Балдарымды чыгармачылыкка аралаштырган жокмун

90 жылдары таскагы катуу чыгып “Эстейм апа”, “Кыргызымдын жигиттери”, “той ыры” аттуу обондору менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Тургунаалы Нурматов менен баарлаштык.

– Тургунаалы агай алган наамыңыз кут болсун, жалгыз болбой жуп болсун. Деле сиз үчүн наам деген эмне, наамды сөзсүз алыш керекпи, албай деле койсо болобу?

– Рахмат. Наам бул дем-күч, шык экен да. Эми наамды албай деле койсо болот. Наамы жок деле канча залкарлар өттү. Аларды эл эмгектен эскерип унутпай келет. Чыныгы талант, мыкты чыгармалар өлбөс болот. Бирок эмгек учурунда бааланып, убагында сыйлыкка жетсең, сый көрсөң бакыт экен да. Чыгармачылык сулуулук, сүйүү, мактоо менен өсүп-өнүгөт эмеспи. Наам – чыгармачылыктын гүлдөшүнө салым кошкон стимул, сый, кадыр-барк.

– Сиз наам алууга канча убакыттан бери аракет кылып келдиңиз эле?

– Документтеримди даярдап, атайын комиссиянын кароосуна жөнөткөнүмө беш жыл болду. Беш жылдан бери көп эле аракет жасадым. Бирок өзүм күткөн жоопту уга албай келгем. Сааты эми чыкты окшойт. Кудайдын буйругу, Момбеков Рыскелди инимдин жардамы менен ушул күнү наамды алып отурам. Ушуга дашүгүр.

– Беш жылдан бери наам алууга аракет кылып бирок албай келсеңиз, бул жолу аларыңызга ишендиңиз беле?

– Чынын айтсам алар-албасым суроо болчу. Алам деп күткөн эмесмин. Болсо болду, болбосо жок деп эле отургам. Анан эле Рыскелди чалып: «Сиз наам алдыңыз, куттуктайм» деп калды. Кубанганымды айтпа. Бул күндү көпкө күткөн элем.

– Наам чыгармачыл адамдарга стимул болот деп көп айтышат. Сизге ушул наам стимул боло алдыбы?

– Эмгек сиңирген наамды 30 жылдык эмгегимдин арты менен алдым. Кандай гана мактоо сөз, сыйлык болсун чыгармачыл адамдардын көңүлүн көтөрүп, чыгармачылыгынадем берет. Эмгек сиңирген наам мага чоң күч-кубат, дем берди. Акыркы убактарда ден соолуктун айынан чыгармачылыкка көп кайрыла албай калдым. Бирок ушул наамды алгандан кийин жаңы обон жаздым. Менимче, мыкты обон болду окшойт, өзүмө жакты. Жубайыма арнап ыр жазам деп жүргөм, ошол убадамды аткарып ушул чыгарманы жубайыма арнадым.

– Балдарыңыздын арасында сиздин жолду жолдогондору барбы?

– Үч кыз, эки уулдун ата-энесибиз. Улуу балам балалуу болуп, небере жыттап кубанып турабыз. Кичүү уулум Ислам Нурматов 2-класста окуп жатат. Баары турмуштан өз ордун таап, биз ошого кубанып отурабыз. Балдарым чыгармачылыктан алые. Башынан эле каршы чыгып, чыгармачылыкка аралашпай эле койгула деген кеңешимди бергем.

– Сиздин ырларыңызды аткарып аты чыккан ырчылар сизге гонорар төлөшөбү, деле обондоруңузду сатып көрдүңүз беле?

– Кайдагы саткан, 30 жылдык чыгармачылык жолумда бир да жолу ыр сатып көргөн жан эмесмин. Менин ырымды бул ырдады, тигил ырдады деп да айтпайм. Элдин кабыл алуусуна коем. Жакшы ырдаганы элге кабыл алынып, аткара албагандар бара-бара унутта калып кетет. Менин ырларымдын эл ичине ырдалып, тойлордо жаңырып турганына кубанам.

– Сиздин ыр менен элге таанылгандар сизге ыраазычылык айтышабы? Кээде ырчылар авторду айтпай эле, бул ырымды аткарып берейин деп ырдай беришет эмеспи. Ошондой кезде мени автор катары көрсөтпөйт деп нааразы болобойсузбу?

– Ыраазычылык билдирип рахмат айткандары да бар, айтпагандары да бар. Ыраазычылык билдирген жок деп аларга таарынбайм деле. Мейли, ырдай беришсин. Ыр деген ырдалыш үчүн жазылат да. А автордук укук боюнча ырларымдын баарын мыйзамдаштырып койгом. Атымды айткандар айтып, автор катары тааныштырып жатат. Айтпагандарга деле капа эмесмин. Кимдин ыры экенин эл билет. Ырчылар көбүнчө элге сиңген ырларды аткарат эмеспи.

-Биринчи чыгармаңыз кантип жаралып калды эле?

-Бир туугандардын ичинен апама өтө жакыны мен болчумун. Анткени менден мурун төрөлгөн эки эжем чарчап калып, ырымдап атымды Тургуналы койгон экен. Кичинемде көп ооруп, аябай эрке болуп өстүм. Кийин апамдан алыстап, студент болуп пахтада жүргөндө апамды сагынып, кусаланып «Эстейм апа» деген ырды жазгам.

– А сахнага катип чыгып калдыңыз?

– Биз ыраматылык Чубак Сатаев экөөбүз Таластан таанышып калдык. Бири-бирибизди көргөндө эле жылдызыбыз келишип, дос болуп кеттик. Мен Таластагы «Күмүштак» колхозунда маданият үйүн жетектеп калдым. Ал болсо көркөм жетекчи болуп иштечү. Биздин учур, достугубуз баары башкача эле… Кийин мен маданият үйүнөн кеткенден кийин Чубак Сатаев ошол жерге жетекчи болуп иштеп жүрдү. Биз биринчи жолу чоң сахнага Улуттук филармонияда «Беш ыргай» деген сынакта чыкканбыз. Мен иштеп чыккан элдик ыр «Шырылдаң» деген ырды Чубак экөөбүз аткарып баш байгени утуп алганбыз. Ошондогу жеңишке, кубаньлыбызга чек жок болчу. Ошол сынак Чубак экөөбүздүн чыгармачылыктагы тушообузду кесип, чоң сахнага жол ачып берди. Андан кийин көпкө чейин чогуу иштедик. Ал Чубак болду, мен Тургуналы Нурматов болдум, башкача айтканда атыбыз чыгып, эл оозуна алындык. Мамилелер, көз караштарыбыз өзгөрдү, жай отуруп кеңешип өз алдыбызча кеттик. Ошону менен коргон жерден саламыбыз түз болуп жүрүп, 5-6 жылдан соң Чубак Сатаев оорудан улам каза болуп калды. Аттиң, дүйнө узак жашаса, мындан да көп чыгармаларды жаратып элине көп кызмат кьшат беле…

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *