Бакиевдин жери мүлк фондуна өттү

Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевге таандык 1 гектардан ашык жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого берилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлады. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан аталган жердин сатылып кеткени боюнча Башкы прокуратура тарабынан 10-февралда козголгон кылмыш иши иликтенүүдө. Бул ишке тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Өзгөчө бул ишке Мам­лекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев негизги фигурант катары айыпталууда. Колуна кишен салынабы же жазадан кутулуп кетеби азырынча белгисиз…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *