Балыкчынын “сөгөнөк” мэри Алмаз Мамбетовдун таянганы таңкабы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун кыңыр иштери боюнча ММКларга өтө көп материалдар чыгып, нааразычылыктар айтылып келгени көпчүлүктүн эсинде. Бирок, Мамбетов мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун курсташы болгондугуна байланыштуу өз кезегин де жогор жактан эч кандай чара көрүлбөй, былык иштери каралбай келген. Жакындан бери кайра тескери ушатып, элдин кыжырын кайнатып, Балыкчы шаарында жол киреге, таштандыга, шаардагы мекеме-ишканалардын жанаэлдин ичкен суусуна бааны мыйзамсыз көтөргөнү талкуу жаратууда. Президент аймактарды өнүктүрүү жылы деген ураан чакырып жаткан маалда бул эргул тетири кетип, элдин нааразычылыгын жаратып жатканы кандай?

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *