Башкалар тандамайынча өзүмдү татыктуумун деп айта албаймын

-Саламатсызбы Алибек мырза?

-Саламатчылык.

-Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат берип өтсөңүз?

Мен, Осмонов Алибек Осмонович 1996-жылы 7-нояб-рда Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында туулуп-өскөм. Нарын шаарындагы В.И.Ленин атындагы №4 мек-тебинде окугам. Азыркы учурда КГАФКиСтин 4-курсунун студентимин.

-Спорт дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?

-Спорт дүйнөсүнө мени ез байкем алып келген. Анткени, буга чейин өзү катышып жүрчү. Бирок, жаракат алып спорт менен машыга албай калган. Мен өзүм спортту Нарын обласында 10 жашымда баштаганмын. Биринчи агайым Мамышев Эламан бизди көп нерсеге үйрөтүп, спорт мектепке тапшырткан.

Ошол кезден тарта спорт дүйнөсүнө кирип баштагам.

-Сиздин алгачкы жеңишиңиз?

-Жаңы интернатка келгенимде Кыргызстан чемпионаты башталган эле. Мен биринчи орунду алып, Азия оюндарына Кыргызстандын атынан барууну максат кылгам. Бирок, жаракат алганыма байла-ныштуу үчүнчү гана орунду ээ-леп калып, өз максатыма жете албай калганмын.

-Ал учур сизде кандай сезимдерди жараткан?

– Буга чейин айткандай Кыргызстан чемпионатында биринчи орунду алууну максат
кылгам. Бирок, ар кандай себептерден улам өз максатыма жеткен эмесмин. Ошондуктан маанайым түшүп калган. –

Эсте калган мелдешиңизди айтып берсеңиз?

-8-класста Россияга барып, Эркин күрөш легендасы-нын үч жолку Олимпиадалык чемпиону Бувайсар Сайтиевдин, Эл аралык турнирине катышып, үчүнчү орунду алгам. Эсте калган мелдеш деп ушуну
аита алам.

-Ислам шериктештик оюндарында күмүш медаль алганыңызды билебиз, бул ийгиликке жетүүдө кандай кыйынчылыктар болду?

-Кыйынчылыктар чынында болгон. Анткени, биз Индиядагы Азия оюндарына катышып, кайра эртеси күнү Кыргызстандан Бакуга Ислам шериктештик оюндарына барганда таразага түшө албай, аба-ырайынын өзгөрүлүшү да таасир берип кыйналганмын. Бирок, кудайга шүгүр, финалга чыгып күмүш медалга жеткем.

-Бул ийгиликке жетишүүңүзгө ким түрткү болду?

-Менин жеңиштериме түрткү болгон, бул биздин агайлар. Негизги машыктыруучубуз Маджинов Руслан, башкы машыктыруучубуз Табаалды уулу Сүймөнкул жана өзүмдүн машыктыруучум Мамышев Рысбек бизге аябай түрткү болушту. Жеңишке жетүүдө машыктыруучуларыбыздын салымы чоң. Анткени, алар биз үчүн күнү-түнү нервтерин коротуп, биз барган жерге үй-бүлөсүн калтырып чогуу барып, биз жеңсек сүйүнүп, утулсак көмөктөш болушту.

Булак: Ачык Саясат

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *