Бакыт Айдаралиев, тамада: Костюмдарымды өзүм тигип кием

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген кеп бардык эле мырзаларга мүнөздөлө бербейт. Бирок каарманым Бакыт Айдаралиевге мүнөздүү сапат женин ал иши менен далилдеп келет. Каарманымды тааныган күндөн тарта анын күжүрмөн аракети, талыкпаган эмгегине таң берип келем. Профессионалдуу фотограф, таланттуу ырчы, алып баруучу, тамада, балдарга жакшы ата, сүйүктүү жар жана тигүүчү! Мырзамын деп мырзанын гана ишин кылып тим болбостон, тигүүчүлүктү да өтө мыкты өздөштүргөн. Таман акы, маңдай тери менен эбегейсиз ийгиликке жеткен каарманымдын ийгилик сырларын өзүнүн айтып берүүсүндө билиңиздер.

– Бакыт мырза, тамадалык кылуу билген адамга оор эле милдет. Мындай милдетти аркалап жүргөнүңүзгө канча убакыт болуп калды?

– Рахмат, тамадалык эле эмес, деги эле чыгармачылык жолго аралашканыма баш аягы туура 7-8 жылдай болуп калды. Бул аралыкта бир топ кыйынчылыктарды, жакшы күндөрдү башымдан өткөрдүм. Ырчылыкка болгон ынтызарлыгым, чыгармачылыктын чыйыр жолуна болгон сүйүүмдүн арты менен бул чөйрөгө келип калдым десем болот. Ал эми тамадалык менен алектенгениме деле бир топ убакыт болду. Элдин жакшылыгында кызмат кылганга, ак эмгек менен тамак таап жегенге эмне жетсин?

– Эл талап кылып, көп чакырган тамада болуш үчүн тамадага кандай сапаттар керек?

– Талап күчтүү болушу үчүн тамада ар тараптан өнүккөн инсан болушу керек. Маселен кыргыздын, өз элибиздин тоюнун башкаруучусу болгон соң элибиздин каада-салтын, жөрөлгөсүн, көөнөрбөс сөздөрүн, накыл кептерин билишибиз керек. Тойду заманга жараша өзгөчөлөнтүп, элди чарчатып ийбей тургандай кызыктуу алып барсаң элдин талабы күчөй берет.

– Кээде той ээлери нааразы болгон же сиз аларга нааразы болгон учурлар болобу?

– Мен той ээлерине азыраак капа болуп калган учурлар болуп калат. Бирок эч качан той ээлерин капа кылбаганга аракет кылам. Болгон дараметимди, энергиямды төгүп, чын дилимден кызмат кылып келем. Кудайым кут кылсын, алып барганың жакпай калды деп нааразы болгон той ээлерин көрө элекмин. Буюрса мындан дагы жакшы алып барууга аракетимди кылам.

– Азыр эмне көп, албетте той анан тамада көп. Атаандашуу да ошончо болсо керек?

– Мен жаңыдан тамадалыкка аралашканда мен тамадамын десем, “оо, тамада турбайбы” деп өзгөчө мамиле кылышчу. Азыр тамадамын десең, ии, тамададан көп неме жок дегендей мамиле кылышат. (күлүп) Чынында тамада абдан көбөйдү. Экинин бири эле тамада болуп калбадыбы. Бирок кайсы жерде атаандашуу болсо, ошол жерде өсүү бар эмеспи. Андыктан бири-бирин көрүп түздөнүп, улам бири жаңычылдык киргизип жатып тамадалык өнөр да оорчуп, татыктуулары тандалат деген ойдомун. Атаандашуу болуп турсун, биз өсүп туралы.

– Ырдап жүргөнүңүздү көрүп калчу элек…

– Ооба, чыгармачылыкка ырчылык аркылуу аралашкам. Ырчылыкка аралашканыма кимдер себепчи болгонунун айта берсем, мени айтпай коюптур деп таарынгандар четтен чыгат. Ошондуктан менин чыгармачылыкка аралашуума себепкер болгон ар бир жакшы инсандарга ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир алып барган тойлорумда сөзсүз ырдайм.

– Элди таң калтырчу өнөр сизде көп. Ошолордун бири тигүүчүлүк тууралуу айта кетсеңиз?

– Рахмат, менде өнөр көп деп мактанып коеюн. Эл билбеген өнөрлөрүмднү бири бул сиз айткандай тигүүчүлүк өнөрүм. Тойлорго кийген костюмдарымдын көбүн өзүм тигип кием. Бул кесипти 6-7 жылдай аркалагам. Тигүү цехинде ушунча жыл иштегендиктен кийимим согулуп же жыртылып калса келинчегиме жалдырабайм. (күлүп)

– Бала кезде сиз жетсем деп кыялданган, азыр ии, жөнөкөй эле нерсе турбайбы деген буюм эмне буюм эле?

– Ооба, бала кезимде кыялданганым буюм деп кеттиңиз, буюм эмей эмне, мен дагы иномарка машине тепсем арманым жок эле дечүмүн, анан дагы бир кыялданганым сахнага ырдап чыксам, жок дегенде бир жолу дечүмүн. Ырчылар менен сүрөткө тушуп алсам деген ой-тилектерим бар эле, кудайыма шугур, азыр баары орундалып отурат.

– Кимдир бирөөгө жакшы дос болуп бере алдыңызбы?

– Кимдир бироого жакшы дос болуп бере алдым го деп эле эсептейм. Анткени досторум аябай көп. Чынын айтсам, баарына бирдей, тегиз караганга аракет кылам, колдон келишинче.

– “Жакшыга сөз жабышат, жаманга чөп жабышат” дейт, артыңыздан сөз чыгаргандар болбой койбосо керек?

– “Жакшыга сөз, жаманга чөп жабышат” деп кеттиңиз, ооба, менин артымдан сөз кылгандарга мен эч качан терикпейм. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”, мени сөз кылган сайын мен ошончолук такшалам, чыйралам, көздөрүнө көрүнүшкө аракет кылам. Өзүмдү көтөрмөлөп, Бакыт сен жөнөкөй инсан болсоң сөз кылбайт эле. Элдер бир аз болсо да эл көзүнө көрүнүп, сен тууралуу сөз кылып жаткан болсо, анда сен чоң жетишкендиктин үстүндөсүң деп өзүмдү-өзүм жоошутуп келем.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *