Балдарын эмдөөдөн баш тарткандарга молдолор кеңеш берүүдө

Акыркы жылдары өлкөбүздө балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү түштүк аймагынан. Анкени бул – диний көз караштан келип чыгууда. Алардын басымдуусу жакынкы жылдарда баш кошкондор. Мындай үй-бүлө мүчөлөрү вакцинанын курамында шариятка каршы келген арам кошулмалар болушу мүмкүн деп шек санашууда.

Мындан улам дарыгерлер, диний лидерлер аркылуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракеттер кылууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери диний лидерлер аркылуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эмдөөдөн убагында өтпөй, баш тарткандардын сап башында Ош облусу турат. Мисалы, аймакта акыркы бир жылда 3,5 миңге жакын адам балдарын эмдетүүгө каршы чыккан. Алдыңкы орунда облустун Кара-Суу жана Араван райондору болуп саналат. Мунун айынан Кара-Суу районунда кызамык оорусу кескин өөрчүгөнү айтылууда.

Негизи бул жааттагы абал өлкөнүн башка облустарында да жакшы эмес. Кыргызстан боюнча 2016-жылы 4,5 миң адам эмдөөдөн өткөн жок. 2017-жылы эмдөөгө каршы болгондордун саны 7 миңге жеткен.

Айрым серепчилер эмдөөдөн баш тартууну караңгылык катары сыпатташат. Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалы бар. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек.

Жалпысынан өлкө боюнча калктын 96 пайызы ооруларга каршы вакциналарды алышат. Ал эми көрсөткүч 95 пайызды түзө турган болсо, ошол улутка чоң коркунуч туулаары медициналык изилдөөдө такталганы айтылып жүрөт. Демек, бул көрсөткүч коомубуз алдыга эмес, артка, прогресске эмес, регресске кетип жаткандыгын тастыктап турган жокпу?

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *