Бактыбек Райымкулов, депутат: башкаруу системасын бөлөк нукка салмайынча алдыга жылбайбыз

-Бактыбек мырза, он-жыйырма жылдап бүтпөй жаткан курулуштар тууралуу парламентте айттыңыз. Буга конкреттүү мисал келтире аласызбы?

– Мисал келтирсем, Панфилов районунун Букара айылындагы Текеев мектеби 25 жылдан бери бүтпөйт. Ал жакка быйыл акча да бөлүнгөн жок. Имараттын 70-80 пайызы бүтүп калган. Башталган мектептер бүтпөй, жаңы курулуштар салынууда. Мындай көрүнүш биздин Кыргызстанда гана болсо керек. Башка өлкөлөрдө башталган курулуш ашып кетсе эки жылда бүтөт. Айталы, кошуна Тажикстанда сегиз айда баштап, бүтүрөт экен. Бизде болсо ремонт иштери да эки жылга созулуп кетет.

– Сиз кызыгып көрдүңүзбү, бүтпөй жатканынын себеби эмнеде?

– Бул биздин мамлекетте туруктуулуктун жоктугунан. Кыргызстан эгемендик алгандан бери 29 (!) өкмөт башчы кетип, азыр отузунчусу иштеп жатат. Бир премьер баштаган ишти экинчиси улантып кетмей жок. Ал жаңы иш баштайт. Маселе башкаруу системасында болууда. Биз башкаруу системасын бөлөк нукка салмайынча алдыга жылбайбыз.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *