Бабырбек Жээнбеков, коомдук ишмер: “Жашырганда эмне, бүгүнкү кыргыз коомчулугу мыйзам вакханаласы доорун баштан кечирүүдө”

Өлкөдө соңку убакта сотторго болгон элдин кыжырдануусу болуп көрбөгөндөй чекке жеткендигинен улам рубрика сынына бул сапар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны чыгардык. Бүгүн абийирсиз фемида өкүлдөрү менен сот тармагын бул айым саздан чыгарып, реформа жолуна сала алабы? Дегеле адам тагдырын каалагандай калчаган судьялардан канткенде тазаланабыз? Башкы фемидачылар элдин ишенимин актай алышабы? Же жаңы президенттин келиши менен Токбаева да кызматынан кетип, сот системасын биротоло түп-тамырынан жаңылоо керекпи? Биз мындай соболдорубузга тийиштүү жоопторду алып, эл сынына койдук. Эмесе, өлкөдөгү сот системасы жана анын анабашчысына карата коомчулуктун баасы кандай экендигине төмөндөгү пикирлерден улам ынансаңыздар болот. 

— Сот органдары адилеттикти, калыстыкты ишке ашыруучу бирден-бир мамлекеттик орган. Эгерде ал ошол милдеттерин аткара албаса, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жолуна түшүп, өзүмбилемдикке алдырып, мыйзам талаптарын тебелөөнү адатка айландырса, коомдо адилетсиздиктин салтанаты башталат. Жашырганда эмне, бүгүнкү кыргыз коомчулугу мыйзам вакханаласы доорун баштан кечирүүдө. 5-мартта Жогорку соттун алдында болгон нааразычылык акциясы – мыйзам вакханалагиясына чыдамы түгөнгөн алгачкы топтун быйылкы жылдагы алгачкы аракети. Ашынган мыйзамсыздык токтотулбаса, бул аракеттердин арты эмне менен бүтүшү мүмкүн? Жадагалса К.Бакиев учурунда дагы сотторго мынчалык ызырынып, атайын нааразычылык акциясына чыкты беле жарандарыбыз? Сот системасынын ирип-чирип бүткөндүгү тууралуу мен эки жылдан ашуун убакыттан бери ММК аркылуу коңгуроо кагып келатам. Президент аппараты, парламент дагы мен көтөргөн маселелерге көңүл буруп, коррупционер соттор менен прокурорлорго мыйзамдуу чара көрүүнүн ордуна аларды калкалап келаткан мамлекеттик органдардан эмнени күтүүгө болот? Чылгый коррупцияга баткан сот тармагындагы бүгүнкү абалга президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештен кийин түздөн-түз жооп берчү адам – албетте, Жогорку соттун өз эрки жок төрайымы Айнаш Токбаева. Бул айым мыйзамдуулуктун, адилеттиктин, калыстыктын душманы катары тарыхта кала турган адам экен. Өлкөнүн Жогорку сотун жетектеген бир дагы юрист мындай нааданчылыкка барганын мен уга элек элем. Эми “болорун болтуруп, боёосун кандырып” койгон адамга үмүт артып, “сот тармагын реформалап кете алабы?” дегендей суроо берүүнүн өзүн мен акыйкаттыкты шылдыңдоо катары кабыл алдым. Тескерисинче, сот тармагын өлтүргөндүгү, канчалаган бейкүнөө адамдарды сыздаткандыгы, материалдык жана моралдык зыяндарды тарттыргандыгы үчүн далилдүү фактылардын негизинде Айнаш Токбаеваны баш кылып, райондук соттордун судьяларына чейин кылмыш жообуна тартуу керек. Камалсын. Болбосо, соттор бүгүн мыйзамдан жогору турган чалчактаган өзгөчө кастага айланды. Ар бир мамлекеттик кызматкер катары ар бир сот өзүнүн жасаган иши же кабыл алган соттук актылары үчүн жооп берүүгө тийиш. Сот реформасын ишке ашыруунун бирден-бир гаранты – бул өлкө президенти. Реформа анын саясый эркине, алдына койгон келечек максаттарына байланыштуу жүргүзүлөт. Мындай мамлекет тагдырын чечүүчү өтө орчундуу маселелерге келгенде коомчулуктун, жарандык активисттердин дагы активдүү позициясы чоң ролду ойнойт. Сөзүмдүн акырында, ар кыл ойлорго жем ташталуусу мүмкүн экендигине карабастан, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып коюуну туура көрүп турам:

Урматтуу президент! Сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын туташ коррупциялашып кеткенин өзүңүз айтып кеттиңиз. Демек, алдыда алардан тазалануу, ишти жаңыча алып кетүү милдеттери турат. Көп жылдык тажрыйбасы бар юрист катары сот, прокуратура органдарын тартипке келтирүүгө колкабыш кылууга мен өз даярдыгымды билдирем. Эгерде президент тарабынан тиешелүү шарт түзүлсө, бул органдар эки жылдын ичинде коррупциядан 60-70%га арылаарына менде толук ишеним бар.

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *