Бакыт Шарыпов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: “Бишкек мэриясын депутаттар эмес, эл шайлашы керек”

-Бакыт мырза, Бишкек шаардык кеңешинде 4 жыл депутат болдуңуз. Мөөнөт аяктап, жакында кайрадан шайлоо болгону турат. Бул мезгилдин ичинде кандай иштерди аткардыңыз? Кыскача айтсаңыз?

Негизи эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты деген – Жогорку Кеңештин депутаты эмес, статусу төмөнүрөөк, эл үчүн жасайын деген иштерди иш жүзүнө аткарууга мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Андыктан, биздин анчалык ооз толтуруп айта тургандай, чоң деңгээлдеги иштерибиз азыраак. Чындык ушундай. Айрым адамдардай болуп бир аз иш жасап коюп, аны даңазалап мактана бергим келбейт.

-Ошентсе да, шаардыктардын эсинде кала турган иштерди жасадыңыз да…

-Туура, аз болсо да шаар эли үчүн бир катар иштерди жасап, чечиш керек болгон айрым көйгөйлөрдү чечтик десем болот. Депутатка бөлүнүп берген акчага: бир катар кабаттуу үйлөрдүн чатырын оңдодук, балдар ойной турган аянтчаларды, спорт аянтчаларын курдук. Салтка айланып калгандай, оор турмушта жашагандарга азык-түлүк алып берүү, Карылар күнүнө карата, Жаңы жылда белек-бечкек алып берүү иштери да бар. Бир катар мектептердин терезелерин атайы материалдар менен жылуулап, муктаж жерлерге жаңы трансформацияларды койдурдук. Мындан тышкары, өзүм демилгелеп, ар кандай көйгөйлүү маселелерге шаардык бюджеттен 45 млн. сом бөлдүрдүм. Башка да ушул сындуу майда-барат иштерди айтпай эле коёлу. Мэрия кандай иш жасаса, ошонун дээрлик баарына депутаттардын да салымы бар. Мунун баары эми социалдык маанайдагы иштер да. Чынын айтыш керек, депутат болуп келгенде Бишкекти Нью-Йорк кылабыз дегенбиз, тилекке каршы кыла албадык. Ал үчүн экономикабыз күчтүү болушу керек экен. Ал деңгээлге жеткизе албасак да, бир топ аракеттер көрүлүп, колдон келишибизче иштеп бердик.

4-жылдан бери 3 мэр менен иштедиңиз. Кимиси жакшы иштеди?

-Менимче, 4 жылга жакын мэр болгон Иса Өмүркулов көп жакшы иштерди жасап кетти. Ошол кезде саясый кырдаал курч болуп турса да, реформалык кадамдар ишке ашып, бир топ  жолдор салынды, тазалык болду, Ош базар иретке келтирилди ж.б. Ал эми Кубанычбек Кулматовдун учурунда шаар акыр-чикирге толуп кетти, бир катар мекемелер ар кандай жолдор менен таратылды. Чарбага жок экен да, кабинеттин ичинде эле олтуруп калды. Азыркы мэрибиз болсо чарбачыл экен, ал буга чейинки мэрдин тараткандарын кайра мэриянын карамагына алып, жакшы эле аракеттерди  кылып жатат. Бир мисал, Эл аралык университеттин бир имаратын мэриянын карамагына алып жатат. Дагы убактысы бар, мындан да жакшы иштеп өзүн көрсөтөт деген ишеничтемин.

Борбор шаарыбыздын кайсы көйгөйүн баса белгилеп айтат элеңиз?

– Көзгө басар шаарыбызда көзгө ачыктан-ачык эле көрүнүп турган мыйзам бузуулар, чечилбеген көйгөйлөр абдан көп. Мен бирөөсүн эле айтайын, – ал архитектура жана курулуш маселеси. Шаарга көрк бере турган мыкты архитектуралык долбоорлор ишке ашпай жатат, көп кабаттуу үйлөрдүн бир тобу мыйзамды одоно бузуу жолдору менен салынып жатат. Мунун баары жең ичинен башталып, акыры ачыкка чыкканы менен талапка ылайык чара көрүлбөй калууда. Демек, ортодо чоң акча ойноп жатканын баамдасак болот. Айтып олтурсак, башка тармактарда да ушундай көйгөйлөр толтура. Негизи Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары эмес, шаар эли талапкерлердин арасынан тандап, шайлап алышы керек экен. Бир адамды депутаттар унчукпай шайлап койгону көп учурда иш жүзүнө келгенде эч кандай натыйжа бербейт экен. Мына ушул маселени да Баш мыйзамга жазышыбыз керек болчу.

– “Ата Мекен” партиясынан депутатсыз да. Лидериңер Текебаевди жакшы билесиз. Мына азыр, саясый абал курчуп, ажо менен сиздердин лидер тирешип турат. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Биринчиден, баса белгилеп айта кетейин. Мен 2012-жылы “Ата Мекенден” депутат болгонум менен, бул партияга мүчө эмесмин, деги эле эч бир партияга мүчө болгонум жок. Ошол кезде, талапка ылайык шайлоого кайсы бир партия менен катышуу керек болду, анан “Ата Мекен” менен чыккам. Анын үстүнө ал кезде Текебаевдин деңгээли такыр башка эле да. Эл дегенде ичкен ашын таштап, патриоттук духу жүзүнөн төгүлүп турган болчу. Коомчулуктун Өмүрбек мырзага кандайдыр бир деңгээлде “симпатиясы” бар болчу. Азыр эми ал кездеги Текебаев жок, акыркы жылдары башка Текебаев болуп калды. Белгилүү болгондой, мунун да бир катар себептери бар. Ошондой болсо да, 25 жылдын ичинде бул инсан кыргыз элине жакшы эле кызматын кылып берди. Мен Атамбаев менен Текебаевдин тирешип жатканын көпчүлүк катары эле туура эмес кабыл алдым. Бул көрүнүш экөөнө тең аброй алып келбейт. Саясый упай топтой алышпайт, чоң мүдөөлөрүнө да жетүү кыйын. Бирок, менимче “Ата Мекен” оппозицияга кетет да, Текебаев баягыдай эле кыйкырып жүрө берет го.

Анын үстүнө алдыда президенттик шайлоо улам жакындап келатат, аны да чоң даярдык менен эске алышыбыз керек да…

-Эң туура, кептин баары мына ушул президенттик шайлоо маселеси жакындап калгандыгында болуп турат. Шайлоону эмдиги жылы эң мыкты деңгээлде өткөрүп, көпчүлүктүн каалоосундагы: адамдык жана билим деңгээли жогору, элге ак эмгеги менен кадыры өткөн, таза, мекенчил, акылдуу, бирден-бир чыгаан инсанды президент кылып шайлап алышыбыз керек. Бул маселе биздин келечекти кандайдыр бир деңгээлде чечип коёт. Демек, ар бир жаран ар кандай татыксыз талапкерлерге сатылбай, алданбай, тандоодон жаңылбашы зарыл. Маселен, коңшу өлкөлөрүбүз бизде президенттик шайлоо мыкты өтүшүн анчалык каалабайт. Себеп дегенде атаандаштык бар да. Ал эми дүйнөлүк масштабда болсо, талапка ылайык татыктуу шайлоо өткөрүп алсак, Кыргызстан дагы бир жолу дүйнө жүзүнө жакшы жагынан таанылып, үлгү көрсөтөт эле. Биз мына ушуга жетишишибиз керек.

-Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө кандай көз караштасыз?

-Баш мыйзам негизинен өзгөртүлүшү керек. Буга чейин иштеп келген Баш мыйзамыбызда көп эле кемчиликтер бар болчу. Баш мыйзам деген заман талабына жараша болуш керек. Ар кандай саясый, экономикалык бороондорго туруштук бериши шарт. Мына ушундай өтө маанилүү багыттарыбызды жөнгө салып турушу керек. Тилекке каршы, азыркыбыз бул талаптарга анчалык жооп бербей жатпайбы. Азыр Баш мыйзамда көп эле багыттар, айрыкча башкаруу системасы бир топ өзгөрүүгө душар болду. Жогорку Кеңеш тарайт деген сөз бар, менимче таратылбашы керек. Андан көрө, жогоруда айткандай, кийинки жылдагы президенттик шайлоону жакшы өткөрүп алышыбыз керек. Бирок, Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинде талкуу жакшы болбой калганын ачык айтышыбыз абзел. Тар чөйрөдө эле шашылыш өзгөрткөндөй болуп турат. Элдин басымдуу бөлүгү Баш мыйзамдын эмнеси өзгөрүп жатканын, андан эмне утуш, эмне пайда болорун билишпейт. Ошондуктан шашылбай терең талкуу болсо, абдан жакшы болмок.

Саясаттын тузу оор эмеспи. Саясатка аралашып калдыңыз, саясаттагы мындан аркы пландарыңыз кандай?

-Мен өзүм жаратылышыман адамдарга, колдон келсе жалпы элге жардам бергим келет.  Жардам берүү ишин саясатта болсом да, болбосом дагы мүмкүнчүлүккө жараша улантсам дейм. Алдыдагы шаардык кеңештин шайлоосуна катышабызбы, катышпайбызбы, азырынча акыркы чечимди толук кабыл ала элекмин. Ойлонууга бир аз убакыт бар. Жакшы сунуштар болсо, аны да ойлонушубуз керек. Айтор, убакыт көрсөтөт. Негизинен элге жардам бергиси келген, мамлекетти алдыга түрткүсү келген адам, саясатка аралашпай, кайсы бир мамлекеттик кызматты ээлебей туруп деле, өзүнүн коомдук үлгүлүү, жемиштүү иштери менен мамлекетке  пайдасын тийгизсе болот. Көп эле адамдарыбыз бул жагын ойлобой, кызматка, мандатка жанталашып, эт-бетинен түшүп, абийирлери кетип жатпайбы.

-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. “Тойдун эртеси да болот” дегендей, бул чоң тема боюнча кандай ой айтасыз?

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекетибизге чоң аброй алып келди десек болот. Пайдалуу жактары көп болду. Жетишкендик катары баалап жетине албай сүйүнгөнүбүз менен, бул маселенин артындагы көйгөйлөрдү унутупашыбыз керек. Биз канчалык деңгээлде чоң оюн, чоң иш-чара өткөзсөк да, колубуздан келерин ушул жолу так аныктап, иш жүзүндө көрсөттүк. Анткен менен ошончо азабы, ошончо түйшүгү, ошончо каражаты мамлекеттик бюджетибизге оңой эмес сокку уруп коюп жатпайбы. Себеби, экономикабыз алсыз, чектелүү. Андыктан, биз автор катары Көчмөндөр оюндарын башка көчмөн мамлекеттерге эстафета катары берсек жакшы болмок же эки жыл сайын дебей Олимпиада оюндарындай кылып, 4 жылда бир кылсак, мамлекеттин өзүнө да жеңил болмок деп эсептейм.  Маселен, ат майданын 1,5 млрд. сомго курбадыкпы. Бул биздин мамлекет үчүн чоң акча. Ушул акчага республикадагы бардык ооруканалардын эскилиги жетип турган меджабдыктарын толугу менен жаңыртсак болот  экен. Мына, тышкы карызыбыз ИДПга салыштырмалуу 70 пайызга жетти. Биз акыркы жылдары бир кийизден кичинекей куурчак ж.б. буюмдарды жасап алып, аны ашыкча эле даңазалачу болдук. 25 жылдан бери борборго, аймактарга кыйратып деле завод –фабрикаларды сала албадык. Эмне үчүн машине, эмне үчүн телевизор, муздаткыч ж.б. чыгара албайбыз? Ата-бабабыздын арткы жашоосуна ашыкча эле кетпей, азыркы замандын талабына жараша иштерди аткарышыбыз зарыл. Кыскасы, ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушун да унутпай, чанбай, ошону менен бирге 21-кылымдын өнүгүүсүнөн калып калбай, улам алдыга умтулушубуз  керек. Дагы айта кетчү нерсе, Көчмөндөр оюндарына келишкен бир топ туристтер нааразычылыктарын айтышпадыбы. Мисалы, аэропорттон туристтер түшкөндө эле, биздин таксисттердин көбү туура эмес мамиле кылышып, эптеп эки эсе көп акча алганга аракет кылышат, алар аз келгенсип милицияларыбыз да, болбогон жерден айып салышып, айтор аларды ар кандай жолдор менен торго түшүргүлөрү келишет. Мындай көрүнүштөр эч качан мамлекетке аброй алып келбейт. Демек, бул жагын катуу көзөмөлгө албаса болбойт. Көп эле чет мамлекеттерде турист адашып калса, көздөгөн жерине жеткиришет. Чоң акчасы таксинин ичинде калып калса, аны кайра алып барып беришет. Биз да ушундай деңгээлге жетишибиз зарыл деп эсептейм. Бул үчүн биринчи кезекте аң-сезимди өзгөртүп, кудайдан коркуп, ыйманды күчөтүшүбүз керек.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

Булак: Багыт 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *