Бабановдун апасы менен жубайы тууралуу каралоочу маалыматтарга тиешелүү органдар чара көрүшү керек – Эмилбек Каптагаев

Шайлоонун шаңы баарын өз кучагына алып, талапкерлер менен алардын жигердүү тарапташтары бири-бирине кара пиардын ар түркүн ыкмаларын колдонуу менен упай топтоого аракет кылып жатышкан кез. Кийинки кездери талапкер Ө.Бабановдун апасы, жары тууралуу каралаган маалыматтар көп таркатылып келет. Коомдук ишмер, “Таза шайлоо үчүн!” жарандык кыймылынын мүчөсү Эмилбек Каптагаев мындай чектен чыккан жамандоолорго тиешелүү органдар чара көрүшү зарыл деп эсептейт. “Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын Өмүрбек Бабановдун апасы жана жубайынын улуту (казак, чечен деген) тууралуу далбастаган каралоочу үгүт материалдары Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинде каралышы керек, Төрагасы Токон Мамытов Кеңешти чогултушу милдет жана Ассамблея бул маселе боюнча өз позициясын билдириши зарыл. УКМК да ыкчам реакция жасап, этностор аралык кастыкты козуткан, улуттук кырдаалды курчуткан жана өлкөдөгү ынтымак менен тынчтыкка бүлүк салгысы келген мындай зыянкеч материалдардын даярдоочулары менен таркатуучуларын таап, жоопко тартуусу керек. Сооронбай Жээнбеков да президенттикке талапкер катары жана анын Фарид Ниязов башында турган штабы бул материалдар боюнча өз позицияларын айтуусу кажет” – деген Э.Каптагаев.

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *