Барманов Токтосун, Кара-Суу районунун экс-акими: “Үн чыгарба, башың кетип калат дешти”

Өзүнчө эгемендүү мамлекет болгондон бери канчалаган майлуу-сүттүү кызматтарда манчыркап иштегендер болду, ак иштегендери болду, так иштегендери болду дегендей. Бүгүнкү биздин маектеш да бир кездери азыркы май талкандуу Кара-Суу районунун акими болуп иштеп, эл оозуна “Кыргыздын Путины” катары кабыл алынган. Эске сала кетсек, чиновниктердин каймана аттары буга чейин “кошелек”, “комбайн”, “тракторист”, “бульдозер” “базарком”, “шоопур” сыяктуу болсо, бул маектешибизди “Кыргыздын Путины” деп аташкан.

-Токтосун мырза, сөздү түз эле Путин аталып калгандан баштасак. Кандайча бул атка татыгансыз?

– Бул атты мага эл берген. Мүмкүн ал киши менен окшоштугубуз бардыр, кылган ишибизден. Ал дагы спорттун чебери, мен дагы эркин күрөш боюнча СССРдин мастеримин. Өзүмдү алып жүргөн жүрүш-турушум, келбетим да окшошуп кетсе керек. Эң негизгиси, мен дагы айткан сөзүмдөн, берген убадамдан кайтпаган адаммын.

– Жакшы экен. Эми сөздөн ишке өтөлү. Кара-Сууда сиз аким болуп турганда райондо жер талаш, атышуулар, шайлоонун шайтан оюндары сыяктуу бир топ ызы-чуулар орун алып турган эле. Жолго салуу оңой болбосо керек?

– Жетекчинин мыкты болуусу, анын кол алдындагы иштеген башка структуралардын жетекчилеринен көз каранды болот. Алар менен кандай мамиле түзсөң, ийгилигиң менен кемчилигиң да ошондой болот. Негизинен мага ошол оор учурда колума кол, бутума бут болуп ошол кездеги райондун УКМК башчысы менен ИИБнин жетекчиси болду. Жогорку жактан да биринчи кезекте коомдук тартип орнотуу маселеси коюлган эле. Анын үстүнө туура ошол убакта Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо, ага удаа эле Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мезгили эле. УКМК башчысы Аким Эшматов менен күнү-түнү байланышып маалыматтарды алып турдум. ИИБ жетекчиси Курсан Асанов ал маалымат боюнча чара колдонуп турду. Кыскасы коомдук тартипти орнотууга бардык күч-аракеттерибизди көрдүк.

– Ошол кезде улуттар арасында аз жерден жаңжал чыгып кете турган болгондо, убагында туура чечим кобыл алып токтотуп калыпсыздар. Ошол боюнча айтып берсеңиз?

– ЖКга шайлоонун экинчи туру болуп бүткөн. Түн бир оокумда ИИБ башчысы Курсан Асанов телефон чалып, каргашалуу окуя жөнүндө кабар берди. Көрсө эки талапкердин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыгып, мушташта бир жигит каза болуптур. Бул каргашалуу окуя улут аралык чырга айланды. Каза болгон жигиттин жердештери Алайдан бери келип, “Канга-кан” деп эч кимибизге сөз бербей, эч кимди укпай чуу чыгарышты. Акимиаттын алдында миңдеген өзбек улутундагылар “Жаңы-Арыкта өзбек менен тажиктерди кырганы жатышат” – деп алар чуу көтөрдү. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кара-Суу шаарында 80 пайыз өзбектер жашайт эмеспи. Иштегениме эки ай боло элек эле. ИИБинин жетекчиси экөөбүз тиги каза болгон кыргыз жигитти жерге берип келип, чогулган элдин алдына чыгып эмне деп айтсак токтойт деп турсак эле, Алайдан келгендер ачык эле өзбек айымдарына кол салууну жарыя кылышып, эркектеринин намысына тийип алдыга басышты. Ошол көз ирмемдер бүгүнкүдөй эсимде. Курсан Сатаровичтин катуу чыккан сөзү элди токтотту. Ал: “Силер эмне бизден да ашып күйүп жатасыңарбы? Ошончолук эле чын эле кечтиликке жан байласаңар мына менин кызматтык пистолетим, толук патрондору менен, кимиңдин атканга духуң жетет, эч кимге доом жок” – деди. Агып келаткандар тык токтоп, бир топко тынчтык өкүм сүрдү. “Бул жерден мен тирүү турганда бириң өтпөйсүң, ар бириңердин өмүрүңөр ушул эле жигиттей мага кымбат турат. Күнөөкөр менин колумда, жазасын алат. Ага мен кепилдик берем” – деп элди токтоткон. Ал жерден чыгып акимиатка келсем эл толо. Курсан экөөбүз кеңешип, чогулган элди ЖКга талапкер Равшан Сабиров менен сүйлөштүрүүнү чечтик. Ал бийликке дооматы жоктугун, элге ыраазы экенин, мындан аркы маселени өзү чечерин айтты эле эл дуу көтөрө бизди кучактап, ыраазычылыктарын билгизишип тарап кетишти. Мындай оор абалда туура чечим кабыл алып, туура кадам таштабасак улут аралык согуш ошондо эле башталмак. Ошондон баштап Курсанды генерал Максимус деп бүгүнкүгө чейин айтып келем.

– Жер талаштар да болду эле. Аягы эмне менен бүттү?

– Ал жер талаш Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 42 гектар жердин чыры. 2005-жылы 42 гектар сугат жер Төлөйкөн айыл өкмөтүнөн Папан айыл өкмөтүнө трансформацияланып берилмек экен. Жыл сайын уруш-талаш чыгып, төлөйкөндүктөр бербей келген. Мен өткөрүп берейин десем, президент баш болуп 90-жылы да эл жер үчүн кырылышкан. “Үн чыгарба, башың кетип калат” дешти. Мен ал маселени көтөрүп туруп алдым. Өкмөттүн токтомун аткара албасам эмнеге аким болуп олтурам, бийлик күчтүүбү же көчөдөгү эл бузарлар күчтүүбү көрөм деп, болбой эле өкмөттүн токтомун ишке ашыргам. Эгерде 2010-жылы күч органдарында мыкты жетекчилер болгондо июнь окуясы болмок эмес. Ошол эле Иномжан Абдрасуловдор биздин көлөкөбүздөн коркуп жүрчү. Кийин эле элдик болуп чыга келишти. Ошол окуяда кара-сууулуктар Отунбаевага кайрылуу жазышыптыр, мени убактылуу аким кылып бериңиздер деп.

-Азырчы акыбал кандай? Аким болсом деген ниетиңиз жокпу?

– Азыр бар десе да барбайм.

– Себеби?

– Себеби азыр кадрды барктоо, баалоо, аны өстүрүү жок. Тескерисинче көрө албастык өкүм сүрүүдө. Дегеним, Токтогул районунда аким болуп туруп Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын өткөргөм. Көчмөндөр оюну да мындай деңгээлде өткөн эмес экендигин Каптагаев өзү айткан. Мына ушундай жогорку деңгээлде өткөрүп жатсам эмгекти баалап грамота да берип коюшпай, тескерисинче “арызыңызды жазып бериңиз” дешти. Ошондон кийин кадрды баалоо жок экенин түпгүндүм. Дагы бир мисал ошол 2010-жылдагы июнь окуясында эл баатырына айланган Курсандын эмгеги бааландыбы? Керек болсо Курсан ошол окуяда түздөн-түз Сооронбай Шариповичтин көзөмөлүндө иш алып барганын эл билет. Ушундай эрдиктер бааланбай жатса каяктан кызматка барасың? Баргың да келбейт.

Тимур Термечиков

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *