Бакыт Төрөбаев: Айыл өкмөттөрү сүт бербей калды

– Бакыт Эргешович, 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу өкмөттүн отчету талкууланып жатканда сиз ага каршы добуш берериңизди билдирдиңиз. Эмне себептен?

– Өзү негизи бир жылдын ичинде бюджетке эки жолу өзгөртүү, толуктоо киргизип, өкмөт өздөрүнө ылайык кылып алып келишкен. Ошондо экинчи жолу өзгөртүп жатышканда биз сураганбыз «ушуну менен бүттүбү, аткарасыңарбы?» десек, «аткарабыз» дешкен. Мына аягына келип, аткара албай калышты. Салык кызматы планды 96, бажы кызматы 95 пайызга гана аткарышкан. Жүз пайызга жеткен эмес. Конфискация болгон мүлктөр 1 миллиард сомго жакын. Ошол мүлктөрдү сатып, башка да каражаттар болсо пайдаланып, бюджетке киргизсе болобу? Болот. Экинчи маселе, администрлөө. Каржы министри – бул саясатчы. Салык кызматын, бажы жана башка кызматтарды чакырып, «эмне үчүн планды аткарбадың?» деп саясат жүргүзүшү керек эле. Андай иш да болгон жок. Мурдагы эле эски система менен иштеп келе жатышат. Кайра эле баягы капиталдык салым, кайра эле баягы стимгрант деп эле келатабыз. Анын баары кете турган, кайтып келбей турган акча. Башка бир жаңы көз караштарды пайдаланып, фонддорду ачып, акчаларды коюп, «биз силерге акча беребиз, бирок, силер акчаны салык түрүндө кайра төлөп бересиңер» деши керек болчу. Бирок, эч кандай иш-чара жок. Ошондуктан, 2017-жылкы республикалык бюджеттин аткарьшышына мен «макул» деп добуш бералбайм. Анткени, ал аткарылган жок.

– Кийинки кездерде сиз айыл өкмөт башчыларынын жоопкерсиздиги тууралуу да маселе көтөрүп келе жатасыз.

– Азыр кандай? Айыл өкмөтүнүн башчыларын айылдык кеңештин депутаттары шайлайт. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп алып (ал жерде 11 же 21 эле адам, сүйлөшүү оңой), каалаганын жасайт. «Өкмөттү өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгайын, мынча жумуш ордун түзөйүн, элди жакырчылыктан чыгарайын» деген аракетти көрбөй жатам. Алардын иши эмне болуп калды азыр? «Жерди трансформациялап саталы, арендага берели, пайда табалы…» дегендей. Болду. Сүт товар фермаларын, тигүү цехтерин ачуу боюнча максат койгон жок. «Айылбанкта» акча бар. РСК банкына мамлекет 29 млн. сом акча берди. Ошол акчалар турат. Иштетиш керек да.

– «Айыл өкмөттөрү жер сатып эле калды» деп айтып атпайсызбы. Статистика боюнча үстүнөн эң көп кылмыш иши козголгондор – бул айыл өкмөттөрү экен. Алардын көбү жерди мыйзамсыз сатуу боюнча.

– Бул жерде өкмөттүн эч кандай рычагы жок. Аларды жумупгган алалбайт. Ошон үчүн мен айттым, «макул, айыл өкмөтүнүн башчысын айылдык кеңештин депутаттары шайласын. Бирок, силерде аларды иштен алганга укук болуш керек, ошону мыйзам менен киргизгиле» дедим. Эгерде социалдык, экономикалык жана коопсуздук жагынан маселе жаралса, анда жумуштан алып койгонго борбордук өкмөттүн укугу болуш керек. Ошондо ар бир айыл өкмөтүнө индикатор берилет. Бир жылда канча жумуш ордун түздүң, жер салыгын канчага көбөйттүң, жумуш ордуларынын эсебинен канча салык топтодуң? Ошонун негизинде алардын ишине баа берилүүгө тийиш. Жакшы айыл өкмөттөрү деле көп. Дотациядан чыккан, 30-40 млн. сом бюджети бар. Эмне үчүн башкалар ошону жасай албайт?

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *