Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: «Дооронбек Садырбаевдин китебине кирем деген өзбек депутаты бизди эки жолу ресторанга алып барган»

— Бакыт байке, мени кимдир бирөө коркутуп жатат деп жар салып жатасыз. Сизди коркуткан ким экен деги?

— Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал кишини экспертизадан өткөрүштү. Тилекке каршы биздин кылмыш кодексте ушундай көрүнүштөргө ылайыктуу берене жок экен. Ошол үчүн кызматкерлер аны жөн эле каттоого алып коюшту. Ал адамды атайын барып текшеришкенде психикасы нормалдуу эле экен. Анын иштеген жери менен бирге жашаган дарегин бир күндүн ичинде эле табышкан соң мага сүрөтүн алып келип беришти. Анан мен анын телефонуна “кел экөөбүз маңдай-тескей ачык сүйлөшөлү” деп смс билдирүү жөнөттүм. Анткени ал мага жиберген смс билдирүүсүндө өкмөттү колдогон саясат таануучулардын баарын өлтүрөрү тууралуу ачык жазган экен. Мен аны телефон менен байланышат, же болбосо өзү мага келип жолугат болуш керек деп ойлогом. Өзү менен камерадан деле сүйлөшөт элем. Бирок мен ага барбадым. Анткени аны сотко бергенге ылайыктуу берене мыйзамда жок экен. Андыктан биздин кылмыш кодекске ушундай коркутууларга карата колдонулуучу беренени киргизүү керек. Себеби мага карата болгон мындай коркутуу интернет террору болуп эсептелет. Ошол үчүн мен депутаттар менен сүйлөшүп кылмыш кодекске өзгөртүүлөрдү киргизгенге аракет кыламын. Ал эми телефон террору боюнча кылмыш кодексинде берене бар экен. Кеч болуп кала электе биз керектүү беренени кылмыш кодексине киргизип интернет террору менен алек болгондордун жазасын беришибиз керек. Болбосо мындай көрүнүштөр убакыт өткөн сайын улам көбөйө берет. Эгер бул киши чынында эле бирөөлөрдүн тилине кирип саясатка аралашып кеткен болсо балким жаңылып жүргөндүр. Анткени ок менен эч качан тартип орнотуп, эч качан башкаларга өзүңдүн оюңду таңуулай албайсың. Деги эле түшүндүрүү иштерин дискуссия, дебаттар менен гана жүргүзө аласың. Мисалга ислам динин алалычы. Эл бул динге өзүнүн каалоосу менен эле кирип жатпайбы. Ошон үчүн саясат да ушундай болушу керек.

— Анан коркутуу башталды деп эле таптакыр коркуп калдыңызбы?

— Эми мен алтымышка келдим. Демек, мени коркутуу өтө кыйын да. Учурунда мен 57 мамлекетти кыдырып келгем. Буга чейин канчалаган президент, депутаттар менен баарлашып, бул дүйнөдө эл үчүн, үй-бүлөм үчүн керектүү иштердин баарын жасап койгом. Ачык эле айтып коёюн. Эгер жанагыдай жаштар “жүрү тоого барып атышалы” деп айтса деле мен чакырган жагына кете берем. Бирок алар турмуштан көп нерсени көрүшө элек да. Негизи эле кыргыздын жаштары көптү көргөн аксакалдарын сыйлашы керек. Ошол үчүн жанагы адамды саясий жактан туура эмес кадамга барып жаңылып калган деп айтам. Азыр мен анын аты-жөнүн айта албайм. Мунун аркасында ким бар экендигин изилдеп жатабыз. Балким бул жалгыз эместир. Мындай жагымсыз окуяга туш болгонумда өзүмдүн досторум коопсуздугумду камсыз кылуу үчүн атайын байланышканда аларга абдан ыраазы болдум. Ал эми кээ бирөөлөр “бул өзүн жөн эле пиар кылып жатат” дегенсип мени туура эмес түшүнүп жатышат. А мага пиардын эмне кереги бар? Эч кереги жок…

— Аналитиктер деген көз каранды эмес болушу керек да. Биздеги аналитиктер ким тыйын берсе эле ошонун ырын ырдап жатпайбы. Кыргыз аналитиктерин күкүк десем туура болобу?

— Атамбаевди мен принципиалдуу түрдө колдоп жатам. Эгер мен аны менен соодалашсам, мага эмдигиче бир кызмат бермек да. Эми айрымдар өзүн кандай ойлосо башканы да ошондой ойлойт экен. Балким акчага кызыгып иштеп жаткан саясат таануучулар бардыр… Эгер мага ишенбегендер болсо, анда менин тапкан-ташыганымды текшеришсе болот. А мен Атамбаевге жасаган баардык “жакшылыктарым” үчүн аны менен “эсептешсем” эбак эле миллионер болуп кетмекмин да. Бирок мен ал кишини оппозицияда жүргөн кезинде да мактап жүргөм. Эң негизгиси мен акты ак, караны кара деп ачык эле айтам. Ошон үчүн мени оппозицияга барсам бийликтегилер, же тескерисинче бийликке барсам оппозициядагылар жаман көрүшөт. Бирок мен оппозициянын да, бийликтин да жакшы жактарын айтып жүрөмүн. Тагыраак айтканда өзүнчө эле “Азаттыкмын” деп баса белгилеп кетмекчимин.

— Эми ошондой болсо деле бийликке жан тартып, алардын позициясына туура келген сөздөрдү сүйлөп каласыз го?

— Мына азыр Түндүк менен Түштүктү бириктирген альтернативдүү жол курулуп жатат. Эми ошону айтышым керек да. Атамбаевдин учурунда мурдагыдай свет көп өчпөй калды. Газ маселеси боюнча айта турган болсом, мурда күзүндө биздин министрлер дайыма Өзбекстандын министрлеринин коридорун сагалап калышчу эмес беле. Азыр андай көрүнүш жок. Көмүрүбүз болсо жетиштүү. Жакында жаңы шайланган президентибизге туңгуч президент Акаевден куттуктоо телеграммасы келди. Эми мынча болду ал кишинин дагы жакшы жактарын айтып кетпкесем болбос. Акаевдин учурунда “Демократиянын аралчасы” деген атка конгонубузду кантип танабыз? Ал киши бийликте турганда бизде Акыйкатчы институту ачылганын, бирок ошол эле учурда кадр маселеси жакшы чечилбегендигин, экономикабыз төмөндөгөнүн мен ачык эле айткам.

— Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап бара жатат. Жакында жаңы президенттин доору башталат. Сиз көз карандысыз саясий серепчи катары кийинки мезгилге кандай саресеп салдыңыз?

— Сооронбай Шарипович азыркы президенттин саясатын улантат. Анткени бул туура кадам болуп эсептелет. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттерде мурдагы президенттин саясатын кийинки президенттер улантып келген. Кытайдын тарыхында Дэнь Сяопинь өзүнүн бийлигин өз каалоосу менен кийинки лидерге өткөрүп берген. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин Кытайда ошол саясий маданият калыптанып калган. Ал эми биздин Кыргызстандын тарыхында бийликти Атамбаев өз каалоосу менен Жээнбековго өткөрүп жатат. Мындай жакшы жөрөлгө буга чейин эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Эгер Атамбаев дагы бийлигинин мөөнөтүн узарта турган болсо Конституцияга өзгөртүү киргизгенге күчү деле жетмек. Бирок андай жолго барбады. Эми эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында жаңы барактар ачылып, кийинки келе турган президент Сооронбай Шарипович мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп, дубалын көтөргөнү жатат. А калган ишти болсо кийинки президенттер улайт. Эми сага дагы бир мисалды айтып берейин. Демократиянын мекени аталган АКШда мурунку президент Обама өз мураскери Клинтонго кандай гана аракет кылбады. Демек, дүйнөдөгү баардык демократиялуу мамлекеттерде президенттер өзүнүн мураскерине жардам берерин эсибизден чыгарбашыбыз керек. А биздин Конституциябызды бирөөлөр бетке кармап “президент өзүнүн мураскерине үгүт жасай албайт” деп чырылдашат. “Эмнеге?” деп сурасаң өздөрү жооп бере албайт.

— Сиз бир учурда саясаттын чордону болгон парламентте бир топ жыл иштеп калбадыңызбы. Ошондо депутаттарга байланышкан кызыктуу окуялар балким дагы эле эсиңизде бардыр…

— Анда өзүң айткандай парламентте иштеп турган кезим. Бир жолу чет өлкөгө парламенттик ассамблеянын жыйынына барып калдык. Жыйын өтүп жаткан учурда раматылык Дооронбек Садырбаев доклад жасап жаткан кишини карап алып блокнотуна чийгилеп кандайдыр бир маалыматтарды жазып атты. Менин жанымда отурган Өзбекстандан келген депутат менден Докемдин эмнени жазып жатканын сураганда “китеп жазып атат” деп айтып койдум. Анан ал депутат “мени дагы китебине кошуп койсунчу” деп суранган соң кечинде бизди ресторанга алып барып сыйлаарын айтты. Докеме айтсам макул болду. Ошентип ал депутат бизди аябай сыйлады. Эртеси күнкү жыйында Докем доклад жасап Акаевди шыбай баштады. Ошондо баягы депутат “мени китепке жазбай эле койсунчу” деп менден өтүнүп калды. Анын өтүнүчүн Докеме айтсам “через ресторан” деп айтып күлдүрдү эле. Ал күнү кечинде да Өзбекстандын депутаты Докем экөөбүздү дагы бир жолу ресторанга киргизген.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *