Азиз Суракматовду Бишкектин мэри кызматына кайсы “серый кардинал” көшөгө артында жетелеп келатат?

Кыргызстан 6 млн гана калкы бар чакан мамлекет, кыбыр эткендин баарын көрүп-билип турушат. Депутат кезинде эки ооз сөздү бириктирип, бир омоктуу ой айталбаган Азиз Суракматов деген жигитти өлкөнүн борбор шаары Бишкекке мэр кылабыз деп шаардык кеңештеги КСДП фракциясы баштаган көпчүлүк коалиция  көтөрүп чыкканда элдин оозу бир ачылды. Анан шаардык кеңешти тилдеп жатып калышты.

Ал демилгени колдоп парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жанталашып чуркай баштаганда “мэр болчу кишини тапканың менен жерге кир” деп байкуш Иса Өмүркуловду бекер эле  жерден жекирип жатышты. Ал киши бул жерде “бас” деген буйрукту гана аткарган, эч нерсе чечпеген, кыскасы “жебеген самсасына пул төлөп” элден тил уккан бир бечара болду.

Анткени Азиз Суракматовду Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер кылып сүрөп чыгып, бардык инстанциялардан бата алдырып, жетелеп өткөн  көшөгөнүн артындагы дагы бир “серый кардинал”, КР Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай аке Абдиев экенин элдин баары эле биле бербейт. Ал бийликтин эң бийик эшелонунда олтургандар менен ысык мамиледе болгон, көшөгө артындагы таасирдүү кеңешчи экенин да тар гана чөйрө билет.

Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп калган Азиз Суракматовдун чоң атасы Суракматтын Сурабалды, Кудайберген деген бир туугандары болгон. Эми ошол үч бир туугандын балдарынын баары бизнесте, анан бийликте. Суракматов Азиз курулуш магнаты жана ЖКнын 5-чакырылышында Курмантай Абдиев менен бирдикте “Ата-Журттан” депутат болуп олтурду. 6-чакырылышта СДПКнын тизмесинде азыр биринчи орунда турат. Сурабалдыдан азыр Элвира Сурабалдиева “базарком” жана 6-чакырылышта КСДПчы депутат. Кудайбергенден Жаныш Кудайбергенов олигарх бизнесмен 4-чакырылышта “Ак жолдон”, 5-чакырылышта “Ата-Журттан” депутат болгон.  Бул жигит Курмантай Абдиевдин карачечекей күйөө баласы.

Төртүнчү чакырылышта “Ак жолдон”, 5-чакырылышта  “Ата-Журттан”, 6-чакырылышта КСДПдан депутат болгон Азамат Арапбаев менен Азиз Суракматов, Жаныш Кудайбергенов жана ыраматылык Улан Чолпонбаевдер басса-турса бирге жүргөн, ынак достордон болушкан. Азыр ал достукту алдыңкы үчөөсү улантууда. Ак үйдүн алдына, Панфилов паркынын зонасына мыйзамсыз салынып, ызы-чуу чыккан  коммерциялык бийик кабатту үйдүн ээлери да ушул мырзалар экендиги узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына угулган.

Эми ушул үч достун бир кездеги партиялашы, биринин жердеши, биринин куда сөөгү, биринин кайын атасы Курмантай аке Абдиев карачечекей күйөө баласынын бир тууганы Азиз Суракматовду көшөгө артында бардык тепкичтерден ийгиликтүү жетелеп өтүп, Бишкек шаарынын мэрлигине атаандашсыз талапкердикке жеткирди дешет. Балли! дегенден башка эч нерсе дебейбиз.

Бир кездеги “Серый кардинал” Үсөн аке Сыдыковдун ордун баскан Курмантай аке Абдиев дагы башка чоң кызматтагы “кадрлардын” автору экени тууралу да маалыматтар түшүп жатат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Бир партиядан экинчи партияга ото берген саясий проституткалар тура булар. Генерал Мелисти же Мырзакматов Мелисти коюш керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *