Байдын келинимин, бирок көз жашым кургабайт…

Турмушка чыкканыма беш жылга аяк басты. Өзүмдүн бир туугандарым, ага-жеңелерим баары мени бактылуудай сезишет. Анткени бай, мурда чоң кызматтарда эмгектенген адамдын келинимин. Күйөөм менен көпкө деле сүйлөшкөн эмесмин. Жеңем тааныштары аркылуу тааныштырды. Ал деле жаман ойлобой бактысын таап, кор болбой жашап кетсин дегендир. Биз бир-эки жолу сүйлөшкөн соң, той күнүбүз белгиленип, алып кетишти. Бирок, ошондон тарта муздак күндөр башталды. Күйөөмдү деле ата-энеси кыйнап үйлөнтүп койгондой. Эч кандай ачылып, чечилип мамиле кылбады. Дайыма эки-үч күндөп дайынсыз кеткени аз келгенсип, жөнсүз кагып-силке бергени жаныма батат. Кайненем болсо баласынын сөзүн сүйлөйт. «Келинибиздин кабагы ачылбайт, мисирейип» деп кээде жамандап жатканын кулагым чалып калат. Эки күндүн биринде конок тосмой, үй тазаламай, айтор, кээде өзүмдү үй кызматчысындай сезип кетем. Түндөсү жаздыгымды жашка чылап боздоп алам. Кайра эртеси эле мурдагы күндөрдүн уландысы башталат. Сыртынан карасаң баары жакшыдай, эч нерседен кем эмесмин. Неберелери менен мага кымбат баалуу кийимдерди алып беришет. Ашканада каалаган тамак-ашымды жасайм. Бирок жан-дүйнөм жалгызсырап, жашоом муңдуу. Кээде жаныма батканда баарын таштап кете бергим келет. Бирок, кайда барам? Жеңелериме канча күн батам? Атам, апамдын көзү тирүү болгондо, балким, жашоом таптакыр башкача болмок… Алдыда дагы кандай күндөр күтөт? Мен үчүн баары белгисиз. Баары туман… –

Аниса Нуралиева

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *