиза жасатаарын айтты. Ал сөздү кандай максатта айттыңыз эле?

– Мен өмүр бою элимдин, мекенимдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келген адаммын. Өз позициямды ачык айтып, кыргыз эли өз мамлекетинде 3-4 сорттогу адамга айланып баратканын, кор боло баштаганын ачык айтып жүрөм. Эгемендикке ээ болгон жылдардан бери кен байлыктардын, бийликтин ээлери башка улуттун өкүлдөрү болуп келе жатат. Башка улуттун өкүлдөрү байлыкка да, бийликке да ээ болгонуна карабай Кыргызстан үчүн кыргыз гана күйөөрүн ачык айтып жатам. Себеби,Кыргызстанда кырдаал оорлоп кетсе, май-талкандын үстүндө жүргөн башка улуттун өкүлдөрү өз мамлекеттерине кетип калат. Башкача айтканда, Кыргызстан үчүн башка улуттун өкүлдөрү күйбөсүн 2010-жылдагы улут аралык жаңжал жана башка окуялар далилдеди. Айтайын дегеним, Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү башка жакка барып, кандай сөздөрдү айтып жүрүшкөнү эсибизден чыга элек. Ошондой эле алар Кыргызстандын жери чекесинен кертилип сатылып жатканда, же кен байлыктарыбыз арзыбаган акчага сатылып, элибиз анын пайдасын эмес, зыянын тартып жатканда башка улуттардын бири да ооз ачып, үн катпайт. Мына ушул жагдайлардын баарын эске алып, шайлоо алдындагы платформамды жаздым. Тилекке каршы, ал башка мамлекеттин президенттерине таянган саясатчыларыбызга, же тегинде аралашмасы барларга, же аялы башка улуттан болгондорго жакпай калды. Кыргызстан кыргыздарга эле керек деп айтканым улутчулдук эмес. Мен бул сөздү мекенчил жана өз мамлекетимди сүйгөнүм үчүн айтып жатам. Мени жакшы ой, жакшы тилек менен айткан сөзүмдү бурмалагандарга жол болсун. Эгер мен улут аралык жаңжалды тутанткан саясатчы болгонумда, башка улуттарга асылып, аларды кемсинтмекмин. Башка улуттун өкүлдөрүнө асылбагандан кийин менин сөзүмдөн саясат издеп, мени каралашпай деле койсо болот. Менин мекенчил аракетим башка мамлекеттерге жаңылык деле эмес. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттер өз улуту үчүн күрөшүп жатат. Россияда Путин улуттук маселени көтөргөнү үчүн популярдуу саясатчы болду. Россияны бириктирди. Ал Россиянын эле президенти эмес, бардык партиялардын башын бириктирген башкы секретарь болуп калды. Ошон үчүн улутчулдары да, демократтары да, либералдары да бир ооздон колдоп жатат. Анткени, ал мамлекетин бекемдеп, саясатын туура жүргүзүп жатат. Кыргыздар да улуттук менталитетибизге жараша улуттук күчтөрдүн башын бириктирип, улуттук идеология түзүшүбүз керек. Жалпы адам укугун эле эмес, улуттук маселени да көтөрө турган учур келди.

– Платформаңыздан саясат издегендер сизди каралаганга өтпөйбү?

– Албетте, караламак түгүл менин платформамдан саясат издеши да толук мүмкүн. Анткени, башка мамлекеттин президенттеринен колдоо күтүп жаткандардын көбүнө жакпайт. Алар үчүн жаңылык болот. Себеби алар башка элдердин саясатын туурап жүргүзүп жатканыбызды каалашат. Ошон үчүн менин платформамды сындап, каралоого аракет кылышат. Бирок, мени канчалык каралашса да, мен туура маселе көтөрдүм. Мен алардай болуп, башка мамлекеттин президенттеринен жардам күтпөй Кыргызстандагы мекенчил күчтөрүнө жана карапайым калкка, ак мээнет менен нан таап жеген дыйкандар менен фермерлерге жолугуп жатам. Мен өткөргөн курултайга да ошолор келди. Мага добушту да ошолор берет.

– Президенттик шайлоодо негизги атаандашыңыз ким болот?

– Менин пикиримде негизги атаандашым бийликтин өкүлү болот. Алар кандай жол менен болсо да, бийликти ээлеп калууга аракет кылат. Бул жерде күрөш шайлоонун жыйынтыгынан мурун шайлоону акыйкат өткөрүү үчүн болот. Анткени, бийлик кандай гана жол менен болбосун жеңишти колунан чыгаргысы келбейт. Мен да алардан кем калбай өздөрүнө жараша акыйкат шайлоо өткөрүп, бийликти тартып алууга аракет кылам.

– Чыныбай Турсунбековдун артка чегингени президенттин саясатына каршы чыга албаганыбы, же анын тизгинин тартып коюштубу?

– Менин оюмча бул маселе партиялык этиканы Чыныбай Турсунбеков эске албагандан жаралды деп ойлойм. Чынында, партиянын этикасы, уставы бар. Кандай гана партиянын мүчөсү болбосун, аны эске алышы керек. Менимче, Чыныбай мырза ошол партиянын этикасын бузуп койду. Ал партиянын тартибине, уставына баш ийиши керек болчу. Аны эске албай курултайда сүйлөгөн сөзү Чыныбай Турсунбековго аброй алып келген жок. Чыныбай мырза президенттик шайлоого чындап аттангысы келсе, партиянын курултайында элди дүрбөлөңгө салбай эле өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барса болмок.

– Ал спикерлик кызматтан кол үзүп калбашы үчүн шайлоого барбашын жар салдыбы?

– Менин оюмча бул жагдай менен Чыныбай өзүнүн ким экенин көрсөтүп алды. Айтайын дегеним, артка чегингени менен саясый оюнду ишке ашырган, же саясый күчтөрдүн айтканын аткарган куурчак болуп калды. Жогорку Кеңештин төрагасы андай майда-чүйдө нерселерди кылбашы керек эле.

– Президент Сооронбай Жээнбековго ишеним артып, бирок ошол эле мезгилде Өмүрбек Бабановго да ою түз экенин билдирип, ачык эле мактай баштады. Президенттин бул кадамы туура элеби, же аша чапкандыкпы?

– Менимче, президенттин бул кадамы туура эле. Анткени, ал саясатын колдогондордун башын бириктириши керек. Бабанов Жээнбековго караганда көбүрөөк Атамбаевди мактап жатат. Атамбаев Бабановду ачык мактап жаткандан кийин ал Жээнбеков менен биригип, президент көрсөтүп жаткан талапкерге каршы чыкпай, кезексиз сессия чакырылып, Бабанов Чыныбайдын ордуна спикер болуп калышы мүмкүн. Негизи бузулган коомдо “бийликтин талапкерин колдош керек” деген кошоматчы катмар көбөйдү. Бүгүн ошондой саткын саясатчылардын өздөрү саткын болгону аз келгенсип, элди, коомду да саткындыкка көндүрүштү. Мына ушул “бийликтин талапкерин колдойлу” дегендер элдин душмандары болот.

– Тар чөйрөдө айтылып жаткан айрым маалыматтарга караганда Бабановду шайлоо жакындаганда түрдүү себептерден улам оюндан чыгарып коюшат экен го…

– Анысын билбейм. Бирок, мен “Чыныбайдын ордуна спикер болот” дегенге көбүрөөк ишенем. Атамбаев айткандай биригүү процесси жүрүп, Бабанов кооз сөздөрдү сүйлөп, мен мамлекеттин, элдин тынчтыгы үчүн бириктим деп чыга калат. Анткени, мен ошондой картинаны көрүп турам. Ошон үчүн жарашса, жарашпаса да бири-бирин ачык мактап жатышат. Атамбаев “Бабановду камап жиберем дегенде мен алып калдым” деп катуу калп айтты. Чынында 2012-2013-жылдары Бабановду Атамбаев өзү камайм деп, Отунбаева экөөбүз каршы чыгып, каматпай калганбыз. Аны Өмүрбек Бабанов өзү да билет. Керек болсо премьерликтен Атамбаев алдырганы да баарыбызга маалым. Президент өзүнүн туура эмес иштерин бирөөгө жүктөбөсө болот эле.

– Текебаевдин тарапташтары көтөргөн маселеси эске алынып, анын шайлоого катышуусуна уруксат берилиши керекпи?

– Албетте берилиши керек. Анткени, акыркы мезгилде козголгон кылмыш ишинин көбү атайын токулуп, жасалма козголгон кылмыш иштер. Текебаевдин тарапташтары көтөргөн маселени жакында Келдибековдун, Садыр Жапаровдун жана Мырзакматовдун тарапкерлери да көтөрүшү толук мүмкүн. Алардын да шайлоого катышууга ушундай маселени көтөрүүгө саясый моралдык укугу бар. Чынында булар президент болуп кетпесин деп шайлоодон четтетүү үчүн кылмыш иштери токулган. Ошон үчүн алардын тарапкерлеринин өткөргөн саясый акциялары кылмыш эмес.

– Эгер шайлоонун артынан чыр чыкса, ага ким күнөөлүү болот?

– Бийлик күнөөлүү болот. Себеби, шайлоону таза өткөрүү бийликтин милдети. Убактылуу өкмөт мезгилинде таза шайлоо өткөрүү мага жүктөлүп, мен таза шайлоо өткөрдүм. Азыркы бийлик да элдин стабилдүүлүгүн сактайм десе, таза шайлоо өткөрүшү керек.

– Сизге элдин кайсыл катмары добуш берет деп ойлойсуз?

– Дыйкандар жана тоодо мал баккан малчылар, кокту колотто чөп чаап жүргөн карапайым кыргыз эли. Анткени, мен ошолордон чыккам. Кошоматчылар бийликти колдойт. Жан дүйнөсү тазалар мага окшогонду колдойт.

– Каражат жагынан кыйналып калбайсызбы?

– Мен эч качан каражатты элге чачкан эмесмин. Ошондой эле элдин добушун да сатып алган жан эмесмин. Добуш сатып алуу менин табиятыма туура келбейт. Ошон үчүн каражатты анчалык деле сарптай бербейм.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *