Байма Сутенова, КР эмгеги сиңген ишмер, профессор: “Жаштарга изденүү керек”

Идеология, турмуш агымы, жашоонун чаржайыт мыйзамы эгемендүүлүктү алгандан бери эч калыптанбай келет. Көп нерсеге жеттик, ошол эле кезде андан көп нерсени жоготтук, чачтык, тепседик. Дегеле кыргызга эмне керек? Кудайга шүгүр, баары бар го. Чакан элибиз, көз жоосун алган жаратылыш, булактай тунук маданиятыбыз, наристедей таза ниетибиз, кылым карыткан тарых, үрп-адатыбыз бар. Балким акыркы 25 жылдыкта өз ырысыбызды өзүбүз көтөрө албагандыктан ушул абалга келдикпи деп кетем. Илгери ата-бабаларыбыз бир боз үйдүн ичине эле батып келген. Азыр 21-кылымдын агымы мененби, айтор өз үйүбүзгө да батпай калгандайбыз. Акыры көчмөн цивилизациябыз дагы заманбапташып кеткендей. Илгери тоо-ташты араласак, азыр өлкөдөн өлкө тандап жер кезебиз. Ооба, ар бир адамдын максаты ар кандай. Алыстыктарды багындыр, жетишкендиктерге жетиш, кыргыз урпагы, бирок улутуңду унутпа. Кээде кыялымда бүтүндөй кыргыз баткыдай боз үй тигип, баарыбыз ошол жерде эриш-аркак жашасак деп тилейм. Албетте бул чабыттаган кыялдар. «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деп Айкөл Манас атабыз чачылганды жыйып, үзүлгөндү улап берди. Биздин учурдагы абал жыйналган нерсе чачылып, уланган нерсе үзүлгөндөй. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) араб өлкөлөрү үчүн гана эмес жалпы мусулманчылык үчүн өмүр өтсө да калчу улуу идеологияны калтырып кетти. 14-кылымдар бою бул ислам мыйзамы кандай гана оор сыноолорду башынан кечирбесин дагы деле туруктуу, күчтүү. Ал эми кыргызды улут кылып түптөп берген Манас атабыздын осуяттарын эмнеге сактай албайбыз, эмне үчүн ошол шартта жашай албайбыз деген суроо жеп келет.

Кыргыздын мыкты айымдары эрдиктери менен далай тарыхты таң калтырып келген. Алардын аялзатына гана тиешелүү мээримдүүлүгү менен айкалышкан акылмандуулугу, жолборс жүрөк баатырдыгы улутту сактап келген. Бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздеги болуп жаткан саясатка көз чаптырып, кызыктырган суроолорум менен КРсына эмгеги сиңген ишмер, профессор Сутенова Байма Жапаровнага кайрылдым. Мамлекетибиздин өткөн-кеткенин кеп кылып отуруп эже буларга токтолду.

– Эже, кыргыз нукура асыл сапаттарын унутуп жер кезип жүрө береби, 10 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыз калбай калат деген коркунуч жокпу?

– Бул көрүнүш ар бир өнүгүп келе жаткан мамлекеттин башынан өтөт. Кайсы тарыхты алып карабагыла, укмуш болуп өнүгүп кеткен мамлекеттердин бардыгы ушундай абалда. Биз мурун миграцияны келгин куштардын миграциясы сыяктуу түшүнчүбүз. Себеби куштар жылуу жерди самашып ошол жакка учушат эмеспи. Биз ошол сыяктуу ыңгайлуу жер издейбиз. Өзүбүз кайсы бир чөлкөмдө өзүбүздү ача алабыз дегендей, адамдардын бардыгы бирдей эмес. Мисалы, мен Кыргызстандан башка жакта жашоону элестете албаган сыяктуу эле кимдир бирөө Кыргызстанда калып калган жашоосун элестете албайт. Муну жөн эле мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карашыбыз керек. Андан улут эч качан кемибейт. Ашып кетсе 25% сыртта жүргөндүр. Мисалы, Түркиянын тарыхын карасаңар, алар айтып чыгышкан 50%быз тарап кетти деп. Ооба, тарап кетишкен. Азыр карагылачы, Германиянын жарымы түрктөр, ошол эле бүтүндөй Европанын жарымы түрктөр. Мындан алар жаман болгон жок. Бизге дагы келип инвестиция салып жатышат, окумуштуу, бизнесмен болуп келишти.

Ал эми улуттун чачырашы эч кандай трагедия эмес. Трагедия эмнеде? Трагедия мамлекетибиздин күчтүү болбой жаткандыгында. Эгерде мамлекет күчтүү болгондо бутка туруп кете бермекпиз. Кыргыз жөн гана жер кезип кеткен жок. Атуулдарыбыздын чет жакка ыктап жаткандыгынын себеби көп, мисалы ошол эле кандайдыр бир кесиптин ээси болгондо да жер тандоо чоң роль ойнойт. Бизде мамлекетте толук кандуу кесип ала албагандын кесепетинен дагы биздин жаштар кетип жатышат.

Экинчи жагы, жөн эле катарда жумуш издеп, бактысын издеген адамдар. Адамдын табияты ар кандай болот, кимдир бирөө сууга сүзгүсү келсе, кимдир бирөө коркот. Ошол сыяктуу эле кимдир бирөө сыртка чыгып келгиси келет. Анан үчүнчүсү, бул аргасыздык, жашоо шарттын бузулушу. Жөн эле мисал, кредит алып карыз болгондор, жаңы жашоо баштагысы келгендер. Бул чөйрөдө жашоо мүмкүн эмес, ошол чөйрөнү жаңыртыш керек деп кеткендер бар. Мен муну биздин мамлекеттин тарыхы менен эч качан байланыштыра албайм. Алар келет. Балким жакшы нерсени же жаман нерсени ала келээр, кандай болгон күндө да кыргыздын касиети бар да.

– Ушунча кылымды карытып, эчендеген тарых жазылган тилибизди эмнеге биз көйгөйлүү маселеге айлантып салдык?

– Тил маселеси эч качан көйгөйлүү болбойт. 90-жылдарда, жаш кезимде мага аябай көйгөйүмдөй сезилген. Себеби баардыгы орусча сүйлөшчү. Орус тилин билбеген, сүйлөбөгөн киши киши эместей кабыл алынчу. Азыркы учурда чет тилди билбегендер өздөрүн кем сезип жатышпайбы, ошол сыяктуу маселе болчу. Бул маселе жоюлду азыр, кеп башкада. Мен университетте сабак берем. Кыргыз тилинде таза сүйлөгөн жаштар окушат, жаңы муун келди. Биз дагы бир муун алмашабыз.

Дагы бир 10 жылдан кийин бул тил маселеси болбой калат. Маселе, биз ким менен тирешкенибизде. Кыргыз кыргыз менен эле тирешип атат. Чет тилди жактырып, ошол тилде сүйлөп, музыка угуп, ошол дүйнө менен жашаган, ошондон айрылгысы келбеген чөйрө бар. Бир-эки сөздү англис же кытай тилинде жазып койсо өзүн укмуш сезген, ошол агымды нукка салуу керек. Дагы бир маселе, кээде өкмөттүн жыйналышында отуруп калганда карасаңар арасында ырым кылаар бир орус жок, бирок отуруп алып орусча сүйлөшөт. Сүйлөшкөндө да так эмес, тамтаңдап сүйлөшөт. Учурдагы көрүнүштөр мурдагы эски муун менен кетиши керек. Ошол эски муун жогору жактан азайган сайын бул маселе өзүнөн-өзү кетет.

Өткөндө Америкадан, Малайзиядан окуп келген балдар менен жолугушууга барсам баардыгы кыргызча таза сүйлөп жатышат. Бирөөнүн оюнда жок башка тилди аралаштырып ийейин деген. Айрыкча орус тилин аралаштырайын деген ниет жок. Эми экинчиден, тил кандай өнүгөт? Бизде бир коркунуч бар, ал адабий тилди жоготуп алуу. Айрыкча жазылып жаткан китептерди карагылачы, жөн эле сүйлөшүү ирээтинде жазылган, эч кандай сөз байлык жок. Биз адабий тилде сүйлөп, ойлонуп, ошонубуз менен кыргыз болчубуз.

Негизги маселе адабий тилди сактоо, болбосо мынчалык чоң көйгөй жараткан тил маселеси жок. Убакыттын тез өтүшү менен биз шашылыш түрдө, кыргыз тили батыраак сиңип калса экен деп жатабыз. Кантип эле биз кышты аттап жазга барабыз? Баары бир бир жыл мезгилин басып өтүшүбүз керек, кааласак-каалабасак дагы. Биз билбейбиз да, ал кыш узак болобу же кыска болобу. Ошол сыяктуу эле тилдин да ушундай маалы. Бардык нерсе өз убагы менен болушу керек. Биздин күрөшө тургандарыбыз жанакы калька менен сүйлөгөндөр, журналистикада эң коркунучтуу нерсе ушул, сүйлөмдүн түздөн-түз которулуп маанисинин бузулгандыгы, кыргыздын нукура, интеррактивдик логикасынын бузулгандыгында. Мисалы, кабарларды карап отурганда угасың жаш журналисттердин которгондорун. Бардыгы сөзмө-сөз которулган. Ал эми ар бир сөздүн ыргагы, кубаты деген бар, которулушта ошол нерселер жок. Угуп жатып бир аз түшүнөсүң эмне деп жатканын. Жаштар таарынышпасын, изденүү, эң негизгиси адабий чыгармаларды окуу зарыл.

– Идеологиябыз барбы?

– Мамлекеттик идеология болгон жана болот. Замандын оош-кыйыш агымы менен башыбыздан ар түрлүү идеологдорду өткөрдүк. Биз идеология деп кызматтын башына келген адамды көрүп алып чалкабыздан кетип жатпайбызбы, балким ошол себептен кереги жоктур деп калдык. Идеология керек мамлекетибизге. Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхын майрамдадык.  Ошол күнү телерадио, гезиттерде бир кызыл нерсе пайда болот, андан ары эмне, жок эч нерсе. Ошонун алдында, андан кийин улап кете турган эгемендүүлүк ар бир кишинин мээсине куюлуп турушу керек. Ал да жок да.

Идеология саат сайын, күн сайын иштете турган нерсе, мисалы, сууну тамчылата берсең таш жарылат дейт. Бизге ошол тамчы керек күнү-түнү. Ал биздин, айрыкча бийлик башында тургандардын баскан-тургандарынан, сүйлөгөн сөзүнөн, ой жүгүртүүсүнөн, элге болгон мамилесинен, эртең мамлекетти кайда алып бара жатат, кандай жол көрсөтүп жатат, ушунун баарын аныктап, тизгиндеп турган нерсе. Идеология – бул дух. Эмне үчүн Коммунисттик партия күчтүү болгон, себеби идеологиясы күчтүү болгон.

Биз ушул убакка чейин ушуну колдонбой келе жатабыз. Идеологияны ырааты менен ишке ашырган нерсе керек. Манастын жети осуятын аракет кылдык, жукпай койдубу, сөзсүз түрдө колубузду жүрөккө коюп түрктөрчө гимн ырдаганда ушинтип турабыз дедик, ал да жукпай койбодубу. Биздин каныбызга сиңип, топурагыбызга өтүп кете турган нерсе керек, биз ошону таба албай жатабыз. Аны табыш үчүн мисалы атайы комиссия же структура түзүүнүн кажети жок. Идеология Президенттин иш аракетинин негизги басымы болушу керек. Жогорку Кеңештеги ар бир депутат, ар бир министр идеологиянын алып жүрүүчүлөрү болуусу зарыл.

Азыр жогорку жакта иштегендер менен карапайым адамдын эмне айырмасы бар. Ал кыйкырса берки да кыйкырып, ал секирсе берки деле секирип атат, минген машинелери деле окшош. Эч айырма жок. Баары эле министр, президент болуп жатат, эмне үчүн мен дагы боло албайм деген ой калыптанып келе жатат. Бир миллион акча тапсаң эле министр болом дебеш керек. Мындай болушу мүмкүн эмес.  Жогорку жактагылар жаштарга баскан-турганы, калкына кылган кичипейилдиги, сый-урматы менен үлгү болушу керек. А азыр эмне болуп жатат? Идеология мына ушунун баарын тарбиялоочу нерсе.

Назира Кулболдиева

Булак: “Асман+”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *