Азыр биз Шакинин эстелигиндей башыбызды жерге салып отурабыз

Союз ыдырагандан бери жалпы эл арасында жашоо мамлекеттин көзөмөлү жок каалагандай жашообузду улантуудабыз. Чөнтөгүң калың болсо болду кара мал соё калып, элдин батасы менен бир көчөнүн атын же айылдын атын, мектептерге жада калса «Кудайдын үйү» деп аталган мечиттерден өйдө аталарыбыздын аттарын коё баштаганды абдан жакшы үйрөндүк. Көчөлөргө адамдардын аттарын койсун, бирок ошол адам мурун элдин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн сактап калууда чоң салымдарын кошкон адамдар болсо жакшы болмок. Бирок, ал адам учурунда мурун ошол бир айылда жашап, жөнөкөй гана адам болуп жашоолорун өткөргөн адам, кантип мындай идеяларды колдогонго дитиң барат.

Ата-бабаларыбыз мурун качан жердин атын адам аттарына койгон эле. Ал эми мечиттин аттарын болсо адам атына койгон бул басып жүргөн тирүү адамдын оюна келбеген нерсе. Мындайларды жогору жакта бир эле көзөмөлгө алып турган улуу күч бар ал жактырбайт, андайларга Кудай Тааламдын назары тескери жагынан түшөт да, ал адам көпкө да узабайт же иштери оңолбойт, ар кандай кесепеттерге туштугат, иштери тескери айланат.

Ушундай аталыштарга бир орчундуу тарыхый маселе республикабыздын райондорунун бири болгон райондун аталышы жана борбору Ат-Башы азыркы Ат-Башы дайрасынын түштүк жээгинде мазарлардын мазары болгон ыйык «Чеч-Төбө» деген мазар анын батыш тарабында 4,0 км. аралыкта айтылуу Айкөл Манас атабыздан бери белгилүү катагандардын коргону болгон «Кошой коргон» бар, ал эми ошол эле дайранын түндүк жээгинде мурун Улуу Жибек жолунун кербендери атайы келип, өргүп эс алып турган элдүү кичинекей шаарча «Ата-Башы» болгон. Ал «Ата-Башы» шаарчасына байланыштуу ар кандай тарыхый окуяларды эскерүү жазмаларында арабдын белгилүү философу Абу Наср Мухаммад ибн аль Фаради (872–01.17.951) «Сыр дарыя» деген тарыхый чыгарма жазган. Ошол Сыр дарыя (Сыр дарыя мурунку Каңды дайрасы) дайрасынын башталышы «Ата_башы» дайрасы болгон. Дайранын түндүк жээгинде «Ата-Башы» деген шаарчаны ирандын тарыхчысы Ан Насырдын өз жазган булактарында «Ат-Башы» деп топонимдик ат кыскартылып, «Ат-Башы» деп аталып, ал эми кийинки тарыхчылар ал топонимдик атты биротоло жазып уланта беришкен.

Абу Наср Мухаммад ибн аль Фаради Дамаск шаарында билим алып, кийин ошол учурдун Жакынкы Чыгыш, Аравия жана Орто Азия интеллектуалдарынын Меккеси болгон Багдад шаарынан билимин улантып окуган, ал Ирандын бир катар Исфахан, Хамадан, Рее (Тегеран) шаарларынан Орто Азия аймактары боюнча бир топ тарыхый архивдик булактар боюнча материал чогулткан. Бул философ тууралуу жазса көп маалымат.

Эми экинчи жагынан алып караганда катагандын Хан Кошою мурун кыргыз эли уруу-уруу болуп бирикпей, ар бир уруудан мен «Эл башы болом» деп, кээ бир өзгөчөлөнгөн адамдардын өздүк намыскөйлүүлүгү күчтүү болгондо, Кошой Атабыз, «Ата Башы» катары: «Алтайда бир жаш бала баатыр Манас чыгыптыр, ошону чакырткыла» деп аманат жиберип чакыртат. Ошондо жаш баатыр Манас келип жалпы кыргыз элин бириктирип, чогултуп ынтымактуу бир эл кылып: «Курама жыйнап журт кылдым, Кулаалы таптап куш кылдым» деген айтылуу Манас эпосундагы макал ошол замандан бери эл арасында айтылып калган. Демек, «Манас» эпосубуздан бери айтылып келген аталышты кийинки тарыхчылардын каталыгынан «Ата Башы» деген атты «Ат-Башы» деп өзгөрткөнгө да үлгүрдүк.

Ушул топонимдик атты тарыхка түшүнүгү тайкы санжырачы бабаларыбыздын бири: «Мурун бир адам кытайдан келе жатып, жолдо атын тушап эс алып калат, тушоодогу ат бир маалда тушоосунан бошонуп кетип, ээси ал атты сүйрөлүп калган чылбырынан барып кармайын десе, ат улам алыстап басып кетет, ошентип отуруп, Ак-Сай өрөөнүнөн Арпа аркылуу ушул Ат-Башы өрөөнүнө келгенде байырлап оттоп калган экен. Ээси ал атты кармап алып жини келип: «сен ат болсоң, урдум сендей аттын башын» деп жыгып «мууздап таштаган» деген эл арасында ошол санжырачынын айтуусу менен айтылып калган кептер бар. Миң жини келсе деле ал аттын этин жалгыз бир адам жей албайт да, бул акылга сыйбаган логикасыз айтылып калган эл арасындагы жомок.

Эми биздин жердешибиз Ат-Башылык «Аю» ЖЧКсынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн чөнтөгүнө таянып, Ат-Башы район борборуна акимиаттын чыгыш тарабына суу ичип жаткан дейбизби же оттоп жаткан аттын башын жерге салаңдатып бийиктиги болжолдуу 6,0 м.ге барабар болгон аттын башын эстелик кылып орнотуп койгон. Муну көргөн ар бир улгайып калган же кыргыздын тарыхын, салтын жакшы түшүнгөн ар бир адамдарыбыз бул эстеликке жийиркенүү менен карашат.

Эгер Шаршенбек, ошондой эле аттын башын көргөзгүсү келсе соорусунан өйдө жасатып, чамгарактап ойноп, оюн салып, же алыска чуркаган аттын, же чоң салгылашта алга озунган аттын элесин бергенде, элибиздин башы да көтөрүлүп, ошондой алга озунган кыргыз эли болмокпуз, азыр биз ошол Шаршенбек берген эстеликтин образы сыяктуу башыбызды жерге салып отурабыз.

Шаршенбек ушул идеологиялык багытта туура эмес орнотулган эстеликке кеткен млн.догон акчаларга андан көрө кыргыздын идеологиясынын миң багытынын бир багытына өзү автор катары атайы КРнын Ѳкмөтүнө Караштуу Интельектуалдык Менчик жана Мамлекеттик мекеме болгон «Кыргызпатент» аркылуу патент алып, идеологиялык р багытка жумшаганда Ат-Башылыктардын гана эмес бүт Кыргызстандыктардын оозуна алынган иш жасалмак же болбосо Ат-Башынын бир көчөсүн же өзү туулган жана чоңойгон Ак-Жар же Кара-Суу айылдарын асфальттатып берсе Ат-Башылыктардын оозуна жакшы сөздөр менен алынмак.

Анысы аз келгенсип бул арак олигархы өзү чыгарган аттарды каалагандай атай баштады. Мисалга алсак; OZON, PETROLEUM, GOLD999, LUKOIL, SKYLAND, DE LUXE, BELUGA, VIVAT, ТЕЛЬНЯШКА, ИВА, МАНАС, СЕМЕТЕЙ, БАКАЙ, ПРЕЗИДЕНТ ж. б. аттар. Бакай, Манас, Семетей деген аттар кыргыздар үчүн ыйык ат. Арак менен пивого коюлган аттарды жердин аттарынан атап коё беришсин, бирок мындай кыргыз үчүн ыйык тутуп келген ата-бабаларыбыздын аттарын спирт ичимдигине такыр колдонууга болбойт, улутубузга шылдыңдоо катары мамиле жасалып жатат, Шаршембек иним. Кыргызда «Эсиң барда этегиңди жый» деген кеп бар. Ыйык аталыштагы аттарыбызды алькоголь аттарына койгон бул туура эмес, ушунчаңда тизгиниңди кайра тарт! Орнотулган Ат-Башыдагы эстелигиң да туура эмес!

Асыкбек Оморов, «Санжыра» борборунун жетекчиси, тарых жазуучусу, профессор

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

1 ой-пикир

  • Жакшы ой-пикирди айтыптырсыз. Кээ бир кишилер чоңдор менен катышып, кадыр-барктуу чөйрөгө кошулуп алса башкаларды макоо деп эсептеп, өзүнүкүн эле туура деп калат да. Аларга аргумент менен айтып, факты менен түшүндүрсөң да кабыл алышпайт, аларга Атамбаев же Жээнбеков сыяктуу чоңдор айтса гана кабыл алышат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *