Бабырбек Жээнбековго кызмат сунушталды

Каяктан дебейсизби? Болгондо да кең, Россиядан. Жакында ЕАЭСге кирген өлкөлөрдүн монополияны жөнгө салуу министрлери Кыргызстанга атайын иш сапары менен келишип, кеңири форматта жолугушуулар болуп өтөт. Мо­нополияны жөнгө салуу агенттигинин мурдагы башчысы Бабырбек Жээнбеков ушул күндөрү кызматсыз жүрсө да Рос­сия баштаган өлкөлөрдөгү иш-сапарга келген кесиптештери тарабынан чакырылып, каарманыбыз бийликте болбосо да эл үчүн мартабалуу меймандар ме­нен бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Соңунда Россиялык кесиптештери Бакебизге ЕАЭСтин курамындагы монополияны жөнгө салуу кызматынын Россиядагы бөлүм башчылык кызматын сунушташса, кесиптештеринин сунушуна ак дилдүү аксакалыбыз ойлонууга убакыт сураптыр. А биз кыргыздар колдо бар күчтүү кадрларыбызга бут тосуп, тар кызыкчылыктардын айынан күчүн өзүбүз алып калганды үйрөнбөй калдык го?

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *