Байас Турал, тарыхчы: “Кыргызды жок кылуу идеологиясы жүрүп жатат”

—Байас аке, көптөн бери Элдик курултай институтун орнотууга аракеттенип келе жатасыздар, максат ишке ашчудайбы?

—Башмыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары ар кандай формада чогулуп ой-тилектерин, өз талаптарын билдирүү үчүн курултай өткөрүүгө укуктуу, ал Конституцияда так жазылып турат. Мындан улам 2012-жылы Элдик курултай институтун түзүү боюнча өзүбүздүн демилге менен мыйзам долбоорун жазып парламентке бергенбиз. Депутаттар биринчи окуудан өткөрүп, экинчи окууга келгенде токтотуп коюшкан. Мындай кадамдары менен эл өкүлдөрү Конституциянын талаптарын бузушууда. Анткени Конституциялык мыйзамдарды алар өздөрү кезексиз кабыл алышы керек. Биз муну ачык айтып эле келе жатабыз, бирок мурунку жана азыркы чакырылыштагы депутаттар укмаксан болуп, унчукпай кутулуп келишүүдө. Сыягы, чыныгы Эл бийлигин орнотуу тынч жол менен ишке ашпайт окшойт? Көп адамдын каны төгүлүп келди деп ушул бийликтен биз абдан көп нерсени үмүт кылдык эле…

—Парламентте улуттук интелигенциянын өкүлү жок, жалаң улут менен иши жок бизнесмендер келип алгандыгынан улам өлкөнүн пайдубалын бекемдөөчу мыйзамдар кабыл алынбай калып жаткан жокпу?

—Жашыра албайбыз: депутаттардын саясий билимдеринин тайыздыгынан улам кыргыздын кызыкчылыгына, элдин генефондуна доо кете турган мыйзамдар кабыл алынууда. Бул эртеби кечпи топтолуп отуруп жарылышы, жыйынтыгы кайра бир опур-топурга алып келиши мүмкүн. Биз ушуларды болтурбоо максатында Элдик курултайды сунуштап, кыргыздын кызыкчылыгына төп келген мыйзамдар кабыл алынсын деген ойду айтып келе жатабыз. Бирок, ЖКнын депутаттары элдин үнүн укпастан, тескерисинче элдин кызыкчылыгына карама-каршы келген мыйзамдарды кабыл алышууда. Алар ошону менен эртең дагы бир козголоң, кайрадан төңкөрүш чыгара турган иштерди жасашууда.

—Бир фактыны мисал кыла кетсеңиз?

—Мисалы, кыргыз адабияты менен дүйнөлүк адабиятты бириктириш керек деген маселе көтөрүлүүдө. Бул – улуттук адабиятты жок кылуу деген сөз. Анткени улуттук адабият жок болсо, улуттук тил солгундайт. Улуттук тил солгундаса улуттук аң-сезимге доо кетет. Улуттук аң-сезимге доо кеткенде, эл деградацияга учурайт, анан улут жоголот. Демек, бул жерде кыргызды жок кылуу идеологиясы жүрүп жатат, ага азырак болсо да, улутчул сезими өчө элек интеллигенциянын бир ууч өкүлдөрү каршы чыгып, ишти убактылуу токтотту. Эми алар (ЖКнын депутаттары) бул реформаны башка жолдор менен алып өтүү маселесин коюшат. Мына ушул өңдүү кыянат иштерди бийликте отургандар жүргүзүп келатат. Биз мунун алдын алууга аракеттенип, элдин демилгеси менен Элдик курултай кыймылын түзгөнбүз. Анын катарында интеллигенциянын көптөгөн өкүлдөрү бар. Биз чыныгы эл бийлигин орнотуп, аны менен мамлекетти-улуттун эркиндигин сактап калалы деп далбастап жатабыз.

—Сиздер тууралу: «булар бийликке жетпей калгандардын тобу» дегендер бар. Анткени, эски саясатчылар да аралашып кетти окшойт…

—Бизди кээ бирөө бийликке жетпей калгандардын кыйкырыгы, чуусу дегенге аракеттенип жатышат. Буга чейин эле айтып келгенбиз, мындан кийин да айтабыз: бизге бийликтин кереги жок, биздин эң негизги максат Элдин бийлигин орнотуу. Курултай институту орносо, мамлекет сакталып калат. Эгер ушул жол менен кете берсе, келечегибиз бүдөмүк, караңгы. Мамлекет жок болуп кете турган коркунучтар бар, ал тууралуу президент да бир нече ирет айтканын билебиз, Конституцияны өзгөртө турган маалда да белгиленген. Бирок парламент анын алдын алуу боюнча иш жүргүзгөн жок, тескерисинче улутту жок кыла турган мыйзамдарды кабыл алышууда. Буга акыры түбүчек коюшубуз керек, жогорку бийликке кыргыздын кыраандары келиши шарт. Биз ал аракетти көрүп жатабыз. Акаев, Бакиевдин учурунда дагы облустук, райондук деңгээлдеги курултайларды өткөргөнбүз. Азыр да ар кандай каршылыктарга карабай өткөрүп келе жатабыз. Мамлекетти, элди сактап калуу – ал ар бирибиздин атуулдук жана жарандык милдетибиз.

—Ишиңиздер ачык-айкынбы?

—Биздин бийликтен жашыра турган эч нерсебиз жок. Элге да, өлкөгө да каршы эч кандай иш кылып жаткан жерибиз жок. Биздин бир гана каалообуз бар, Элдик курултай институтун орнотуу аркылуу чыныгы Элдик башкарууга (чыныгы демократиялык бийликке) жетишүү. Ошол Элдик курултай институту аркылуу чыныгы Эл бийлигин орноткондо гана «эл мыктыларынын» күчү менен мамлекетти сактап калабыз деген үмүт бар. Ирилешүү идеологиясынын натыйжасында азыр
бүткүл дүйнөдө өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Экстрасенстердин, саясат таануучулардын, футурологдордун айтуусу боюнча 3-дүйнөлүк согуш башталды. Жакынкы Чыгышта жана Европада тутанган от бүткүл дүйнөгө жайылышы мүмкүн? Эгер андай күнгө туш болсок, биз кантип улут катары сакталып калабыз, мамлекетибизди кантип коргойбуз деген маселе турат. Ага биз-улуттук интелигенциянын өкүлдөрү тынчсызданып жатабыз. Бийлик бизге кол кабыш кылып, камкордук көргөн нерселерди жасай элек, тескерисинче бизди «эл душманына» айланткысы келген аракеттерди көрүүдө. Мисалы, ошондой улуттун келечегин ойлогон көз карашым үчүн, мындан эки-үч жыл мурун Куловго окшогон Россиянын көзүн тиктеген саясатчылар мени «фашист» дегенге чейин барышкан. А менин «фашист», «нацист» дегендерге кайнаса каным кошулбайт. Мен улуттук идеяны туу туткан А.Сыдыков, К.Тыныстанов, И.Арабаев, И.Раззаковдой өз элин сүйгөн улуттук интеллигенциянын өкүлү экеним чын, бирок «фашист», «нацист» эмесмин. Тилекке каршы, биздин коомдо мага окшогон адамдардын айткан сөздөрүн бурмалап, жүргөн турганын сындап, бизге окшогон улуткөй кишилерди жоготуп, жалаң улутсуз, маңкурт адамдар менен Мамлекетти башкаргысы келген аракеттер болууда.

—Элдик курултайды орнотууга кызыккандардын катары жакында айрым саясатчылар менен калыңдады окшойт?

—Элдик курултайга бир кезде каршы болгон саясый партиялар, НПОлор, уюмдар бугүн курултай аркылуу келбесек болбойт экен дешип, өздөрүнүн программаларына киргизүүдө. Бирок бардыгына ишениш кыйын, анткени алардын кээ бири шайлоодо эптеп добуш жыйноо максатында Элдик Курултайды колдоп жатышканы шексиз. Ооба, айрым белгилүү саясатчылар келди, алардын кимисинин максаттары кандай экенин убакыт көрсөтөр. Негизи баарыбыз азыркы башкаруу систсмасына каршыбыз, бул башкаруу системасы менен мамлекетти түптөөгө, өнүктүрүүгө болбойт. Мунун арты өтө чоң коркунучка алып келет. Биз азыр эч бир бийлик жоопкерчилик албаган башкаруудабыз. Маселен, 25 жылдан бери элди толкуткан саясатчылар «демократия» деп кан какшап келген эле, азыр ошол саясатчылар эмнегедир «демократия» деген сөздү оозанбай калышты. Муну менен алар өздөрүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Көптөрү элди алдап, сатып кетишти. «Демократия» деген ураанды чакыргандардын жоон тобу өзүнүн кызыкчылыгы менен бийликке жетип, байлык топтоду. Эми аларга «демократиянын» кереги жок болуп калды. Ошол себептен ал сөздү айтпай калышты. Ал турсун чыныгы демократиялык Институт болгон Элдик Курултай тууралу сөз болгондо да, алар ооздоруна кум толтуруп алышкандай унчугушпай , укмаксанга салып коюшууда.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *