Балдар ыйлап кирип, күлүп чыккан оорукана

 Кара-Суу аймактык балдар ооруканасы – республикабызда жападан жалгыз. Андыктан, бул медициналык мекемеден эртели-кеч адам аягы дагы үзүлбөйт. Ооругандар муӊайып босогосун атташса, а сакайгандар күлүп-жайнап чыгып кетип атышат. Биз дагы кабарчылык адатыбызга салып, ага капысынан эле баш бактык.

Калипа ЗИЯДИНОВА Кара-Суу районундагы алыскы Курбан-Кара айылынан. Эки жаштагы уулу Салманга капысынан суук тийиптир.

-Болгондо дагы бөйрөгүнө катуу суук тийиптир. Күнү-түнү жөтөлүп шаштыбызды абдан эле кетирди, — деди Калипа ЗИЯДИНОВА. — Кара-Суу аймактык балдар ооруканасына кайрылсак, эч зарыктырышкан жок. Дароо эле палатага жайгаштырышты. Ушул тапта Салмандын саламатчылыгы улам жакшырып баратат. Анткени, доктурлар күнү-түнү дебестен эӊ мыкты карап жатышат. Анын үстүнө бул жерде оокат-ашы дагы жакшынакай экен.

Айтикан ЖУСУПБЕК кызы Кара-Суу районунун Ак-Таш кыштагынан. Бир жаштагы уулу Элдарды карап жаткан маалы.

-Уулум тынбай эле ичи өтүп, катуу чычкактап, эсибизди куп эле оодарды, — деп кепке кошулду Айтикан ЖУСУПБЕК кызы. – Кашайып кыштагыбызда илгеркидей педиатр түгүл бир дагы доктур жок! Буерге келсек, дыкаат текшеришип, ооруканага таанышсыз эле жаткырышты. Анан моминтип бекер эле дарылап жатышат. Медайымдардын, доктурлардын бардыгы балдарыбызга жана кошо жатышкан ата-энелерине абдан сылык-сыпаа мамиле кылышат. Бирөөнүн кагып-силкккенин, же зекигенин дегеле көрбөдүм.

            Деген менен түйшүгү түмөн ак халатчандардын дагы өздөрүнө учурап, көбү менен иш үстүндө эле баарлаштык.

Гүлбахор ЭГЕНОВА Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын өспүрүмдөр бөлүмүнүн башчысы: —

Эӊ азы беш-сегиз, а көбү он-он беш күн жатып дарыланышат. Көрдүӊүздөр го, шартыбыз кудайга шүгүр. Заман талабына дээрлик ылайыкташтырылган. Кудайдан дагы тилегеним: ушул ымыркайлар жана бөбөктөр эзели оорушпасын. Анткени, булар – биздин келечегибиз! Дени сак улут бар жерди дайыма өнүгүү гана коштойт эмеспи.

Тариэл ЖУНУСОВ, Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын доктор-педиатры:

— Тагдыр экен. Өмүрүмдүн кырк жылын ушул бөбөктөргө гана арнадым. Дагыле моминтип карысам деле иштеп жүрөмүн. Менин баамдаганым: климаттын чукул өзгөрүүсү ымыркайлардын жана бөбөктөрдүн саламатчылыгына дагы өтө терс кесепетин тийгип жатат. Мындан тышкары көпчүлүгүн адаттагыдай өз ата-энеси карабагандыктан, ар кимдин колунда чоӊоюп, психологиялык жактан дагы кыйла эле өксүп атышат. Булар убагында тое тамак жеп, анан өз маалында  жакшылап эс алышпагандыктан, саламатчылыгы дагыле жайында эмес! Мени абдан өкүндүргөнү: булардын көбүнө эӊ башкысы ата-эне мээрими дээрлик жетишпейт.

Муну Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Үрпаша ТАЖИМАМАТОВА деле танган жок.

-Баары эле ата-эне мээримине зар! Антейин десеӊ, гөр тириликтин айынан жапжаш ата-энелер уул-кыздарын чоӊ ата-энелерине, же таята, таэнелерине аргасыздан таштап, чет өлкөлөрдө айласыздан иштеп жүрүшөт, — деп чырылдады Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Үрпаша ТАЖИМАМАТОВА. – Мурда ар бир айылда педиатрларыбыз иштешчү. А азыр булар дагы жетишсиз. Ошондуктан, биздеги жалгыз педиатр ар бир айылда чачыранды жашашкан 600 баланын баарынын теӊ ден соолугун үзгүлтүксүз көзөмөлдөгөнгө дегеле үлгүрбөйт.

Мындай пикирди Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын улук медайымы Гүлмайрам БАБАЕВА дагы кубаттады.

-Ушундай таӊкыстыкка карабастан, баарына теӊ үлгүрүп иштеп жатабыз. Көбүнчө үйүбүздөгү толгон-токой жумушубузду жыйыштырып, ооруканабыздагы бөбөктөрдүн жана ымыркайлардын саламатчылыгы менен гана алекпиз! — деди Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын улук медайымы Гүлмайрам БАБАЕВА. – Анткени, булар ыйлап, тынбай ооруп турушса, үйүӊө беймарал кеткенге түтпөйт дагы экенсиӊ!

Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын башкы директору жана баш доктуру Насыр ПАЗЫЛОВ Кыргыз мамлекеттик Медицина институтун 1989-жылы аяктаган. Кесиби – анестезиолог-реаниматолог. Ушул тапта буту жерге тийип-тийбей чуркап жүргөн маалы. Анткени, босогодо кыш. Ошого жетекчи өзү 170 тонна көмүрдү белендеп жүрүшүптүр.

-Зарылчылыкка байланыштуу Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын алдында өздүк чарбаны уюштурууга кириштик, — деп агынан жарылды Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын башкы директору жана баш доктуру Насыр ПАЗЫЛОВ. – Мына, кышка карата от казандарыбыз толук даяр. Ички ресурстарыбызды толук пайдаланып, эми ооруканабыздын тышкы келбетин дагы дагы ремонттоп, биротоло оӊдойлу деп жатабыз. Буга үч миллион сом таптык. Тендер жарыяланды. Мындан тышкары палаталарыбызды дагы заман талабына жараша ылайыкташтырып, сыркоолорго эӊ ыӊгайлуу шарттарды жаратып жатабыз. Көп жылдар бою кендирибизди кескен канализация жана жылуулук маселесин дээрлик чечип, акыры бир ыктай нукка салдык.

            Баса, Кара-Суу аймактык балдар ооруканасынын дээрлик 94 пайызы республикалык бюджеттен каржыланат.

-Кара-Суу аймактык балдар ооруканасын үзгүлтүксүз каржылоодо дегеле маселе болушу мүмкүн эмес! – деди аталган оорукананы кыдырган вице-премьер-министр Алтынай ӨМУРБЕКОВА. – Мындагы дарыгерлердин маянасы дайыма көӊүлүбүздүн борборунда турат. Беш жашка чейинки бөбөктөр милдеттүү түрдө акысыз дарыналышат экен. Албетте, кубаттай турган жышаан. Мындан тышкары төрт балалуу айымдарга, Улуу Ата Мекендик жана Ооган согушуна, Чернобыль апаатын четтетүүгө катышкандардын, Баатыр энелердин үй-бүлөлөрүнө айтаарлык жеӊилдиктер дагы каралыптыр. Менимче, бул саамалыкты башка аймактарга дагы жайылтууга тийишпиз!

        

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *