Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “…Атамбаевди камаш керек. Анын бир эле жакшы иши бар, бийликти өз мөөнөтүндө өткөрүп берди. Мен анын эмнесин мактайм. Ал түрмөдө олтурушу керек”

Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сиз Атамбаевдин кадрлары деген күч структураларын катуу жемелеп, буга чейин коррупция менен күрөшүүдө майнап чыкпаган деген сөздү коомчулуктун алдында айтты. Бул сөз коррупцияга катуу күрөш ачтым деген Атамбаевге күтүлбөй урулган сокку сыяктуу тийери белгилүү да…

– Сооронбай абдан туура айтты. Ал шайлоодо эл аралап, коомчулукта кандай сөз болуп жатканын билет. 6 жылдагы кемчиликти айтты. Бирок, “А” дегени менен “Б” дей алган жок да. Күч структураларына 6 ай, 9 ай мөөнөт берип койду. Коопсуздук кеңешинин чечими менен дароо парла­ментке чара көргүлө деп сунуш кылышы керек эле. Анткени, күч структуралары Өкмөттүн мүчөсү. Парламент саясий баа берип, жумуштан алса туура болмок. Демек, бүгүн Сооронбайда кеңешчи жок. Мен Сооронбайдын Коопсуздук кеңешинде кабыл алган чечими сөзсүз көмүскөдөгү президент менен кеңешилди деп ойлойм. 5-6 ай убакыт бер, анча-мынча бүтпөгөн иштерибизди бүтүрүп алалы, андан кийин өзүбүз кетебиз дегендей кыргызбайчылык болуп калды.

– “Б” дей алабы?

– Атамбаевге каршылар менен “Б” дебей, тескерисинче, чогуу “Б” деш керек.

– Парламент деле президенттин сунушун күтүп олтура бербей, өздөрү ошол чечимди караса болмок да…

– Парламент жыл сайын Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун отчётун угат. Бирок, бир жолу парламент Өкмөттүн отчётуна эки коюп айдаганын көрдүкпү?! Жалаң эле Атамбаев айдап атпадыбы. Парламент өзүнүн көлөкөсүнөн коркот. Сөзү, ою, жүрөгү эркин депутаттар аз. Көпчүлүгү бизнесмендер. Ири суммадагы акчаны коротуп келгендер эч убакта башка нерсени ойлобойт. Атамбаевдин кыйындыгы, ошолордун психологиясын жакшы анализдеп алганда болду. Ошон үчүн баардык фракцияларды өз алдына жаткызып алды. Атамбаевди жаман де­ген менен ал Сапар, Дастан сыяктуу жаштарды алып келди. Эми ошол жаштар да эски жолго түшө бербестен, жаңы жолго түшүүсү зарыл. Парламент да “Жээнбеков бизге качан “фас” дейт деп олтурбастан, эбак маселени көтөрсө болмок. Азыр көпчүлүк “Жээнбеков Атамбаевден кетип, өзүнүн командасын түзүшү керек” деп айтып жатат. Кимди өзүнүн командасына алып келет? Шайлоодо “Сооронбай жакшы адам. Жакшы үй-бүлөдө тарбияланган. Колу таза” дегенден башканы айтпаган дүжүр чалдарды алып келеби? Же болбосо шайлоого 10 күн калгыча гезиттерден Жээнбековду согуп жүрүп, кийин президент боло албасын билип, аны колдоп калган адамдарды алып келеби? Алар Атамбаевдин колдоп жатканын көрүп туруп өтө качты да. Ошол адамдарга ставка кылабы?

– Көмүскө президенттин адамы Фа­рид Ниязов өз каалоосу менен президент­тин аппарат башчылыгынан кетем деген арызын жазса, аны президент колдобой койду. Ниязовдун арыз жазуусуна кандай саясат түрткү болду?

– Бул сурооңо коомчулукта айтылып жаткан, өзүм уккан сөз менен жооп берейин. Шайлоодо Сооронбай Жээнбековго иштеген түштүктүн кадырлуу, эски парток­рат, чоң кызматта иштеп жүргөн аксакалдын “Ушул бизге жардам берди эле, пулдуу жердин директорлор кеңешине мүчө кылып койчу” деп Фаридге дайындаптыр. Фарид ал аксакалды чакырып алып “Сиз Атамбаев жөнүндө жакшы интервью бербейсизби” дейт. Аксакал “Атамбаевди камаш керек. Анын бир эле жакшы иши бар, бийликти өз мөөнөтүндө өткөрүп берди. Мен анын эмнесин мактайм. Ал түрмөдө олтурушу керек” деп күпүлдөйт да кетип калат. Сооронбай Фаридге “Мен айткан аксакалга жумуш бердиңби?” десе, “Жок” дейт. Изилдесе жанагыдай. Эми ушуга окшогон көрүнүштөр көп экен да. Соо­ронбай көмүскөдөгү президентке барып, маселени кабыргасынан койсо керек. Бул жерде Сооронбай Фаридди тилим өтпөй калды дегенден кетирип жаткан жок. “Бул сага да ушундай жаман иштерди кылып келген, сенин да үзөңгүлөштөрүңдү жаманатты кылып, сени жаман көрсөткөн. Бүгүн мени да жаман көрсөтүп жатат” деп маселени койгон болуш керек. Арызды кабыл албай койгону, партиянын чечими менен кетирейин деп жатса керек да. Фаридге окшогондор Акаевдин мезгилинен баштап жашап, интриган, аппаратта оюн кылат, президентке кимди макташты, ким­ди жамандашты, президенттин алдында пикир түзгөндү абдан өздөштүргөндөр. Президенттер Фарид Ниязов, Осмонакун Ибраимов сыяктуу адамдардан алыс болушу шарт, Мен дагы бир коомдо айтылып жүргөн сөздү айтайын. Көп жыл сотто иштеп жүргөн бир адам Жогорку сотко судья болуш үчүн талапкерлигин коёт экен. Ошол адам Сооронбайга өлкөдөгү үлкөн кызматта олтурган адамды ортого салып, “Мен Атамбаевдин учурунда өтпөй калгам. Кабыл албай да койгон. Бул сапар өтө аламбы” деп киргизсе, Сооронбай “Мага Сегизбаев оперативдүү справка алып кел­ген. Мен ал адамды өткөрбөйм” деп айткан имиш. Бул жакта сынак болбой жатып, Сегизбаевдин справкасы менен өткөрбөйм деп айтыптыр. Сегизбаевдин справкасы кадр тандоодо негизги формула болуп калыптыр. Сооронбай ушул сөздөрдөн да жыйынтык чыгарышы керек.

– Бүгүн өлкөдөгү саясатты кайсыл президент кармап турат?

– Азыр саясатты кармап,түркүк болуп турган Атамбаев, Жээнбеков эмес.

– Атамбаев неге анда курултайын өткөрө албай, улам артка жылдырууда?

– Менимче булар 6 жылдык программаны тактай албай жатат. Революциянын талабы боюнча 2010-жылы Конституцияны өзгөртүүнүн 10 жылдык мораториясы кабыл алынган. 2020-жылы Сооронбай президент болот. Кандай Конституциялык реформа жүргүзөт? Жүк Жээнбековдун мойнунда. Мен Атамбаев­ди да, Жээнбековду да жакшы билем. Менин оюмча азыр бир топ маселелер боюнча Атамбаев өкүнүп жаткан болушу керек. Кызматтан кеткенден кийин баар­дык адам ошол кездеги ишине анализ жүргүзөт. Атамбаев да үзөңгүлөштөрүн жамандап, куугунтуктаганы үчүн өкүнөт болуш керек. Бүгүн мен Атамбаевге ба­рып, «абалың кандай, досум» деп бир бөтөлкөнү бөлүшкөнгө куштармын. Анткени, ал 6 жыл Кудайдай, эч кимди тааныбай жүрдү. Бүгүн Сооронбайды алып келип башкара берем дегени менен өзү каалагандай башкара албайт. Мүмкүн, ал азыр Азикеге жолуксам жакшы болот эле деп ойлоп жаткандыр. Себеби, мындан ары анда жалгыздык пайда болот. Жээнбеков да 6 жылдан кийин мен эмне болом дегенди эстен чыгарбашы керек.

– Сооронбай Жээнбековдо улуттук лидер катары калууга мүмкүнчүлүк барбы?

– Бар мүмкүнчүлүгү! Саясий да, тарыхый да мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, өзүндө ошондой саясий көз караш, мамлекеттин келечегин көрө ала турган эрк, дух барбы? Бул башка маселе.

Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *