Бакыт Орунбеков, саясый илимдердин кандидаты: «Бабанов саясатка кайрадан кайтуу үчүн саясаттан кетти»

– Өмүрбек Бабановдун бийликке чөк түшүп, депутаттык мандатын таштап, ага удаа саясаттан кетүүсүнө кандай кез караштасыз?

– Өмүрбек Бабановго эки жолдун бирин тандоо үчүн кысым көрсөтүлдү окшойт. Ал бирөөнү тандады. Менимче ал «саясатка кайра кайтып келүү үчүн саясаттан кетти». Бул тактикалык жактан туура жол.

– Менимче Атамбаев жаңы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн негизги атаандаштарынын алдын башын алып, артын кынга киргизгендей саясатын жүргүзүп берди. Мындай темп менен алдыдагы 6 жылдыкта Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлигине баш көтөргөн тыңгылыктуу оппозиция болобу?

– Бир акылман «демократия заманында бийликке дайыма оппозиция болуш керек, болбосо түзүш керек» деп айткан. Бизде азыр анча-мынча оппозиция болгонун тынчытуу аракети жүрүүдө. Муну менен азыркы бийлик демократияны өнүктүрүүгө балта чабууда.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *