Байымбет Мураталиев, экс-губернатор: «Мен мамлекетке депутаттык мандатсыз деле кызмат кылам»

Азыр эл көзүнөн оолактай түшкөнү менен эски режимдин тушунда бул каармандын «ити чөп жеп» турган. Учурда бир кездери өзү жүргөн чыйыр менен бир туугандары, балдары жипке тизгендей келе жатышат. Биз бул жагына да кызыгып, суроолорубузду берип көрдүк.

– Байымбет аке, убагында облус башчысы, мамлекеттик ветеринардык кызмат өңдүү үлкөн кызматтарга мыктай отуруп, бул жагынан мамлекетчил инсан катары зор тажрыйбага ээ болдуңуз. Азыр дайыныңыз көп чыкпайт. Коңулда күн кечиргениңиз менен ал жакта да жөн жатпасаңыз керек ээ?
– Рахмат силерге, журналисттер, кимдин ким экенин же баскан изди таасын ажыратып талдайт эмессиңерби. Туура, убагында губернатор болдук, бул жагынан өзүңөр баса белгилегендей, үлкөн тажрыйба топтодук дегендей. Биз иштеп турганда губернатордун чоң милдеттери бар эле да, үкам. Ал убакта башка шарт болор эле, азыр эми такыр башка шарт. Кийин мамлекеттик ветеринардык департамент менен ветеринардык лабораторияны жетектеп жүрдүм. Бул кызматтардын да өзүнө тагылган чоң милдеттери, ага удаа түмөн түйшүктөрү бар. Убагында ошол мойнубузга тагылган жоопкерчиликти абийирдүүлүк менен аткарып жүрдүм да. Ветеринария кызматынын калыптанышына, өсүшүнө биздин да кандайдыр бир деңгээлде эмгегибиз болду. Учурда деле коңулда бош жаткан жерибиз жок, айыл чарба министрлигинин алдындагы укуктук, нормативдик актыларды жөнгө салуу боюнча башкармалыгында иштеп, мамлекетибизге колдон келишинче жардам берип жатабыз. 2012-жылы ветеринария кызматынын аткаруу милдеттери айыл чарба министрлигине берилип, ал эми көзөмөлдөө милдети өзүнчө бир инспекция болуп ачылган. Азыр бул жаатта да кандайдыр бир башаламандык болуп жаткансыйт.
– Таласта Мураталиевдер династиясы да элге кеңири белгилүү болуп баратасыздар. Үкөңүз бир кездеги өзүңүз сыяктуу облустук бийликти колго алса, уулуңуз мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилигине чейин жетсе, дагы бир балаңыз Талас шаарынын 1-вице-мэрлигинен жакында эле кетти окшойт. Бир туугандарыңыз менен балдарыңыздын мамлекеттик кызматта тамырлашып баратканына убагында сиздин салымыңыз зор болгонун жокко чыгарбайсызбы?
– Бир беткей эле андай мааниде айтпайм. Династия болгондо кандай, Кудайга шүгүр, биз көп бир туугандуу, бала-бакыралуу үй-бүлөбүз. Баарыбыз тең жогорку билимге ээ болуп, ар кимибиз өзүбүздүн пешене терибиз ме­нен иштеп, өз арыгыбызды өзүбүз чаап келе жатабыз. Муну элибиз да жакшы билишет. Андыктан, үкөлөрүм менен балдарым жалаң эле менин артым, жеке кийлигишүүм менен карьералык секирик жасашкан деп айтыштын өзү туура эмес. «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген кепти билесиңерби? Саясатка анчейин аралаша бербейбиз. Талас шаарынын 1-вице-мэри болуп жүргөн уулум атасы облустук бийликти колго алганда кызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыркы губернатор болгон үкөм бул кызматка «таман акы, маңдай тери» менен жетти.
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилигинде иштеп жүргөн балам бир жерде 19 жыл эмгектенди. Так-что, биздин укум-тукумубуз менен жек-жаат, бала-бакыра, туугандарыбызды жаратмандар деп коёр элем.
– Келечекте парламенттик шайлоого катышуу ниетиңиз барбы? Азыркы бийликтин чаап жаткан жолуна кандай баа бересиз? Атамбаев менен Жээнбековдун башкаруу ыкмаларынан кандай айырмачылыктарды байкап жатасыз?
– Азыр мен пайгамбар жашынан өтүп калдым. Ушуга чейин бир дагы жолу өзүмдүн бактымды депутаттыктан сынап, талапкерлигимди койгон эмесмин. Дайыма практикалык, чарбалык иштерде иштеп келе жатам. Кеңешимди, тажрыйбамды жаштарга айтып, өлкөбүзгө жардам берүүдөмүн. «Мамлекетке, элге иш кылам» десең, депутаттык мандаттан тыш деле практикалык иштерди кылса болот. Ал эми президент Жээнбеков азыр туура позицияда кетип баратат. Айрымдар сындуу өйдөдөн ылдый түшкөн эмес, өзүнүн эмгек жолу ылдыйдан өйдө карай өскөн, тажрыйбалуу жетекчи. Мамлекеттик кызматтагы карьерасында баардык тепкичтерди этап-этабы менен басып отуруп, эң жо­горку кызматка чейин өсүп жетти. Айыл чарбаны, элеттин жашоосун, жергиликтүү башкарууну жакшы билет. Ошол себептенби, президент болуп келери ме­нен «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Муну айтканым, турмушта жакшы сөздү таңкыс кылбай, керек кезде айтып турушубуз керек да. Акаев, Ба­киев, Отунбаева, кийинки Атамбаевдин деле кандайдыр бир деңгээлде жакшы жактары болгон. Кеткенден кийин бир беткей баарысын жамандаштын өзү туура эмес.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *