“Ата-Мекенчи” депутат Каныбек Иманалиев Атамбаевдин огородуна таш ыргытты

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары “тирилди”. Биринен бири сөз талашып, кимдир бирөөгө көрүнүп калууга жандалбасташып, экс президент  Атамбаевди алдарынын жетишинче «боктоп» калууга өтүштү. Мурда кол куушуруп, тизелери бүгүлүп жүргөн күндөрү эстен чыкты. Өзгөчө Каныбек Иманалиев деген эргул.

Прокурорлордун отчётун уккан жыйында: “Кыргызстандын төрү – бул мамлекеттик резиденция, мамлекеттик аймак. Ошол жерге чет элдик демөөрчүлөрдөн 1 млн. доллар акча алып, үй салганга кимдин акысы бар?» – деп Атамбаевдин огородуна таш ыргытып, тийиштик кылды. Жөн койсо «балтыр бит башка чыгат» деген ушул эмеспи. Кезинде эле Атамбаев «Эркин-Тоо» жана «Учкун» басмаканаларын «кемирген» былыктарын көрмөксөнгө салып койду эле. Эми минтип «адам арыгын сактасаң төбө каңдайт» дегенди көргөзүп отурат. Сооронбай Жээнбеков бул абалга туш болбош үчүн, Иманалиевдин үстүнөн козголуп токтоп калган кылмыш ишине көңүл бурушу кажет. Коррупциялык күрөш текши жүрүш керек. Кайсы бир шылуунга жеңилдик болбошу кажет.

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Азамат says:

    Каныбек Иманалиевге токтоосуз кылмыш иши ачылышы керек. Ал Тарыхый имараттардын катарына киргизилген Киевский/Эркиндикте жайгашкан басмаанын имаратын мыйзамсыз менчиктерштирип, тарыхый имараттардын тизмесинен алдырып, эми аны сатууга киришти. Маалыматтарга караганда ал сата баштады бул имаратты. 1 млн 200 мин долларды чонтогуно салууга жетишти. Имаратты алып калыш керек. Кылмыш ишин бат ачып, махинациялары учун кылмыш жообуна тартыш керек. Балдары Канада, Британияда ошол акчаларга окуп атышат. Жылына 200 мин доллардай толойт экен. Текшертип да корсонор болот…Казынанын акчасын кайтарышы керек.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *