“Фабула”: Бабанов байлыгын жашырып, эмнеге байкуш болгусу келет?

Мамлекеттин декларацияга «Республика-Ата-Журт» партиясынын лидери, экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов 2015-жылы 10 млн. 902 миң сом киреше тапканын, андан тышкары өзүнө тиешелүү 324 чарчы метр үйү бар экенин көргөзгөн. Аны менен бирге эле, жакындары өткөн жылы 73 млн. 756 миң сом ки­реше тапканын, алар 91, 7 чарчы метрлик батирге жана 2012-жылы чыккан “Тойота Прадо”, “Тойота Ланд Круизер” унааларына ээлик кылаары жазылган. Андан башка мүлк-байлык тууралуу мамлекеттик декларацияда кеп болгон эмес.

Бирок кыргызстандыктардын баары эле өлкө боюнча эң көп байлыктын ээси так ушул Бабанов экенин, ал Кыргызстандан чыккан эң акчалуулардын алдыңкысы катары дүйнөлүк байлардын тизмесине кирип, мындан 3-4 жыл мурун миллиардерлер клубуна мүчө болуп, “граф” деген байлардын статусун алганын жакшы билишет. Башкасын айтпаганда да, бүгүн Өмүрбек Бабанов жана анын жакындарына өлкөдөгү эң ири саналаган “АКБ Кыргыз­стан” банкы, Орусиянын Пенза заводундагы 370 млн. долларга курулган ири цемент заводу, мындан тышкары Кыргызстандагы учактарды күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыз кылган ири нефть компаниялары тиешелүү экендиги анык.

Мамлекеттик декларация­да көрсөтүлбөгөн, бирок КРнын Адилет министрлигинде каттоодон өткөн Өмүрбек Бабановдун жакындарына таандык компаниялардын тизмесин айрым сайттар жарыя кылды. Аларга көз жүгүртсөк, экс-премьердин жакындары жалпысынан 15 компанияга ээлик кылышат экен. Мисалы, эжеси Сейилбүбү Бабановага тишелүү “Датка шел”, Кредит Лайн”, “Улан-Экспресс”, “Эр- Дауд”, “Туран Мунайзат”, “Мунай Мырза синтез” ЖЧКлары, “Рэхтум” фрамацевтикалык товарларды сатуучу ААКсы катталуу болсо, Бабанова Анипа, Бабанова Кынабүбү аттуу жа­кындарына таандык дагы онго жакын компаниялар Адилет министрлигинде бакырайып катталып турат. Эртең президенттикке аттана турган, мамлекетти экономикалык каатчылыктан алып чыгууга аракет кылып келе жаткан адам өзү мына ушундай бизнестерин көпчүлүктөн көмүскө кармаганын кантип түшүнөбүз?

“РАЖ” партиясынан депутат болгондордун ичинен чириген байлардын катарын мурдагы премьер-министр Данияр Үсеновдун аялы Дина­ра Исаева толуктаары турган иш. Бирок ал дагы адатынча башкалардан байлыгын жашырып, мамлекеттик декларацияга 2015-жылы болгону 945 миц 306 сом тапканын, 128, 6 чарчы метрлик батирге, 227, 5 чарчы метрлик үйгө жана эки жол тандабаска ээлик кылаарын, болгон баалуу кагаздар менен иштеген бир ЖЧКсы бар экенин жазыптыр. Ал эми Адилет министрлигиндеги каттоонун жыйынтыгына таянсак, анын жакындары “Асмантур и Компания” ЖЧКСына, “Чыңгыз” фирмасына “Тандоо маданий борбору” ЖЧКсына, “Асман Ейр Вейс” компаниясына ээлик кылат экен. Мына ушул компаниялар аркылуу Динара Исаева Бишкек шаарындагы ири курулуш компанияларына, соода борборлору менен базарлардын айрым бөлүктөрүнө ээ болгонун эске алсак, бир жылда 1 млн. сомго жетпеген каражат киреше табат дегенге ким ишенет?

Андан арыласак, Өмүрбек Бабановдун партиялашы, Кыргызстандагы мейманкана, ресторан бизнесинде иши жүрүшкөн Махабат Мавлянова көзгө урунат. Албетте жаш депутат катары негизги иши – депутаттыктан ал 2015-жылы 680 миң 238 сом алганын декларацияга туура эле көргөзгөн. Ошондой эле 974, 1 чарчы метрлик хан сарайда жашаарын, 1450 чар­чы метр жер тилкеси барлыгын да жашырган эмес. Бирок анын автоунаасынын жоктугу, анан да жакындары былтыркы жылы болгону 461 миц 131 сом таап, болгону эки батирге ээлик кылышаарын окуганда көпчүлүк чалкасынан кетээри турган иш. Анткени Махабат Эргешовна Бишкектеги эң кирешелүү “Алтын казына” “Вер­саль” ресторандарына, “Марио отель” мейманканасына ээлик кылаарын көпчүлүк жакшы би­лет. Ушундай гүлдөгөн киреше булактары туруп аны жашырып-жапканы Махабат Мавляновага кадыр алып келбесе керек?

Ооба, “РАЖ” партиясы жалаң капчыгы калындардан тураары, ошондуктан пулдун күчү менен парламентке экинчи болуп чыга келгени маалым. Ошентсе дагы мамлекеттик декларация толтурууга келгенде мындагы депутаттардын көбү үйсүз, унаасыз болуп, жалаң гана айлык маянанын көзүн карап жашаарын жазышканда чындыгында бооруң ооруйт. Маселен, байлыгы башынан ашкан Бакыт Сыдыков 2015-жылы болгону 186 миң 253 сом тааптыр. Бул албетте же машинесинин майына же түшкү тамагына жетпейт да. Демек Бакыт Үсенович жыл бою тишинин кирин соруп жүрсө керек. Андан да кызыгы, Бакыт мырзада тээ 32 жыл мурунку ГАЗ 14 деген бир эс­ки унаа гана бар экен, ЖКдагы тээп жүргөн жолтандабас атасыныкы болсо керек.

Баса, Бакыт Сыдыковдуку да­гы абийир экен, “РАЖ” партиясындагы Жыргалбек Турускулов деген депутат 2015-жылы болгону 7 миң 900 сом киреше тапканын жар салыптыр. Муну окуп алып көргөн көзүбүзгө ишене албай, Жыргалбек Күрүчбекович көркү менен эле ЖКга депутат болуп келгенби деп ойлоп калдык. Деги сегиз миң сомго жетпеген киреше менен үй-бүлөсүн кантип бакты экен? Балким муфтияттан кайыр-садака сурап оокат кылгандыр…

Айтор мамлекеттик декла­рация көргөзгөндөй, биздин ишенген депутаттарыбыз мыйзам жазып, мыкты идеяларды демилгелеп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө атаандашпай элe байлык жашыруу жагынан бирин-бири ашып өтүүгө аракет кылып жатышат окшойт. А эми өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер менен жарандар кирешесин ачык жазып, тескерисинче мамлекетке канчалык көп салык төккөнүн айтып мактанышат, сыймыктанышат…

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *